Бейөкмөт уюм

Википедия дан

Бейөкмөт уюм — мамлекеттик мекемелерден көз карандысыз жеке жактар же коомдук (коммерциялык эмес) уюмдар тарабынан түзүлгөн уюм.

Бүгүнкү күндө колдонулган термин биринчи жолу 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун жаңыдан түзүлгөн Уставынын 71-беренесинде киргизилген[1]. Бейөкмөт уюмдардын туруктуу же расмий аныктамасы жок, алар жалпысынан өкмөттүн таасиринен көз карандысыз коммерциялык эмес уюмдар катары аныкталат, бирок алар мамлекеттик каржылоону ала алышат[1]. Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн ассамблеяларында жана айрым жыйындарында бейөкмөт уюмдарга байкоочу статусун берген. БУУнун маалыматы боюнча, бейөкмөт уюм – бул жөн гана оппозициялык саясий партия эмес, бул өкмөттүн көзөмөлүнөн көз карандысыз, жеке, коммерциялык эмес уюм[2]. БУУ өзүнүн ассамблеяларында жана айрым жыйындарында бейөкмөт уюмдарга байкоочу статусун берген.

Эл аралык бейөкмөт уюм 1950-жылдын 27-февралында Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ECOSOC) 288 (X) резолюциясында “эл аралык келишим тарабынан түзүлбөгөн эл аралык уюм” катары аныкталган.

БУУнун Глобалдык коммуникациялар департаментинин маалыматы боюнча, бейөкмөт уюм "коомдук жыргалчылыкты колдоо боюнча маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү, улуттук же эл аралык деңгээлде уюшулган, коммерциялык эмес, ыктыярдуу жарандар тобу"[3]. Көп учурда "бейөкмөт уюм" термини ыраатсыз колдонулат жана жарандар тарабынан негизделген жарандык коом уюмунун синоними катары колдонулат[4]. Кээ бир өлкөлөрдө бейөкмөт уюмдар коммерциялык эмес уюмдар катары белгилүү, кээде саясий партиялар менен профсоюздар да бейөкмөт уюмдар катары каралат[5].

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бейөкмөт уюмдар өздөрүнүн мүчөлөрүнүн (же уюштуруучулардын) социалдык максаттарын алдыга жылдырышат: жаратылыш чөйрөсүн жакшыртуу, адам укуктарын илгерилетүү, начар жашаган адамдардын жыргалчылыгын жогорулатуу ж.б. ар кандай маселелерди камтыйт[6].

Бейөкмөт уюмдар:

  1. уюмдун жүргүзгөн иш-аракеттердин түрү боюнча — адам укуктарын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону, экологияны, ден соолукту же өнүгүүнү камтыган иш-аракеттер сыяктуу; жана
  2. уюмдун ишинин масштабын көрсөткөн деңгээли боюнча —жергиликтүү, аймактык, улуттук же эл аралык болуп классификацияланат[5].

Багыттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кайрымдуулук - көбүнчө бенефициарлардын катышуусу же салымы абдан аз болгон, жогорудан ылдыйга багытталган аракет. Аз камсыз болгон адамдардын жана топтордун муктаждыктарын канааттандырууга иштеген уюмдар кирет.
  • Кызмат көрсөтүү — саламаттыкты сактоону (анын ичинде үй-бүлөнү пландаштырууну) жана билим берүүнү камсыз кылган бейөкмөт уюмдарды камтыйт.
  • Катышуучу - акча, шаймандар, жер, материалдар же жумушчу күчү түрүндөгү жергиликтүү катышуу менен өз алдынча жардам көрсөтүү долбоорлору.
  • Күчтөндүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү — жакыр адамдарга алардын жашоосуна таасир этүүчү социалдык, саясий жана экономикалык факторлорду түшүнүүгө жардам берүү жана алардын жашоосун көзөмөлдөөгө болгон күчү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатын көздөйт. Бенефициарлардын максималдуу катышуусу менен ишке ашырылат, бейөкмөт уюмдар фасилитатор ролун гана аткарышат[6].

Деңгээлдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Greenpeace[en] 55тен ашык өлкөдө 26 көз карандысыз улуттук/аймактык уюмдарды, ошондой эле координациялоочу органды камтыйт.

Жамааттык уюмдар — жамааттын социалдык саламаттыгын, жыргалчылыгын жана иштешин жакшыртууга багытталган уюм. Жамаат географиялык, социалдык, маданий, руханий санариптик ж.б. өзгөчөлүктөргө таянып негизделет. Жамааттык уюмдар жеке адамдардын жашоосуна таасирин тийгизген ар кандай маселелерди (экономикалык, социалдык, маданий, экологиялык же саясий) көзөмөлгө алууга үндөгөн механизм.

Шаардык уюмдар — соода-өнөр жай палаталарын, бизнестин коалицияларын, этникалык же билим берүү топторун жана жамааттык уюмдарды камтыйт.

Улуттук деңгээлде уюмдар — бир гана өлкө ичинде иш алып барган уюм, мисалы кесиптик бирикмелер.

Эл аралык бейөкмөт уюмдар — эл аралык деңгээлде иш алып барган ири уюмдар, жергиликтүү бейөкмөт уюмдарды жана мекемелерди каржылап, долбоорлорду ишке ашыра алышат.

Иш-чаралары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бейөкмөт уюмдар жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен же башка кыйынчылыктарга дуушар болгон адамдардын жашоосун жакшыртууда маанилүү роль ойнойт. Алар муктаж болгондорго керектүү нерселерди жана кызматтарды көрсөтүү үчүн аткаруучулар, катализаторлор жана өнөктөштөр катары чыга алышат, жардамдын убагында жана натыйжалуу жеткирилишин камсыз кылуу үчүн финансылык жана адамдык ресурстарды мобилизациялоо үчүн иштешет.

Бейөкмөт уюмдар ошондой эле муктаж болгон жамааттарга пайда алып келген саясаттарды жактапп, өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдө маанилүү ролду ойношот. Алар көбүнчө биргелешкен мамилени талап кылган татаал маселелерди чечүү үчүн башка уюмдар, анын ичинде мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктө иштешет.

Бейөкмөт уюмдардын негизги күчтүү жактарынын бири - бул алардын жер-жерлерде иштөө жана жамааттар менен түз байланышуу жөндөмдүүлүгү. Бул аларга адамдардын алдында турган маселелерди терең түшүнүүгө жана ар бир жамааттын өзгөчө муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өз кызматтарын ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет.

Бүткүл дүйнөлүк банк бейөкмөт уюмдардын ишин эки жалпы категорияга бөлөт:[7]

  • операциялык - өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • адвокациялык - белгилүү бир себепти коргоо же илгерилетүү жана өкмөттөрдүн же эл аралык өкмөттүк уюмдардын саясатына жана практикаларына таасир этүү[8].

Юридикалык макам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жергиликтүү мыйзамдардар жөнгө салса дагы, дүйнө жүзү боюнча төрт негизги топту атаса болот:

  • Корпоративдик эмес жана ыктыярдуу бирикме;
  • Трасттар, кайрымдуулук уюмдары жана фонддор;
  • Коммерциялык эмес компаниялар жана кооперативдер;
  • Атайын бейөкмөт уюмдардын же коммерциялык эмес мыйзамдардын алкагында түзүлгөн уюмдар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 What is an NGO? What role does it play in civil society? | Knowledge base (en-US).
  2. "United Nations: Definitions and Terms" Текшерилген күн: 16.04.2023.
  3. NGOs, the UN and APA.
  4. "Non-Governmental Organizations (NGOs) in the United States" (fact sheet). 20 January 2017. Bureau of Democracy, Human Rights, and Labor. U.S. Department of State. state.gov. Retrieved 21 September 2017.
  5. 5.0 5.1 Vakil, Anna (1997). "Confronting the classification problem: Toward a taxonomy of NGOs". World Development. 25 (12): 2057–2070. doi:10.1016/S0305-750X(97)00098-3.
  6. 6.0 6.1 Lawry, Lynn (2009). Guide to Nongovernmental Organizations for the Military (англ.) pp. 29–30. Текшерилген күн: 16.04.2023.
  7. World Bank, Operations Policy Department. "Working with NGOs" Page 14. Текшерилген күн: 17.04.2023.
  8. Willetts, Peter. "What is a Non-Governmental Organization?". UNESCO Encyclopaedia of Life Support Systems. City University London. Текшерилген күн: 17.04.2023.