Бернардо О'Хиггинс

Википедия дан
Бернардо О'Хиггинс Рикелме
исп. Bernardo O'Higgins Riquelme
Бернардо О'Хиггинс Рикелме
Желек
Желек
Чилинин Жогорку башкаруучусу
желек
желек
17-февраль 1817 — 27-январь 1823
Андан мурунку: Хосе Мигел Каррера
Андан кийинки: Рамон Фрейре
 
Туулган жылы: 1778 жыл(1778)
Каза болгон жылы: 1842 жыл(1842)
Атасы: Амбросио О'Хиггинс
Балдары: 2
 
Автограф: Кол тамгасы

Бернардо О'Хиггинс Рикелме (исп. Bernardo O'Higgins Riquelme; 20-август 1778-жыл24-октябрь 1842-жыл) — Чилинин саясий, коомдук жана мамлекеттик ишмери, улуттук баатыры, Түштүк Америкадагы испан колонияларынын көз карандысыздыгы үчүн күрөштүн лидери, Чилинин Жогорку башкаруучусу (17-февраль 1817-жыл27-январь 1823-жыл).[1]

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бернардо Рикелме О'Хиггинс 1778-жылы 20-августта Чилинин генерал-капитаны жана Перунун вице-королу А.О'Хиггинстин мыйзамсыз уулу болуп төрөлгөн. Перуда, Испанияда жана Улуу Британияда билим алган. 1802-жылы ал мекенине кайтып келген. 1811-жылы Улуттук конгресске мүчө болуп, ошол эле учурда Х.М.Карреранын революциячыл өкмөттүк хунтасына кирген. Дыйкан отрядын түзүп, өкмөттүк аскерлерге каршы чыккан. 1813—1814-жылдары патриоттордун аскерлеринин командачысы болгон. 1814-жылы Ранкагуа салгылашында жеңилгенден кийин Аргентинанын аймагына чегинген.

1817-жылдын 17-февралынан 1823-жылдын 29-январына чейин Чилинин Жогорку башкаруучусу болуп, 1818-жылдын 1-январында Чилинин көз карандысыздыгы жөнүндө Декларацияга кол койгон. О'Хиггинс ошондой эле бир катар прогрессивдүү реформаларды ишке ашырган, атап айтканда, колониялык салыктарды жокко чыгарган, мамлекеттик башталгыч мектептерди негиздеген. Ал өзүнүн башкаруусунун аягында виртуалдык диктатураны орноткон. 1823-жылы январь айында оппозициянын кысымы астында кызматын таштап, эмиграцияга кетүүгө аргасыз болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]