Мазмунга өтүү

Байсалов Эдиль Жолдубаевич

Википедия дан
Байсалов Эдиль
Байсалов Эдиль
Желек
Желек
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин вице-премьер-министри
желек
желек
 2021
Президент: Садыр Жапаров
Желек
Желек
Улуу Британиядагы элчиси
желек
желек
2018 — 2021
Желек
Желек
Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу
август, 2012 — сентябрь, 2012
 
Жарандыгы: Кыргызстан
Дини: ислам
Партиясы: партиясы жок
Билими: БААУ (2000)
КУУ (2004)
Кесиби: саясатчы

Байсалов Эдиль Жолдубаевич (6 август 1977-жыл; Фрунзе, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык мамлекеттик ишмер жана дипломат. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары[1][2].

1977-жылдын 6-августунда Фрунзе шаарында туулган.

1995—1996-жылдары — Улуттук олимпиада комитетинин президентинин жардамчысы.

1996—1997-жылдары — Товар өндүрүүчүлөрдүн улуттук ассоциациясы, эл аралык департаменти.

1997—1999-жылдары — швейцариялык Weitnauer компаниясынын өкүлү.

1999—2001-жылдары — «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын аткаруучу директорунун орун басары.

2001—2002-жылдары — Кыргызстандын юристтеринин ассоциациясынын аткаруучу директору.

2002—2006-жылдары — «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти.

2007—2008-жылдары — Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жооптуу катчысы.

2010-жылдын апрель-майы — Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси.

2011—2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары.

2012—2018-жылдары — өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлор боюнча консультант.

2019—2021-жылдары — Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2021-жылдын 13-октябрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары[3].