Болот пакты

Википедия дан

Болот пактынацисттик Германия менен Италиянын ачык антисоветтик мүнөздөгү агрессиячыл согуштук-саясий эл аралык келишим.

нацисттик Германия менен фашисттик Италиянын Болот пакты түзүлүү учурунда

Өз ара сая­сий жана согуш жагынан кызматташуу жөнүндө түзүлгөн. 22-майда Берлинде тышкы иштер министрлери 10 жылдык мөөнөткө кол койгон.

Болот пакты Берлин-Рим огун түзүү жөнүндөгү келишимдин уландысы болгон. Пакт боюнча тараптардын бири бир же бир нече держава менен согушуп калса, экинчиси аны бардык куралдуу күчү менен токтоосуз колдоого, өз ара макулдашпай туруп башкалар менен келишим түзбөөгө милдеттенишкен. Болот пакты Экинчи дүйнөлүк согушту согуштук-дипломатиялык жактан даярдоодо маанилүү этап болгон. 1940-жылдын июнунда Италия гитлерчил Германия тарабында согушка кирген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.