Ботобекова, Айшат Токтоназаровна

Википедия дан
Айшат Ботобекова, кыргыздын тилчи жана этнограф айымы. Бишкек ш., 20.11.2012.

Айшат Токтоназаровна Ботобекова (Чороева / Tchoroeva) – кыргыздын заманбап тилчи жана этнограф окумуштуу айымы. Кыргыздын ымдоо-жаңсоо аркылуу маалымат таркатуу салтын терең иликтеген илимпоз. Филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз аялзатынын укугун коргоо, алардын коомдогу ордун ажарлантуу үчүн интернетте коомдук тармактар аркылуу үгүт иштерин алып барган коомдук күжүрмөн, жигердүү атуул.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айшат Токтоназаровна Ботобекова Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы Малкалды айылында (совет доорундагы “Жаңы-Жол” кыштагында) туулган.

Атасы - Токтоназар Ботобеков (15.02.1938 - 14.09.2006), энеси - Тажикан Ботобекова (1947-жылы 2-февралда туулган).

Айшат айылындагы “Ленинчил жаш” орто мектебинде окуган.

1992-жылдан тартып Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп, аны 1997-жылы аяктаган.

1996-97-жылдары Ошто №41 Х. Абдуллаев атындагы улуттук мектепте кыргыз тили мугалими болуп иштеди.

1998-2000-жылдары “Үмүт” сыналгы студиясында Башкы редактор болду.

Буга удаа эле 1997-2002-жылдары Ош шаарындагы ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинде окутуучу болуп иштеди.

2002-2005-жылдары Эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университетинде окутуучу кызматын аркалады.

2004-2006-жылдары Эл аралык Гирне Америка Университетине караштуу «Edurasia» тилдерди үйрөнүү борборунда кыргыз тили мугалими болуп иштеди.

2006-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил илими институтунда илимий кызматкер болцуп эмгектенди.

2008-09-жылдары Кыргыз Курулуш жана Архитектура Университетинде доценттин м.а. болуп иштеди.

2009-жылдан бери ал КР УИАсынын Магистратура, Аспирантура жана Докторантура бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келет.

Учурда Айшат Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда да эмгектенет.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айшат Ботобекова заманбап кыргыз тилинде жана салтында колдонулган жаңсоо аркылуу үнсүз маалымат берген каражаттар жөнүндө 1998-жылдан бери иликтөөлөр жүргүзүп келет.

Дал ушул темага арналган 10.02.01 - кыргыз тили адистиги боюнча кандидаттык диссертацияны (“Кыргыздардын сүйлөшүүсүндөгү вербалдык эмес каражаттар системасы”) 2007-жылы 15-июнда ийгиликтүү коргоп, А. Ботобекова филология илимдеринин кандидаты даражасына татыктуу болду. (Бул иштин илимий жетекчиси – филология илимдеринин кандидаты, профессор Кадыралы Конкобаев болчу).

Расмий оппоненттери: филология илимдеринин доктору Т.С.Маразыков; филология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Жумалиев. Жетектөөчү мекеме: К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Кыргыз тил илими кафедрасы.

Бул диссертация менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасынан таанышууга болот. (Дареги: 720071, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265-а).

А.Ботобековага филология илимдеринин кандидаты диплому Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестация Комиссиясы тарабынан 2008-жылдын январь айында берилген.

2007-жылы ал илимий жетекчиси К.Конкобаев менен калемдешип “Кыргыз ымдоо-жаңсоолорунун түшүндүрмө сөздүгү” деген эмгекти жарыялады (Жооптуу редактору ф.и.д. Т.Маразыков. - Бишкек: Bilge, 2007. - 126 бет. - ISBN 9967-23-894-4).

Ара-чолодо ал кыргыздардын жана башка түрк калктарынын ымдоо-жаңдоо жана башка маалымат берүү салттары тууралуу этнографиялык иликтөөлөрүн улантууда.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылы Айшат Ботобекова башка тилектеш айымдар менен бирге “Жаншерик” аттуу интернет барагын(жеткиликсиз шилтеме) ачты. Бул барактын максаты – кыргыз айымдарынын интеллектуалдык көрөңгөсүн арттыруу жана аларды коргоо үчүн көмөк кылуу.

Кыргыз журналист-блогчу айымдары Асылкан Шайназарова менен Айшат Ботобекова. Бишкек ш. 10.11.2012. ТЧ.

2012-жылдын 16-октябрында Сатыш Кадамжай аттуу окурман бул баракка мындайча каалоосун арнады:

“Жакшы тилек, ой-максатты артынып,
уяң кыздай кээде бир аз тартынып.
Чексиздикке сапар алды Жаншерик,
жаман адат, жаман салтты калтырып.

Каалап кетем жол байсалдуу болушун,
бейпил болуп, кутка толсун конушуң.
Каалап кетем суудай тунук жүрөгүң,
АЯЛЗАТ деп токтобостон согушун.

Ак жол сага, Жаншерик! Чексиздикке болгон сапарың байсалдуу болсун!!!” <br

(Сатыбалды Кадамжай).

Кыргызча “Жаншерик” барагына(жеткиликсиз шилтеме) бир катар айымдар жана мырзалар өздөрүнүн блогун жолдоп же маек куруп келет.

Бишкек тургундары кыргыз тилин бекер үйрөнөт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Филология илимдеринин кандидаты Айшат Ботобекова жетектеген демилгелүү топ жана чыгармачыл адамдарга колдоо көрсөткөн Cultura Nomada коомдук фонду ар бир ишемби күнү кыргыз тилинен бекер сабак берээрин илимпоз-филолог өзү 2012-жылдын сентябрынын башында билдирди.

Айтымында, бул жолугушууларды болжолдуу түрдө «Чай алдында баарлашуу клубу» деп аташты.

«Кыргыз тилин сүйүүчүлөр менен биринчи жолугушуубуз 2012-жылы 15-сентябрда өтөт. Ал Тынчтык проспектиси, үй номуру 91, батир номуру 37 дареги боюнча болот. Бул клубда биз кыргызча сүйлөшүп, маданий жааттагы темаларды талкууга алабыз. Жолугушуулар эки бөлүмдөн турат: тил сабактары жана чыгармачыл адамдар менен баарлашуу. Биринчи мейманыбыз музыкалык билими болбосо да кыргыз музыка сүйүүчүлөрдүн жүрөгүндөгү атактуу гитарист Темиралы Кунашев. Анын репертуарында элдик обондор жана дүйнөлүк классиканын шедеврлери да бар. Грамматика сабактарын мен өзүм алпарам» – деди Айшат Ботобекова.

Бул акысыз коомдук иш-чара ар жылы 23-сентябрда белгиленүүчү Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлдү.


Үй-бүлөсү тууралуу маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрлүк жубайы - профессор Тынчтыкбек Чоротегин. Уул-кыздары бар.

Атасы, маркум Токтоназардын (1938-2006) жана Тажикандын үч кыз, үч уулу бар.
Айшаттын улуу агасы - Берен (1965-жылдын 21-февралында туулган).
Айшаттын агаларынын бири – белгилүү публицист жана журналист Уран Ботобеков (1967-жылдын 1-июнунда туулган).
Айшаттын эжелеринин улуусу - Гүланда (Гулянда; 1968-жылдын 24-февралында туулган).
Ал эми Гүлшат (23.05.1970-15.06.1979) деген эжеси кийинчерээк чарчап калган.

Айшаттын иниси - Улан (1983-жылдын 26-июнунда туулган), сиңдиси - Нуршат (1986-жылдын 18-июлунда туулган).

Кыргыз ымдоо-жаңсоолору (Айшат Ботобекованын монографиясы. 2007)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ымдоо-жаңсоолору / Автору Айшат Ботобекова. Жооптуу редактору Кадыралы Коңкобаев. - Бишкек: Bilge, 2007. - 189 бет. - ISBN 9967-23-899-2. (Эмгек Кыргызстандын УИАсынын Тил илими институтунун Окумуштуулар кеңеши тарабынан басмага сунушталган). Бул эмгекти тилчи жана этнограф Айшат Ботобекова маркум атасы Токтоназар Ботобековдун элесине арнаган.

Китептин мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул китеп - кыргыз тилинде жана салтында колдонулган жаңсоо аркылуу үнсүз маалымат берген каражаттар ар тараптуу изилденген тунгуч илимий монография.

Китептен бир өрнөк (163-бет):

"Желкесин кашуу" (38-сүрөт) - ыңгайсыздануу, уялуу, аргасыз болуу.

Китепке пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автор Айшат Ботобекова ушул эле теманы кыргыз таануучу, этнограф катары андан ары тереңдетип иликтеп берсе кыргыз маданиятын иликтөөчүлөр үчүн да, жалпы замандаштарыбыз жана урпактарыбыз үчүн да мыкты белек болоору шексиз деген пикирлер айтылууда.

Илимий эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ботобекова Айшат. Кыргыз ымдоо-жаңсоолору / Жооптуу редактор Кадыралы Коңкобаев. - Бишкек: Bilge, 2007. - 189 бет. - ISBN 9967-23-899-2. (Эмгек Кыргызстандын УИАсынын Тил илими институтунун Окумуштуулар кеңеши тарабынан басмага сунушталган).
  • Конкобаев Кадыралы, Ботобекова Айшат. Кыргыз ымдоо-жаңсоолорунун түшүндүрмө сөздүгү / Жооптуу редактор ф.и.д. Т.Маразыков; рецензенттер С.Ибрагимов, Б.Усубалиев. - Бишкек: Bilge, 2007. - 126 бет. - ISBN 9967-23-894-4. (Эмгек Кыргызстандын УИАсынын Тил илими институтунун Окумуштуулар кеңеши тарабынан басмага сунушталган. Демөөрчү – “Себат” фирмасы).
  • Ботобекова Айшат. Ишарат сырлары / Редактору профессор Токтосун Аширбаев. - Бишкек: Учкун, 2002. -108 б. – Тайные знаки символов. – Монография на кыргызском языке.
  • Ботобекова Айшат Токтоназаровна. Кыргыздардын сүйлөшүүсүндөгү вербалдык эмес байланыш каражаттар системасы: Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. - Адистиги 10.02.01 – Кыргыз тили. – Бишкек, 2007. – 22 б.
  • Ботобекова А. Т. Некоторые особенности этноэтикета кыргызов и их параллели у тюркоязычных народов // Московский лингвистический журнал. - Том 8. - № 2. - Изд-во Российского государственного гуманитарного университета. - Москва, 2005. - С. 39-47.
  • Botobekova A. Kırgız Dilindeki Eski Noverbal Işaretler ve Onlarin Anlamları //Türk Dil ve Kültürünün en Eski Dönemleri – Tarihi Gelişme Çizgisi - Kıbrısa Ulaşması – Bugünkü Durumu Uluslar Arası Bilgi Şoleni. Girne Amerika Universitesi. - Girne, 2005, 8 s.

Кыргыз таанууга таандык кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]