Мазмунга өтүү

Википедия:Кыргыз уикипедиячыларынын Биринчи жыйыны

Википедия — ачык энциклопедия

2011-жылдын 16-декабры

[булагын түзөтүү]

Cаат 11де Кыргыз Улуттук университетинин башкы имаратынын конференц-залында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-конференция өттү.

(19:30)

Кыргыз Уикипедиячыларынын Биринчи республикалык жыйынынын ачылыш аземи башталды. Аземди Сорос Фондунун Маалымат программасынын координатору Лира Самыкбаева ачты, уюштуруу топтун мүчөлөрү менен тааныштырып, Кыргыз Уикпедиясынын эң активдүү жана авторитеттүү автору Тынчтыкбек Чоротегин агайга сөз берди.

Пресс-конференция учурунда
Жыйындын ачылышы
Лира Самыкбаева, Тынчтыкбек Чоротегин, Чоробек Сааданбеков
Жыйындын катышуучулары

Тынчтыкбек агай Уикипедиянын 280 тилдин арасынын саны боюнча кыргыз тилиндеги бөлүмү азыр 145-орунда экенин белгиледи.

Кыргыз тилиндеги макалалардын санын көбөйтүү үчүн ушул жыйын салым кошмокчу.

Учурда Кыргыз Уикипедиясында 3842 макала бар.

Ушул жыйында киргизилген макалалар үчүн убактылуу атайын категория Category:Тумар-2011 ачылмакчы.

(19:55)

Киргизилген макалаларга коюлган талаптар тууралуу сөз болууда.
1. Категорияга кийирүү.
2. Макаланын аталышы тууралуу.

(20:25)

3. Окшош аталыштыгы макалаларды айырмалоо. Мисалы, "Ош, шаары", "Ош, областы".
4. Макаланын түзүлүшү, Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович-аттуу макаланын мисалында.

(20:30)

Кыргыз Уикипедияга тартиптүү түрдө макала киргизүү үчүн Лира Самыкбаева катышуучуларга "тоолор", "чокулар", "ашуулар", "өрөөндөр", "капчыгайлар", "агын суулар" - аттуу алты тема топторго чучу кулак менен бөлүштүрүлдү.

(21:05)

Жыйындын катышуучуларына даяр тексттер берилип аларды Уикипедиянын талаптары менен кошуу тууралуу Чоробек Сааданбеков сөз алды. Мисалы, Адыгине тоо. Тынчтыкбек-агай макаланы жаңы "Category:Тумар-2011" -аттуу жыйындын категориясын ачып кошту.

2011 жылдын 17-декабры

[булагын түзөтүү]

(00:55)

Студент балдар кыздар, Уикипедияга катуу кызыгуу көрсөтүшүп, маалымат макалалардын санын 3878 жеткиришти. Улан Айдаров мырзага кайрылып, билбеген нерселерин сурап билип үйрөөнүшүүдө.

(09:03)

Жыйындын экинчи күнү Тынчтыкбек Жанадылов макалага сүрөт киргизүү тууралуу Роберт де Ниро - аттуу макаланын мисалында сөз баштады.

(09:25)

Тынчтыкбек Чоротегин агай макаланын түзүлүшү тууралуу Венгрия - аттуу макала мисалында кеңири түшүндүрүү берди.

(10:00)

Чоробек Сааданбеков китептерге жана Интернеттеги сайттарга шилтемелерди белгилөө тууралуу Ат-Башы району-аттуу макаланынын мисалында сөз кылууда.

(11:15)

Укипедиядагы кыргызча макалалардын саны 4000ден ашты.

(13:05)

Тынчтыкбек Чоротегин агай даярдаган окуу колдонмо: Template:TT_Dec2011

(14:42)

Капчыгай темасы үчүн: Template:Капчыгай

(14:50)

Элебай Турганбаев агай классикалык, мисалы Кыргыз энциклопедияга, макала жазуу принциптери тууралуу айтып берди. Аны Уикипедия менен айырмачылыктарын белгилеп кетти. Улан Айдаров Уики-долбоорлор тууралуу маалымат тартуулоодо.


Окутуучулар
Катышуучулар
Катышуучулар
Катышуучулар
Катышуучулар
Катышуучулар
Катышуучулар
Катышуучулар
Катышуучулар

2011-жылдын 18-декабры

[булагын түзөтүү]

(09:30)

7 топ 7 тема боюнча презентацияларын башташты.

Алгачкы презентация Кыргыз музыкасы макаласы менен тааныштырды.

Кыргыз театры макаласынын презентациясында кыргыз артисттеринин турмушунан кызыктуу окуяларын баяндап беришти.

Кыргызстандын аялдары макаласынын түзүлүшү боюнча кеңири маалымат берилди.

Кыргыз киносунун макаласы тартууланып артыкчылыктары жана кемчиликтери талкууланды.

(10:10)

Кыргыз сүрөт өнөрү макаласын даярдоонун натыйжасы көрсөтүлдү.

Кыргыз спорту, тарыхы макаласы жыйындын катышуучуларынын назарына сунуштылды, ага пикир-кеңештер айтылды.

Кыргыз илимпоздор макаласына кошулган жана кошулбаган маалыматтар айтылды.

(10:50)

Калыстар тобу презентацияларды баалоодо.

(11:45)

Жарыштардын женүүчүлөрүнө сыйлытар тапшырылып, калыстар топ мүчөлөрүнүң корутунду сөзү айтылып Кыргыз уикипедиячыларынын Биринчи жыйыны соңуна чыкты.

"Кыргыз киносу" аттуу макаласын даярдаган жеңүүчү топтун мүчөлөрү
Мыкты Уикипедиячы студенттер Дастан Эстебесов жана Мээрим Мамбетова

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

"Эң мыкты уикипедиячы" - Дастан Эстебесов (КЭаУ) жана Мээрим Мамбетова (КУУ)
"Эң мыкты уикипедиячылар студенттик уюму - Кыргыз Улуттук Университети
"Студенттик уюмдун эң мыкты жетекчиси" - Гүлжамал Эсеналиева (НМУ)

"Эң мыкты макала үчүн" - Жаңыл Маликова (НМУ), Нуржамал Мамбетсейитова (НМУ), Орозгул Койчуман кызы (ОшМУ), Тынчтыкбек Досмуратов, Чолпон Жанадылова (эссеист)

"Эң мыкты макала жасалгалоосу үчүн" - Айдай Асанбекова (эссеист), Гүлназ Тултемирова (КТУ), Гүлнура Ашимова (КУУ)

"Жарышуу" - 1-орун Райымжан Тимурбаев (КТУ), 2-орун Нуржан Таалай кызы (КЭаУ), 3-орун Максат Карганбеков (НМУ)

"Көнүлү жаш катышуучу" - Орозобек Түгөлбаев

Калыстар тобунун мүчөлөрү - Лира Самыкбаева, Улан Айдаров, Тынчтыкбек Жанадылов, Чоробек Сааданбеков
Калыстар тобунун мүчөсү - Тынчтыкбек Чоротегин

Кыргыз Уикипедиячыларынын Биринчи жыйыны тууралуу ишемби күнү, 2011-жылдын 24-декабрында, саат 17:30-17:50 Коомдук телерадиокомпаниянын (КТРК)"Чекит.kg" телепрограммасында көрө аласыздар. Көрсөтүүнүн кайталоосу жекшемби күнү, 2011-жылдын 25-декабрында, саат 9:45-10:05 чыгат.

Кийинки жыйын Кыргыз Уикпедиясынын 10-жылдыгына карата 2012-жылы өткөрүлөт деп пландаштырылууда.



Жыйынтыктары

[булагын түзөтүү]

1. 3-күндүк иш чаранын натыйжасында саны боюнча кыргыз тилиндеги Уикипедия азыр 142-орунга көтөрүлдү.

2.

КүнүСаатыСаныКошумча
2011-ж. 16-декабры13:003842
2011-ж. 16-декабры19:303844
2011-ж. 17-декабры00:55387836
2011-ж. 17-декабры09:25392583
2011-ж. 17-декабры10:103958116
2011-ж. 17-декабры11:154000158
2011-ж. 17-декабры12:304031189
2011-ж. 17-декабры14:454125283
2011-ж. 17-декабры17:554234392
2011-ж. 17-декабры18:554304462
2011-ж. 17-декабры19:384320478
2011-ж. 18-декабры00:004334492
2011-ж. 18-декабры02:004342500
2011-ж. 18-декабры09:304343501
2011-ж. 18-декабры13:304377535