Венгрлердин (мажарлардын) батышка журт которуусу

Википедия дан

Венгрлердин (мажарлардын) батышка журт которуусу — венгрлердин өз алдынча улут катары калыптанынышындагы чечүүчү окуя. Азыркы венгр окумуштууларынын (Немет, Барги, Лигети) пикири боюнча байыркы мажар уруулары азыркы Россиянын Ханты-Манси автономия округунун түштүгүн, Батыш Сибирди мекендешкен. Элдердин улуу көчү мезгилинде алар азыркы Башкыртстан аймагына, кийинчерээк Мугажар жана Жайыктын аймагына көчүп келишкен. Мажар уруулары ушул мезгилде түрк уруулары менен жакындашып, Эдил (Волга) жана Дон сууларынын аралыгында, кийин Днепр жана Дунайдын төмөнкү агымына барып отурукташкан. 870-ж. араб булактарында Леведия (Ливедия) союзу менен кунду уруусунун күчү биригип, анын падышасы Алмаш Арпаддын ээлиги кеңейгендиги айтылат. Аны Византия императору Константиндин кол жазмаларындагы даректер бекемдейт. Алмаш Арпад династиясы бийлеген мажарлар 862-жылдан Борбордук Европадагы согуштук иштерге активдүү кийлигише баштайт. Алар алгач фракиялыктарга каршы моравалар тарабында, 894-ж. моравалар жана византиялыктар менен союз түзүп, фракиялыктар менен Дунай булгарларына каршы күрөшкөн. 900-ж. Италиянын түндүгүнө чейин жеткен мажарлар Дунай боюн толук ээлеп, 902-ж. фракиялыктар менен болгон кезектеги согушунан кийин, Батышка жылуусун токтоткон. Ошентип, алар табигый шарттары ыңгайлуу Карпат тоолорун этектей биротоло жайгашып калган. Уламыш боюнча ал жерде мажарлардын жети уруусунун башчылары Елод, Онд, Конд, Таш, Хуба, Тохотом, Алмаш чыгыш салты боюнча кан чыгарып, теңирге, арбакка ант беришет. Жаңы мекенге жайланышкандан кийин, мажарлар көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенип, акырындап дыйканчылыкка оой башташат. Айрым маалыматтар боюнча бул мезгилде алардын саны жарым миллиондой болгон. 955-ж. герман королу Оттондон катуу жеңилгенден кийин жоокерчиликтен, көчмөндүктөн баш тартышкан. Кийин христиан динин кабыл алышып, европалыктарча өмүр кечире башташкан. Мажар тарыхында «Мекенге отурукташуу» деп аталган бул окуянын чечүүчү учурлары менен көч салтанаты 1896-ж. Венгриянын 1000 жылдык мааракесин белгилөө учурунда көркөм чыгармаларда чагылдырылган. 20 сүрөтчү катышкан узундугу 120 м, бийиктиги 15 м панорама даярдалып, ал 199195-ж. толугу менен кайра калыбына келтирилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]