Асыл металлдар

Википедия дан

Асыл металлдар - дат баспаган, жаратылышта сейрек кездешүүчү металлдар. Аларга: алтын Au, күмүш Ag, платина Pt ж-а платина тобундагы (иридий Ir, осмий Os, палладий Pd, родий Rh, рутений Ru) элементтер кирет. Бекемдиги, туруктуулугу - алардын асылдыгынын белгиси. М. В. Ломоносов металлды кенташтан хим. реактивдердин суудагы эритмесин колдонуп, бөлүп алууга негиз салган. Алтын көбүнчө валюталык металл катары, зергер буюмдарын жасоодо ж-а тиш салууда пайдаланылат. Күмүш дагы валюталык металл, бирок алтынга караганда техникада (өткөргүч, электр тиймеги ж. б.) көбүрөөк колдонулат. Платинадан атайын химиялык идиш (платина тигелдери, чөйчөктөр) жасалат. Анткени ал 1200°С температурада да реакцияга кирбейт, салмагын өзгөртпөйт. Платинанын иридий куймасынан килограммдын үлгүсү - эталон жасалган. Аны м-н бардык өлкөлөрдө тараза текшерилет, ошондой эле фотосүрөттө, кинодо, электроникада, радиотехникада кеңири колдонулат.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. Баалуу металлдар рыногундагы божомол Archived 2021-06-10 at the Wayback Machine