Билим берүүнүн философиясы

Википедия дан

Билим берүүнүн философиясы – билим берүүнүн жалпы теориялык көз караштык көйгөйлөрү, системалуу негизи жөнүндөгү философиянын бир бөлүмү.

Билим берүүнүн философиясы коомдогу көп пландуу билим ишмердигинин түпкү маңыз максатын, стратегиялык, концептуалдык жана башкы рухий-дөөлөттүк багыттарын аныктайт. Билим берүүнүн философиясы билим берүү саясатын туура негиздүү жана перспективдүү нукка салууга, билим берүүнүн мазмундук-процессуалдык жагын туура өңүттө натыйжалуу иштеп чыгууга, педагогикалык практикага жана анын перспективасына теориялык-методологиялык пайдубал, туура илимий компас болуп берет. Кыргызстандын Билим берүүнүн философиясы негизинен Кыргыз Республикасынын Билим берүү доктринасында чагылдырылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,