Леонид Брежнев

Википедия дан
Брежнев, Леонид Ильич‎»‎ барагынан багытталды)

Леонид Ильич Брежнев (19-декабрь 1906, Каменское, Екатеринослав губерниясы10-ноябрь 1982, Москва облусу) — саясий жана мамлекеттик ишмер; КПСС БКнын биринчи (1964–66) жана генералдык (1966-жылдан) секретары, СССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели (1960–64, 1977-жылдан), Советтер Союзунун маршалы (1976), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1961), Советтер Союзунун Баатыры (1966, 1976, 1978, 1981). Курскидеги жер-жайгаштыруу-мелиорация техникумун (1927), Днепродзержинск металлургия институтун (1935) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941–45) аскердик-саясий иштерди аткарган, ошондой эле Чехословакия, Польша, Венгрияны бошотууга катышкан. 1946-жылдан Украина КП(б)нын Запорожье, Днепропетровск обкомдорунун 1–секретары, 1950–52-ж. Молдавия КП(б) БКнын 1–секретары, 1953-жылдан Советтик Армиянын жана Аскер-деңиз флотунун башкы саясий башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1954–56-ж. Казакстан КП БКнын 2-, 1–секретары. 1952–53-ж., 1956–60-ж., 1963–64-ж. КПСС БКнын секретары, СССР Коргоо Советинин председатели, 1957-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. Ал 1964-ж. Н. С. Хрущевду бийликтен четтетүүнү уюштургандардын бири болгон. Брежнев өлкөдөгү эң жооптуу кызматты аркалап турган мезгилде экономикада, коомдун социалдык, ал тургай рухий чөйрөсүндө да терс жагдайлар өкүм сүргөн (Брежневдин доору учурда «сенек мезгил» деген ат менен белгилүү). АКШ, ГФР жана башка өлкөлөр менен келишимдер түзүлүп, Эл аралык абалдын жеңилдегенине, ошондой эле Европада коопсуздук жана кызматташтыкка карата бир катар иш-чаралар иштелип чыкканына карабастан, ошол эле учурда Чехословакияга (1968), Афганстанга (1979) аскерлердин киргизилиши Эл аралык кырдаалды татаалдаштырып, карама-каршылыктарды күчөткөн. Брежнев бийлик кылган жылдары өлкөдө «өнүккөн социализм курулду» деген негизсиз билдирүү расмий жарыяланган. Мамлекеттик бийликтин саясий өзөгү катары Советтер жарыяланганы менен иш жүзүндө ал башында турган жалгыз Коммунисттик партиянын үстөмдүгү өкүм сүргөн. Адистерди тандоодо коррупцияга, паракорлукка кеңири жол берилген. Брежневди ыксыз мактоо, көшөкөрлөнүү саясатына жол берилип, ал 220дай советтик жана чет элдик орден-медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]