Баяман Эркинбаев

Википедия дан
Эркинбаев Баяман Гаусович
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995,2000, 2005)
желек
желек
 
Жарандыгы:  Кыргызстан
Дини: Ислам
Туулган жылы: 17 -март 1967(1967-03-17)
Туулган жери: Сузак району Кара - Дарыя Кыргызстан, СССР
Каза болгон жылы: 27 -сентябрь 2005(2005-09-27) (38 жаш)
Каза болгон жери: Бишкек
Ишмердүүлүгү: "Алыш" эл арлык күрөш федарациясынын негиздөөчүсү,"Палван" кайрымдуулук фондунун Президенти

Эркинбаев Баяман Гаусович (17 март 1967 — 27 сентябрь 2005) — КРнын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" эл арлык күрөш федарациясынын негиздөөчүсү,"Палван" кайрымдуулук фондунун Президенти, белгилүү спорт чебери (1967-2006).

КРнын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты,көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" эл арлык күрөш федарациясынын негиздөөчүсү,"Палван" кайрымдуулук фондунун Президенти, белгилүү спорт чебери Баяман Эркинбаев 1967-жылы Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган.

Айылдык орто мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кырызстандын жана Орто-Азиянын 15 жолку чемпиону,СССР спортунун мастери, Эл аралык денгээлдеги машыктыруучу, ырааматылык Ибрагим Узаковдун (Тапанча балбан) колунда машыгып Кыргызстандын, Фергана өрөөнүнүн чемпиондугун багындырган. Мектепти аяктагандан кийин Ташкен шаарында токой-чарба институтуна тапшырып, аяктаган соң мамлекеттик жана жеке менчик ишканаларда жөнөкөй камсыздоочудан башкы директордук кызматтарга чейин эмгектенген. Бир нече менчик ишканаларды ачып, миңдеген адамдарды иш менен камсыздап жана кайрымдуулук иш аракеттерин жүргүзүп ишкердик менен ийгиликтүү шугулданган. Кыргыздын алыш күрөшүн дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү үчүн бир нече жолу Азия өлкөлөрүнүн ортосунда мелдештерди уюштуруп, спортчуларыбызга тынымсыз демөөрчүлүк кылып келген.КРнын Жогорку Кеңешинин 1995,2000, 2005-жылдардагы чакырылышынын депутаты болуп шайланып, шайлоочуларынын ишенимин артыруу менен турмуш-тиричилик маселерин жакшыруусу үчүн чон иштерди аткарган. Депуттардын тобу менен Эгемендуулуктун калыптануу мезгилинде көптөгөн маанилүү мийзамдарды кабыл алынуусуна демилгечи болгон.

2005-жылдагы А.А.Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы чыккан Элдик Ынкылабда элди баштоо менен Кыргызстандын түштүк аймактарында талап-тоноочулукту, мамлекеттик мекемелерди талкалоолорду токтотуу менен эл оозунда "Элдик Баатыр" наамын алган. Ошого карабастан жаңы бийлик менен көз карашы дал келбестен мыкачылык менен 2006-жылы саясий буйрутмачылар тарабынан өз үйүнүн алдында атылган. Б.Эркинбаев белгилүү спортчу, ишкер, мыкты депутат жана жүрөгү кыргыз, Кыргыз мамлекети деп соккон мекенчил атуул катары шейит болуп, сөөгү Бишкектеги (шаар) "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.


Колдонулган адабият:

  • Жалал-Абад обл.энцклопедиясы
  • Мырзаев.М. Баямандын бактысы, Тапанчанын таланты. Ош.,1997
  • Сузак районунун тарыхы. Бишкек.,1999.