Борбордук Азия университети

Википедия дан
Борбордук Азия Университети‎»‎ барагынан багытталды)
Борбордук Азия университети
(UCA)
Расмий аталышы

Борбордук Азия университети

Эл аралык аталышы

University of Central Asia

Негизделген жылы

2000 жыл

Түрү

Жеке, коммерциялык эмес, изилдөө университети

Президенти

Шамш Кассим-Лакха

Илимий жетекчиси

Максим Хомяков

Студенттери

346 (2021)

Жайгашкан жери

 Кыргызстан
 Казакстан
 Тажикстан

Юридикалык дареги

720001, Кыргызстан, Бишкек шаары, Токтогул көч. 125/1

Сайты

www.ucentralasia.org

Логотиби

Борбордук Азия университети (БАУ) — Борбордук Азиядагы жеке жогорку окуу жайы. Аталган университет эл аралык хартия аркылуу Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын өкмөттөрү тарабынан өнүктүрүү боюнча Ага Хан Өнүктүрүү Уюму менен өнөктөштүктө[1] 2000-жылы негизделген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы кампус 2016-жылы Кыргызстандын Нарын шаарында курулган жана пайдаланууга берилген. 2017-жылы экинчи кампус Тажикстандын Хорог шаарында ачылган Казакстандын Текели шаарындагы кампусу азыркы учурда долбоорлоо баскычында турат[2][3].

Бакалавриат программасынын алгачкы бүтүрүү аземи 2021-жылы 19-июнда өттү.

Университетте 3 академиялык бөлүм бар: кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби, гуманитардык жана так илимдер мектеби, жогорку өнүктүрүү мектеби.

Бөлүмдөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Университетте үч академиялык бөлүм иш алып барат:

  • Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү
  • Гуманитардык жана так илимдер
  • Жогорку өнүктүрүү Мектеби. Ал өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
    • Мамлекеттик саясат жана башкаруу институту
    • Тоолуу аймактардагы коомчулуктарды изилдөө институту
    • Гуманитардык илимдер жана маданий мурастар бөлүмү
    • «Жарандык коом демилгеси» программасы
    • «Адам таануу» Ага Хан долбоору

Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби 2011-жылы өз ишин баштаган[4]. Аталган Мектепте 60 программа жана курстар Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Ооганстандагы 17 окутуу борборунда жүргүзүлөт. Мектептеги окутуу жана кайра даярдоодон 172 000 ден ашык киши өткөн. Рокки-Колледжинин (Канада) эл аралык билим берүү боюнча Канадалык бюросу жана Жогорку экономика Мектебинин (Москва) билим берүү институту тарабынан өткөрүлгөн көз карандысыз баалоо аталган Мектептин программаларынын жогорку канааттандырарлык деңгээлин көрсөттү.

Бишкек шаарындагы Борбордук Азия университетинин өкүлчүлүгү

Гуманитардык жана так илимдер мектеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БАУнун 5 жылдык бакалавриат программасы бар, Анын ичинде 1 жылдык даярдоо программасында дисциплина аралык курстар, гуманитардык илимдер жана пререквизиттик курстар да камтылган. Биринчи даярдоо курсунан кийин студенттер 6 адистиктин бирөөнү тандап алып окуй алышат[5]. Бул программа ошондой эле милдеттүү түрдөгү кооперативдик билим берүү программасын камтуу менен анын алкагында студенттер акы төлөнө турган стажировкадан өтүшөт.[6] Студенттерди окутуу кайсы адистикти тандап алганына жараша кампуста жүргүзүлөт. Программаны аяктаган соң студенттер гуманитардык илимдер боюнча бакалавр жана так илимдер боюнча бакалавр даражаларына ээ болушат.

Гуманитардык жана так илимдер Мектеби бакалавриат программасынын алкагында төмөнкү багыттар боюнча окутат:

Нарын шаарындагы кампусу «Компьютердик илимдер» «Байланыш жана массалык маалымат каражаттары»
Хорог шаарындагы кампусу «Жер жана айлана-чөйрө илимдери» «Экономика»
Текели шаарындагы кампусу «Инженердик-техникалык илимдер» «Бизнес жана башкаруу»

Өнүгүү жогорку Мектеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку өнүктүрүү Мектебинде 5 бөлүм бар жана аларда кызматкерлер саясий жана социалдык-экономикалык темаларга арналган изилдөөлөр мененен алектенип, ошондой эле изилдөө эмгектерин туруктуу негизде жарыялап турушат.

Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту 2011-жылы негизделген. Институт эркин колдонууга жеткиликтүү болгон изилдөө эмгектерин жарыялоо менен, саясий жана социалдык-экономикалык кубулуштарга талдоо жүргүзөт[7]. Жарык көргөн эмгектердин катарына «Мамлекеттик жана экономикалык саясатта, башкарууда жана соода-сатыкта колдонула турган англисче-орусча түшүнүктөр менен терминдердин глоссарийи» деген эмгек да кирет[8]. 2018-жылдан 2020-жылга чейин аталган Институт Борбор Азия өлкөлөрү жана Ооганстандагы  мамлекеттик кызматкерлер үчүн экономикалык саясат тармагындагы[9] магистрлерди даярдоо боюнча программаны алып барган.

Тоолуу аймактардагы коомчулуктарды изилдөө Институту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоолуу аймактардагы коомчулуктарды изилдөө Институту Борбор Азиянын тоолуу аймактарындагы туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу трансдисциплинардык изилдөөлөр менен алектенет. Изилдөөнүн темалары табигый ресурстарды рационалдуу колдонууну[10], жерди пайдалануу жана жашоо ишмердүүлүгү системаларын, табигый кырсыктардын келип чыгышынын коркунучтарын азайтууну, биотүрдүүлүктү сактоону, климаттын өзгөрүшүн жана туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын реализациялоону өз ичине алат. Институттун жарык көргөн публикациялары тутумуна изилдөө обзорлорун жана аналитикалык жазмалардын серияларын камтыйт. Институттун бардык изилдөө иштери эркин пайдалануу  үчүн жеткиликтүү[7]. Изилдөөлөрдүн курамында камтылгандардын ичине пасторализм жана фермердик чарбаны жүргүзүү системасы, жер ресурстарын туруктуу (рационалдуу) башкаруу, тоо туризми жана жоопкерчиликтүү табиятты пайдалануу, агротокойчулук жана чек арага чектеш аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануу кирет.

Акыркы жылдары аталган Институт климаттын өзгөрүшүнө таасир эте турган маселелер, Бишкек шаарындагы машиналык окутуу технологиясынын жардамы менен абанын сапатын божомолдоо, жапайы өсүп жаткан Батыш Тянь-Шандын маданий жемиш өсүмдүктөрүн изилдөө, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, Тажикстандын чек арага чектеш аймактарында экономикалык интеграция жана башкаруу, Борбордук Азиядагы арча токойлорун көп функционалдуу пайдаланууну оптималдаштыруу жана тең салмактоо меселелери менен алектенип келе жатат.

Гуманитардык илимдер жана маданий мурастар бөлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гуманитардык илимдер жана маданий мурастар бөлүмү 2013-жылдан бери иш алып барып келет. Аталган бөлүмдүн ишмердүүлүгү Борбор Азия элдеринин маданий мурастары тууралуу жаңы диалогдорду түзүүгө багытталган. Бул бөлүм БАУнун миссиясын жүзөгө ашырат: аймактардагы ар кыл элдердин бай маданий салттарын сактоодо жана колдонууда изилдөөлөр, документациялар, окутуп үйрөтүү жана маалыматтык-агартуу ишмердүүлүгү аркылуу көмөк көрсөтүү.

Аталган бөлүм өзүнүн табылгалары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт, документтештирет жана архивдештирет, ошондой эле Борбор Азия аймагынан чыккан окумуштуулардын «Маданий мурастар» китеп сериясынын алкагындагы музыка, салттар, археология жана аймактын тарыхын камтыган эмгектерин колдоого алат.[11] “Гуманитардык илимдер жана маданий мурастар» бөлүмү Борбор Азиянын маданий мурастарын даңазалоо жана сактоо менен алектенген жергиликтүү коомчулуктар жана музейдик уюмдар менен өз ара карым-катышта иш алып барышат.

Бул бөлүм Борбор Азиядагы социомаданий жана тарыхый процесстерди түшүнүүнү жакшыртуу, ар кыл маданий мурастарды сактоо үчүн, БАУнун академиялык программаларын өркүндөтүү үчүн билим борборунун милдетин аткаруу, иш-чараларды жана маданий алаканы байытуу, маданий ар түрдүүлүктү алдыга жылдыруу, плюрализм жана өз ара туура түшүнүктү калыптандыруу максатында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

2012-жылы адам менен аттын сөөктөрү казылып алынган БАУнун Нарын шаарындагы кампусунун аймагында түрк бейиттери табылган. Бул аймак археологдорду 1950-жылдын ортосунан бери кызыктырып келген: археолог Ахмад Кибиров 1953-жылы эле Айгыржал чөлкөмүнөн көптөгөн бузулган көрүстөндөрдөн турган бейиттерди табышкан. БАУнун өкүлдөрүнө болсо бул аймактар тууралуу “Манас” кыргыз-түрк университетинин кызматкери, археолог доктор Кубат Табалдиевдин иштеринен улам белгилүү болгон. Жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда табылган артефакттар көрүстөндөрдөн тиешелүү тартипте көчүрүлүп алынды. Сейсмикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында дагы башка байыркы сөөктөр жана петроглифтер табылган учурда БАУ доктор Табалдиевге бул аймактарда археологиялык казууларды жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган. 2014-жылы Табалдиевдин иштерине VII кылым деп датасы коюлган түрк көрүстөндөрү менен артефакттарын тапкан орус археологу Юрий Сергеевич Худяков да кошулган.[12] Археологдордун тобу таш дооруна, коло дооруна, темир дооруна жана орто кылымдарга таандык көрүстөндөр менен артефакттардын аймактарын табышкан. Археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Кубат Табалдиевдин «Древние памятники Теңир Тоо» китебинде чагылдырылып, БАУнун Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби менен бирдикте БАУнун «Маданий мурастар» китеп сериясынын алкагында жарык көргөн[13][14].

2022-жылы БАУнун Гуманитардык илимдер жана маданий мурастар бөлүмү «Кыргыз Кайрык»[15] долбоорунун алкагында «Этносольфеджио» музыкалык окуу китебин түзүүгө колдоо көрсөткөн.

2022-жылы

«Жарандык коом демилгеси» программасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Жарандык коом демилгеси» программасы 2017-жылы Борбор Азиядагы жарандык коом үчүн жагымдуу саясий жана админстративдик климатты жакшыртуу жана анын өкүлдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында негизделген. Аталган программа Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын шаарлардагы жана айылдардагы жарандык коомдун уюмдары менен иш алып барат. Программа жарандык коомдун уюмдарына алардын ишин билим жана тажрыйба алмашуу аркылуу алдыга жылдырууга мүмкүндүк бере турган кесиптик байланыштарды түзүүгө жардам берет[16][17].

Бул программа «COVID-19 мезгилиндеги кыргызстандыктардын үнү» долбооруна авторлош болуп, COVID-19 пандемиясы мезгилинде жабыр тарткан адамдардын таржымалын чогулткан. 2022-жылы Гендердик теңчиликти алдыга жылдыруу Мектебинин программасын баштаган[18][19].

«Адам таануу» Ага Хан долбоору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Адам таануу» Ага Хан долбоору 1997-жылы маданият боюнча Ага Хан Трасты тарабынан негизделип 2007-жылы БАУнун бир бөлүгү болуп калды. Бул долбоор дисциплина аралык окуу программасынын алкагында ресурстарды, лекцияларды, тренингдерди жана курстарды иштеп чыгат. Долбоордун пайда болушу менен анын катышуучуларынын саны 180 000 угуучудан ашты[20].

Долбоордун курстары Борбор Азиянын бай оозеки жана жазма маданиятынын материалдарын, ошондой эле Батыш менен Чыгыштын классикалык тексттерин камтыйт. Долбоор даярдаган окуу куралдары Борбор Азия өлкөлөрүндөгү гуманитардык илимдерди окуп үйрөнүүдөгү мугалимдер менен студенттерге көмөкчү болот. Бул окуу куралдары плюрализмдин принциптерин жайылтат, Борбор Азия элдеринин нарктарын универсалдык баалуулуктардын контекстинде алдыга жылдырат, этика, маданий интерпретация жана эстетикалык кабылдоонун көз карашында педагогика жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрөт..

Аталган долбоор Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда кросс-дебаттык форматтагы тренингдер менен турнирлерди уюштурат[21].

Өнөктөштүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БАУ өз ара кызматташуу жана академиялык өнөктөштүк тууралуу эл аралык ЖОЖдор жана уюмдары менен меморандумдарга кол коюшкан:

  • Сенека колледжи, Канада - даярдоо программасы[22].
  • Сидней Технологиялык Университети, Австралия – Байланыш жана массалык маалымат каражаттары факультети, бакалавриат.[23] [24]
  • Торонто университети, Канада - Информатика факультети, бакалавр. [25]
  • Британская Колумбия университети, Канада - Жер жана айлана-чөйрө илимдери факультети, бакалавриат [26] [27]
  • Экономиканын Стокгольм мектеби, Рига, Латвия —экономика факультети,  бакалавриат.
  • Улуттук изилдөө университети - Жогорку экономика Мектеби, Москва, Россия — экономика факультети, бакалавриат. [28] [29]
  • Виктория Университети, Канада - биргелешип окутуп үйрөтүү программасы.[30]
  • Альберта университети, Канада - Борбор Азиядагы профессордук-окутуучулардын курамын өнүктүрүү программасы (CAFDP).[31]
  • Кембридж университети, Улуу Британия - Борбор Азиялык профессордук-окутуучулардын курамынын квалификациясын жогорулатуу программасы (CAFDP).[31]

Кампустар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампус УЦА в Нарыне, Кыргызстан
Нарын шаарындагы БАУ кампусу, Кыргызстан

БАУнун бакалавриат программалары Кыргызстандын Нарын шаарындагы (2016-жылдын сентябрь айында ачылган) жана Тажикстандын Хорог шаарындагы кампустарында (2017-жыл) ишке ашырылып жатат. Казакстандын Текели шаарындагы кампусу азыркы учурда долбоорлоо баскычында. Кампустар заманбап аудиториялар, китепканалар, лабораториялар, коопсуз модулдук жатаканалар жана спорттук курулмалар менен жабдылып, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн жеткиликтүү, алардын ичинде футбол талаалары жана теннис корттору да бар.[2]

Кыргызстандын Нарын шаарындагы кампусу Бишкек шаарынан 314 км (195 миль) алыстыкта жайгашкан жана кампус ачылган мезгилде жалпы аянттын 9 гектарын (13 927 чарчы метр) түзгөн. Азыркы мезгилде кампус 200 студентке эсептелген. Нарын шаарындагы кампус масштабдуу долбоордун башталышы гана болуп эсептелип, жалпы территориясы 252 гектарды (125 000 чарчы метр) түзөт.[32] Кампустун курулушунун акыркы баскычында сыйымдуулугу 1200 студентти батырмакчы.

Вид на кампус УЦА в Хороге, Таджикистан
Хорогдогу БАУнун кампусунун көрүнүшү, Тажикстан

Тажикистандын университеттик кампусу Хорог (ТБАО) шаарында, Ооганстан менен чектешкен чек арадан алыс эмес Памирдин түштүк-батышында 2200 м (7200 футов) бийиктикте, Гунт дарыясынын Пянджга куйган жеринде жайгашкан[33].

Казакстандагы кампус Текели шаарында курулмакчы. Азыркы учурда курулуш долбоору мерчемдөө баскычында турат.

Баардык 3 кампус тең архитектор Арата Исодзаки Aoki & Associates (IAA) тарабынан долбоорлонгон

Негиздери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбордук Азия Университетин ректор жетектейт. БАУнун башкаруу органы катары доктор Шамш Кассим-Лакхи жетектеген Камкорчулар кеңеши эсептелет.


Камкорчулар Кеңешинин курамы төмөнкү адамдарды камтыйт:

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Университет Центральной Азии (УЦА) (русский).
  2. 2.0 2.1 University of Central Asia opens its first campus as part of broad commitment to fostering social and economic development | Aga Khan Development Network(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  3. President Rahmon inaugurates University of Central Asia's Khorog campus(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  4. oldadmin. В Нарыне открылась школа профессионального и непрерывного образования Университета ЦА - VESTI.KG - Новости Кыргызстана (ru-ru)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  5. Undergraduate Programme (en-GB)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  6. Co-operative Education Programme (en-GB)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  7. 7.0 7.1 Publications (en-GB)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  8. English-Russian Glossary of Terms and Concepts (en-GB)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  9. ГОССЛУЖАЩИЕ АФГАНИСТАНА ПРОЙДУТ ОБУЧЕНИЕ В УЦА (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  10. Университет изучает использование геотермальных ресурсов для повышения продовольственной безопасности в Таджикистане | Организация Объединенных Наций (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  11. Книги из серии «Культурное наследие» УЦА можно скачать бесплатно · Ынтымак Media (ru-RU)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 13 -январь (үчтүн айы) 2022.
  12. Фоторепортаж - На окраине города Нарын на территории УЦА обнаружены археологические памятники бронзового века(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (21 -август (баш оона) 2014).
  13. В столице Кыргызстана презентовали книгу «Древние памятники Тянь-Шаня» (ru-RU)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (6 -март (жалган куран) 2012).
  14. Древние памятники Тянь-Шаня (Drevnie pamiatniki Tian'-S… (англисче).
  15. "Этносольфеджио". Учебник-энциклопедию на основе кыргызских мелодий выложили в Сеть (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  16. Голоса кыргызстанцев во время пандемии COVID-19 - Фонд «Сорос-Кыргызстан»(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  17. Социум — Общественное объединение (ru-RU)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2022.
  18. Covid-19 (ru-RU)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 6 Апрель 2022.
  19. В Бишкеке написали уникальную книгу о том, как кыргызстанцы выживали во время пандемии - VESTI.KG - Новости Кыргызстана (ru-ru)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  20. Экзамены Ага–Хана - «МСН» - новости Кыргызстана(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  21. Инновационный Кросс-дебатный формат ПАХЧ – kazast.edu.kz (ru-RU)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  22. Seneca College and University of Central Asia Build on Commitment to High Quality, Affordable Higher Education - Seneca - Toronto, Canada(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  23. University of Technology Sydney and University of Central Asia collaborate on Communications and Media | Aga Khan Development Network(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  24. Сиднейский технологический университет и Университет Центральной Азии наладили сотрудничество в сфере «Коммуникаций и СМИ» - Donors.kg(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  25. University of Toronto and the University of Central Asia sign an academic partnership agreement on education and research collaboration - Donors.kg(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  26. Университет Британской Колумбии и Университет Центральной Азии сотрудничают в области наук о Земле и окружающей среде | Экоис(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  27. University of British Columbia and University of Central Asia Collaborate on Earth and Environmental Sciences (англисче)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  28. Российская Высшая школа экономики окажет содействие в подготовке кадров для Центральной Азии | Официальный сайт АНО «Содружество народов Евразии»(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  29. University of Central Asia and Higher School of Economics Sign Partnership Agreement in Moscow (англисче)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  30. News & events - University of Victoria (англисче)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 29 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  31. 31.0 31.1 Central Asian Faculty Development Programme (en-GB)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  32. https://www.futurarc.com/project/university-of-central-asia-naryn-campus/
  33. Khorugh | Tajikistan (англисче)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).