Вашингтон келишими

Википедия дан

Вашингтон келишими (1867) — Орусия империясы менен АКШнын ортосундагы Орусиянын Түндүк Америкадагы колонияларын АКШга берүү тууралуу келишими. 18(30)-мартта Вашингтондо кол коюлган. Орус Америкасын сатып алуу идеясы алгач 1850-жылдардын ортосунда америкалыктар тараптан көтөрүлгөн. 1860-жылдардын ортосунда улуу князь Константин Николаевич жетектеген орусиялык мамлекеттик ишмерлердин тобу (А. М. Горчаков, М. Х. Рейтерн) түндүк-америкалык жерлердин Орусия үчүн пайдасы жок экендиги жана АКШ менен мамилелерди бекемдөө зарылчылыгын белгилешкен. Жерлерди сатуунун жактоочулары аймактын алыстыгынан улам, аны коргоо мүмкүн эместигин, андагы Орусия-Америка компаниясынын чыгаша тартып жаткандыгын далил келтиришкен. 1866-жылы орус өкмөтү колонияларды АКШга берүү тууралуу чечим кабыл алган. 1867-жылы мартта Орус Америкасын АКШга 7 млн долларга сатуу тууралуу жашыруун сүйлөшүүлөр болуп өткөн. Вашингтон келишимине ылайык Орусия АКШга жалпы аянты 1519 км2 түзгөн Түндүк Америкадагы бардык жерлерин берген, анын ичинен Аляска ж. а. жана ага жанаша жаткан аралдар өткөн, Орусия андан аскерлерин жана флотун алып кеткен. АКШ Орусияга ал жерлер үчүн 7,2 млн доллар (алтын менен) төлөп берген. Эки мамлекет ортосундагы чегара Беринг кысыгы жана Беринг деңизи аркылуу белгиленген. Жергиликтүү калк АКШнын юрисдикциясына өтүп, калгандары 3 жыл ичинде Орусияга кетүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Вашингтон келишимине 1867-жылы 3(15)-майда Орусия императору Александр II, 28-майда АКШ президенти Эндрю Джонсон кол коюшкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]