Аяна Касымова
Аяна Касымова
| |
Негизги маалымат | |
---|---|
Толук ысымы |
Касымова Аяна Айзаровна |
Туулган датасы | |
Туулган жери | |
Өлкө | |
Кесиптери |
ырчы, аткаруучу |
Жанрлары | |
Активдүү жылдары |
2014 — азыркы учурда |
Кызматташтык | |
Super.kg: ID 1121 |
Касымова Аяна Айзаровна ( 30-март 1998, Бишкек, Кыргызстан) — кыргызстандык ырчы, аткаруучу. Кыргыз тилинде жана англис тилинде ырдайт.
Орусиянын «Артист» долбоорунан[1] кийин жылдызы жанган жаш ырчы, интернет айдыңында «Сүрөтүңө» атту ыры менен таанылган.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аяна 1999-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында төрөлгөн. Кичинекей кезинде Селин Диондун, Уитни Хьюстондун ырларын угуп, 3-4 жашынан эле ырдап баштаган. Жаштайынан "Ак шоола" балдар хорунда ырдаган. Биринчи сахнага 6 жашында чыгып, тушоосун кескен.[2]
Карьеранын башаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сентябрь, 2014 - Орусиялык "Артист" сынагына катышкан. «Unchained melody» ырына (муз. А. Нортон жана Х. Зарет) калыстар тобундагы Лолита Милявскаядан башкасынын баары добуш берип, телеберүүчүлөрдүн добуштарын кошкондо 80% көрсөткүч менен кийинки турга өткөн. Ал эми кийинки турда «When I was your man» ыры менен (A. Wyatt / A. Levine / B. Mars / P. Lawrence) калыстардын бардыгы жана көрүүчүлөрдүн добуштарын кошкондо, 83% добуш алган. Бул сынактан андан ары жолду улантууга тилекке каршы болгон эмес, бирок калыстардын чечими менен финалга чыккан. Жыйынтыгында 7-орунду камсыздаган.[3]
2015 - Орусия сынагынын финалчысы, Аяна Жолдошбек Мамажановдун "Сүрөтүңө" аттуу ырын жаңылатып ырдаган видеосу кыргыз интернет колдонуучуларынын арасында хит болуп, элге тарап кеткен. YouТube сайтында Аянанын аткаруусунда баш аягы менен 6 ыр саналат. Анын ар бири 200-300 миң көрүү көрсөткүчүнөн ашкан.
Айым Айылчиева менен бирге Жолдубай Кайыповдун "Ата-эне" аттуу ыры видеоклибинде жазылгандай, Кыргызстандын бардык ата-энелерине арналат. Бул ырды эл жакшы кабыл алып, өлкөнүн бир нече радио чарттарында алдыңкы орунду ээлеген.[4]
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атасы — Айзар Касымов, ырчынын продюсери, Улуттук Консерваторияны бүткөн. "Аура" аттуу джаз группасынын солисти. Апасы — Аида Токтосунова, "Камбаркан" фольклордук ансамблинде иштейт.[5] Жана дагы иниси бар
Дискографиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2015 - Сүрөтүңө
- 2015 - Атам менен энем (Айым Айылчиева менен)
- 2015 - Price tag (англ.) (Айым Айылчиева менен)
- 2015 - Адамзат
- 2016 - Энеме
- 2016 - Бир адам (Баястан менен)
- 2016 - Чагылган
- 2016 - Ардагым
- 2017 - Ажар
Видеографиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жылы | Аталышы | Клипмейкери |
---|---|---|
2015 | «Атам менен энеме» | |
2015 | «Адамзат» | Mediastar |
2016 | «Энеме» | |
2016 | «Чагылган» | |
2017 | «Ажар» | |
2017 | «Аманат» |
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сыйлыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бишкек шаарынын мыкты атуулу Ардак Баракчасы
Эскертмелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2015. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2015.
- ↑ http://ru.sputnik.kg/society/20150512/1015469691.html
- ↑ https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D1%80%D1%82%D0%B8%D1%81%D1%82_(%D1%82%D0%B5%D0%BB%D0%B5%D1%88%D0%BE%D1%83)#cite_ref-1
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 19 -январь (үчтүн айы) 2016. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 19 -январь (үчтүн айы) 2016.
- ↑ http://www.vokrug.tv/person/show/Ayana_Kasymova/