Асанкан Жуманалиев

Википедия дан
Жуманалиев Асанкан

Жуманалиев Асанкан (1947-ж., Талас облусу, Манас району, Арал айылы) — «Манас» айтуучу, эл агартуунун отличниги (1992).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КМУнун филология факультетин бүтүргөн 11972). А. Үсөнбаев атындагы мектепте «Манас» жана Ыйман» сабагын окутуучу мугалим. 1962-жылдан «Манас» айтуучу катары белгилүү. Манасчылыкты айылдык манасчы Кумаш уулу Ынаш манасчыдан үйрөнгөн. Он беш жашынан баштап «Манас» айтып жүрөт.
«Манас», «Семетей» эпосторун толук айтат. Башка манасчылардай эле Жуманалиев да «Манас» айтып калуу өнөрүн кереметтүү туш көрүү менен байланыштырат. Айтуу чеберчилиги Сагымбайга жакын. Улуу манасчы Саякбайдан (1966) жана Сагымбайдын 125 жылдык мааракесине Кытай Эл Республикасынан келген кыргыз манасчы Жусуп Мамайдан (1992) бата алган. Анын айтуучулук өзгөчөлүгү катары — Алмамбет баатырдын кайыптан туулушун, Манастын атайы чөп катары жер тандап Таласты ылайык көрүп калышы, Манас менен бир убакта Айбанбостун туулушун, ошондой эле Манас Алтайдан Таласка көчүп келип, кан шайланганда Аккуланын туулушун көрсөтүүгө болот.

Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Студент жазы» фестивалынын лауреаты, Алматыдагы Бүткүл дүйнөлүк эпос айтуучулардын жеңүүчүсү (1982), Бүткүл дүйнөлүк улуттар аралык элдик эпосту айтуучулардын катышуучусу (Финляндиянын Томпере шаары, 1988), Талас областындагы «Мурас» адабий-фольклордук ансамблдин чыгармачылык тобу менен гастролго барып, ал өлкөдө «Манас» айткан.

Жуманалиев Кыргыз Улуттук ИАнын КФна «Манас» эпосунан «Алмамбеттин окуясын» толук жана «Ажыбек датка», «Нурпери» жана башка поэмаларды жазып өткөргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]