Введенский,Николай Евгеньевич
Көрүнүш
Введенский,Николай Евгеньевич [16 (28). 4. 1852—16. 9. 1922]—орус физиологу. И. М. Сеченовдун окуучусу.
- Петербург ИАпып корр. мүчөсү (1909). 1872-ж. Петербург университетине кирет. 1874-ж. студенттердин революциялык кружогуна катышкандыгы үчүн камакка алынып, 3 жылдан ашык түрмөдө отурат.
- 1879-ж. университетти бүтүрүп, Германия, Австрия жанa Швейцариядагы физиол. лабораторияларда иштеген.
- 1889-жылдан Петербург университетинин экстраординары, 1895-жылдан ординар профессор. Введенский тирүү ткандардын түрдүү дүүлүктүрүүгө жооп кайтаруу закон ченемин изилдеген.
- Дүүлүккөн нервди телефон аркылуу угуу методу менен ал тирүү ткандар дүүлүктүргүчтүн таасиринен гана өзгөрбөстөн, өзүнүн иш процессинде да өзгөрөөрүн көрсөткөп жанa физиологияга убакыт фактору жөнүндөгү түшүнүктү киргизген.
- Введенский магистрлик диссертациясында (1884) булчуңдардын кыскарышыпып мезгилдүүлүгүп жанa нервдердин чарчашын анализдеген. Докторлук диссертациясында (1886) дүүлүгүнүн оптимуму жанa пессимуму жөнүндөгү түшүнүктү аныктаган. Ал парабиоз жөнүндөгү окуусунда дүүлүгүү жанa тормоздоо процесстериннн биримдигин керсөткөн. Введенскийдин эмгектери физиологиянын жанa медицинанын өсүшүнө чоң көмөкчү болду.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.