Бакы Өмүралиев

Википедия дан
Бакы Өмүралиев
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Бакы Өмүралиев
Туулган жылы: 1932-жыл
Өлгөн жылы: 2003-жыл
Туулган жери: Жаны-Арык айылы, Жумгал району, Кыргызстан
Өлгөн жери: Бишкек шаары,Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: драматург, театр артисти, киноактер
Наамдары:

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер

Бакы Өмүралиевдраматург, театр артисти, киноактер Кыргыз Республикасынын адабиятына жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакы Өмүралиев Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылында 1932-жылы 1-январда туулган.

Ата-энесинен эрте ажырап, 1941-жылдан 1949-жылга чейин Чаектеги балдар үйүндө тарбияланган. 1951-жылы Чаек орто мектебин аяктаган. 1955-жылы Ташкент шаарындагы А.Островский атындагы театр өнөрү институтун бүтүргөн. Ал эми 1973–1975-жылдардын ичинде чейин Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.

1955–1973-жж. чейин Б.Өмүралиев Кыргыз академиялуу драма театрында актер, 1975–1984-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы жана адабий кеңешчиси болуп, 1986-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин системасында эмгектенген.

Б.Өмүралиев адабий чыгармачылык менен 1960-жылдан баштап алектене баштаган. Ал «Ата сөзү – ар намыс», “Унутулгус күндөр», «Мен билем, тоолор билет», «Жаңырык», «Жолчубектин көпүрөсү» ж.б. пьесаларды жараткан жана аларды «Жаңырык» аттуу тандалма пьесалардын жыйнагына киргизип басып чыгарган.
Б.Өмүралиев кийинки жылдары Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча балдар үчүн «Найман эне», «Бугу эне» деген пьесаларды жаратып, аларды көрүүчүлөр жылуу кабыл алган. «Найман эне» пьесасы 1996-жылы I7 өлкө катышкан Ташкент фестивалында башкы сыйлык Гран-Прини жеңип алган.

«Мансуровдун үй-бүлөсү» пьесасы Советтик драматургиянын үлгүсү катары Москвада басылып чыккан бир томдукка кирген.

Анын «Мен билем, тоолор билет» аттуу драмасы орус, украин тилдеринде жарык көргөн. Б.Өмүралиевдин калемине Кыргыз мамлекеттик искусствосунун өсүшүндөгү көйгөйлөргө, кыргыз театрынын жана кино искусствосунун көрүнүктүү ишмерлеринин чыгармачылыктарына арналган бир катар публицистикалык макалалар таандык.

1971-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1982-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү.

Пьесалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ата сөзү – ар намыс
Унутулгус күндөр
Мен билем, тоолор билет
Жаңырык
Жолчубектин көпүрөсү
Шаа мүйүзү менен
Биринчи келгин
Эсирген ата – эрксиз кыз
Ырайымсыз ынтымак
Найман эне

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде
Жаңырык: Драмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 132 б.
Мен билем, тоолор билет: Драмалар.  Ф.: Кыргызстан, 1982.  192 б.
Пьесалар. - Ф.: Кыргызстан, 1984, - 350 б.
Орус тилинде
Знаю я, знают горы: Драма.  М.: ВУОАП, 1971.  60 с.
Башка элдердин тилдеринде
Знаю я, знают горы: Драма.  Киев: 1972.  78 с.  укр.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы
  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы
  • Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу. Энциклопедия. Бишкек, 1995.
  • Ж.Кулмамбетов Театр дүйнөсүндө: Шык ажары. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 168 б.