Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолу
Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолу — Кыргызстандын Балыкчы шаарын, Кочкор айылын жана Каракече күрөң көмүр кенин байланыштырмакчы 186 километрлик курулуп жаткан темир жол. Ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан багыты боюнча болжолдонгон темир жол менен байланыштырып өлкөнүн бирдиктүү темир жол тармагын түзүү пландалууда.
Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон учурда жаш республиканын темир жол тармагы СССРден мураска калган ички байланышы жок бир нече участкалардан турган. Кыргызстандын түндүк шаарларын Түштүк Казакстан менен байланыштырган Балыкчы ― Бишкек ― Чалдовар бөлүгү. Кыргызстандын түштүгүн Фергана өрөөнүндөгү өзбек шаарлары менен байланыштырган бөлүктөрү:
- Кызыл-Кыя ― Фергана;
- Кара-Суу ― Ош;
- Көк-Жаңгак ― Жалал-Абад ― Ханабад;
- Таш-Көмүр ― Үчкурган .
1994-жылы тармактын бытырандылыгын жоюу максатында Балыкчы ― Кочкор ― Жалал-Абад транскыргыз темир жол долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынган. 1998-жылы башталган курулуш көп өтпөй токтотулган[1]. Долбоор 2000-жылы жабылып, бүтпөгөн бекеттер жана темир жолго кырдалган атайын топурак дөңсөөлөрү гана калган.
2022-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тарабынан темир жолдун курулушу башталган.
Маршрут[түзөтүү | булагын түзөтүү]
«Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» каттамынын пландалган узундугу 186 чакырымды түзөт. Биринчи этапта Балыкчы ― Кочкор темир жолунун узундугу 63 км участогун куруу пландаштырылууда. Кийинки этапта Кара-Кече көмүр кенине темир жол тартылат. 2022-жылы пландалган 5 км темир жолдун курулушу аяктаса, 2023-жылы 15 кмден ашык темир жолдун курулушун бүтүрүү пландалууда[2]. Темир жолдун толук бүткөрүлүшү жана ишке киргизилиши 2030-жылга чейин күтүлүүдө .
Техникалык мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Темир жолду курууда Орусияда жасалган рельстер жана Кыргызстанда жасалган шпалдар колдонулат. Колдонулган үстүңкү конструкция орто типте, рельс P65, шпалдары темир-бетон, балласты — жолго төшөлчү майда таштан жасалган, звенолук муундун узундугу 25 метр, үстүңкү конструкциянын долбоору — стандарттуу. «Фосла» тибиндеги аралык бекитүү да колдонулат[3].
Экономикалык мүнөздөмөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Курулуш кошумча инвестицияларды тартпастан «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин эсебинен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жол курулушту тез бүтүрүү үчүн насыя алынуусу да каралып жатат[4].
Курулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Курулуш иштери 2022-жылдын 31-мартында башталган. 2023-жылдын март айында 5,9 чакырым жолдун төшөгү курулуп, 5 чакырым жолдун үстүнөн төшөө иштери аяктаган. Ошол эле учурда жолдун 5,1ден 5,9га чейинки төмөнкү конструкциясын куруу, майдаланган таштарды толтуруу, 7,2ден 8,4 чакырымга чейин жер казуу иштери улантылууда. 2023-жылга чейин 15 же андан көп км трассаларды куруу пландалууда[5]. Жолдун төмөнкү конструкциясын орнотуу боюнча жер казуу иштерине атайын техниканын 20 бирдиги жана 30 жумушчу тартылган, рельстерди жана шпалдарды төшөөдө 100 жолчу жана атайын техниканын 30 бирдиги тартылат[6].
Курулуштагы татаал жерлердин бири — Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу казуу иштерин жүргүзүү. Казылган жердин узундугу 600 метрдей, тереңдиги 16—17 метр, жантайыңкы бийиктиги 70 метр[7].
Казуу учурунда биздин заманга чейинки III кылымга таандык дөбөлөр табылып, учурда археологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат[7].
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- ↑ Указ Президента КР от 13 января 1998 года УП №3 "Об организационных вопросах строительства магистральных железных дорог в Кыргызской Республике"(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2020.
- ↑ Строительство жд «Балыкчы-Кочкор» идет полным ходом(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023.
- ↑ Стройка века: в Кыргызстане начали вести новую железнодорожную линию(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023.
- ↑ Железная дорога Балыкчи — Кочкор — Кара-Кече. Работы завершат до 2030 года(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023. Түп булактан архивделген күнү 4 -июль (теке) 2023.
- ↑ Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 апреля, ознакомился с ходом строительства ряда социально-экономических проектов в Иссык-Кульской области(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023. Түп булактан архивделген күнү 4 -июль (теке) 2023.
- ↑ Строительство жд «Балыкчы-Кочкор» идет полным ходом(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2023. Түп булактан архивделген күнү 4 -июль (теке) 2023.
- ↑ 7.0 7.1 Железная дорога "Балыкчы-Кочкор": работы 2022 года завершены на 70%(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 5 -июль (теке) 2023. Түп булактан архивделген күнү 5 -июль (теке) 2023.