Роберт Де Ниро

Википедия дан
Де Ниро, Роберт‎»‎ барагынан багытталды)
Роберт Де Ниро
Robert De Niro

Роберт Де Ниро 69-чу Каннск кинофестивалында, 2016-жыл
Төрөлгөндөгү ысымы:

Роберт Энтони Де Ниро — кенже[1]

Туулган датасы:

17 -август 1943(1943-08-17) (80 жаш)

Туулган жери:

Манхэттен, Нью-Йорк, АКШ

Жарандыгы:

 АКШ Италия

Кесиби:

актёр, кинорежиссёр, продюсер

Карьерасы:

1963 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

«Оскар» (1975, 1981)
«Алтын глобус» (1981, 2011)

IMDb:

ID 0000134

Роберт Энтони Де Ниро (англ. Robert De Niro; 1943-жылдын 17-августунда туулган) -америкалык актер, продюсер жана режиссер. Ал Италиянын дагы, АКШнын дагы жарандыгын алган. Актер "Өкүл ата 2 " (англ. The Godfather Part II) тасмасында аткарган Витонун ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган. Анын кинорежиссер Мартин Скорсезе менен көп жылдык кесиптик байланышы жемиштүү болуп, "Кутурган өгүз" (англ. Raging Bull ) тасмасындагы Жейк Ла Моттанын ролу "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон. Ал 2003-жылы Америка кино искусство институтунун (AFI Life Achievement Award) сыйлыгына татыктуу болсо, "Алтын глобус" сыйлыгына ( Сесиль Де Милль) 2010-жылы арзыган. 2016-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама тарабынан "Эркиндик" медалы ыйгарылган.

Де Ниро кинодогу ири ролдору "Барабанды акырын ойно" (англ. Bang the Drum Slowly, 1973) спорттук драмасына жана М. Скорсезенин " "Жаман көчөлөр" (англ. Mean Streets) тасмасыне таандык. Ал М. Скорсезенин "Такси айдоочу" (англ. Taxi Driver, 1976) жана "Коркунуч тумшугу" (англ. Cape Fear, 1991) тасмасындагы ролдору "Оскар" сыйлыгынын көптөгөн номинацияларына талапкер болгон. Де Ниро Майкл Чимино тарткан "Бугуларга аңчылык" (англ. The Deer Hunter, 1978), Пенни Маршаллдын "Ойгонуу" (англ. Awakenings, 1990) Дэвид О. Расселлдин “Күмүш мукабалуу китеп” ( Silver Linings Playbook, 2012) тасмаларына катышкандыгы үчүн дагы кошумча сыйлыктарга көрсөтүлгөн.

Режиссер М. Скорсезенин "Сонун жигиттер" (англ. Goodfellas, 1990) криминалдык тасмасында каракчы Жимми Конвейдин, " Комедия падышасы" (англ. The King of Comedy, 1983) тасмасында Руперт Папкиндин ролдору Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына талапкер болгон.

Де Ниро "Алтын глобус" сыйлыгынын Көркөм фильмдеги эң мыкты актер" номинациясына "Нү-Йорк, Нү-Йорк" (англ. New York, New York (1977), "Түнгө чейин шашуу" (англ. Midnight Run, 1988), "Муну талда" ( англ.Analyze This, 1999) жана "Ата-эне менен таанышуу" (англ. Meet the Parents, 2000) тасмаларындаги ролдору үчүн төрт жолу көрсөтүлгөн. Башка көрүнүктүү ролдору "Америкада бир кезде" (англ. Once Upon a Time in America, 1984), "Бразилия" (англ. Brazil, 1985), "Миссия-кызмат" (англ. The Mission, 1986), "Кол тийбестер" (англ. The Untouchables, 1987), "Кыл чайнаш" (англ. Heat, 1995) жана "Казино" Casino (1995) тасмаларына таандык. Роберт де Нирло "Бронкс окуясы" (англ. A Bronx Tale, 1993) жана "Жакшы койчу" (англ. The Good Shepherd, 2006) тасмаларын тартып жана роль жараткан

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Роберт Де Ниро - Нью-Йорк шаарында 17 Августта, 1943 жылы туулган. Роберт Де Ниро Нью-Йорктун Кичи Италия аталган жеринде жана Манхэттенден анча алыс эмес Гринвич Виллидж жеринде бала чагы өткөн. Гринвич Виллидже артист жана сүрөтчүлөрдүн көп чогулган жери эле. Де Ниро он жашка чыкканда анын артисттик дебюту болгон. Ал “Оз өлкөсүнүн табышмактуу сыйкырчысы” жомогунун мектептеги оюнунда коркок Арстандын ролун ойногон. Бир нече жыл жалпы орто билим берүү мектебинде окуган соң ал апасынын айтуусу боюнча Нью-Йорк шаарында жайгашкан Фьорелло Ла Гуардия музыка, искусство жана аткаруучулук өнөр боюнча Жогорку окуу жайга окууга кирет. (Кызыктуусу бул окуу жайда Аль Пачино да окуган). Де Ниро Стелла Адлердин курстарында окуган жана Ли Страсбергдин актердук студиясында катышчу.

Кинодо басып өткөн жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1960 жана 1970 жылдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Роберт Де Ниро 1963 жылы Брайан Де Пальманын “Үйлөнүү той” фильминде күйөө жолдоштун ролун жараткан. 1970 жылы Де Ниро үчүн жемиштүү жыл болгон, анткени ал “Акырын тарсылдат” фильминде бейсболчу Брюс Пирсондун ролун ойнойт. Бул ролу үчүн ал Нью Йорк Киносынчыларынын экинчи пландагы актер оюнунун премиясын жана аны менен бирге эл арасында аты угула баштайт. Жылдын аягында Де Ниро Френсис Форд Копполанын долбоору “Өкүл ата 2” Вито Карлеоненин ролун жаратат. Ал ролу үчүн Роберт Де Ниро экинчи пландагы мыкты актер номинациясында “Оскар” алат. Роберт итальян тилинде ойногон, жана бул сыйлык америкалык актерго, бирок башка тилде ойногондугуна байланыштуу да берген.

Роберт Де Ниро

1980 жана 1990 жылдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980 жыл Де Ниро үчүн абдан жемиштүү жыл болгон. Ал Мартин Скорсезенин “Кутурган бука” киносунда боксер Джейк Ламоттанын каарманын ойногон. Ал кино эки “Оскар” алган жана ал ролду жаратуу үчүн Де Ниро бокс менен машыккан. 1984 жылы Роберт Де Ниро Серджо ЛеоненинБир жолу Америкада” фильминде Дэвид Аарансондун ролун ойнойт. Ал адамдын жаш кезин жана карыган учурун да ойногон. Атайын кары көрүнүш үчүн ал 27 килограмм салмак кошкон. 1995 жылы Роберт Де Ниро Аль Пачино менен бирге “Кармашуу” киносунда ойногон. Бул фильм көптөгөн ийгилик алып келген жана сынчылардын сынынан да жакшы өткөн. Ушул эле жылы Роберт Де Ниро Джо Пеши менен биргеликте “Казино” фильмин жаратышкан. Сынчылар Робертке жогорку баа беришкен, анткени ал терс каармандардын ролун ойногон күнүндө дагы аны өтө жогорку дэңгээлде ойногон жана каармандарынан адам корккон жана сыйлаган.

Азыркы учурда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Роберт Де Ниро азыркы күнгө чейин киного тартылып келет. 2000 жылы ал “Аскер суучул” киносунда офицердин ролун мыкты жараткан жана “Фокерлер менен таанышуу 1-2” комедияларында ойноп келет. Кийинки тартылган кинолору көбүнчө коммерциялык багытты көздөп келет, анткени 2001 жылдын 11 Сентябрындагы террористтик соккудан кийин көптөгөн кайрымдуулук иштерге тапкан каражатын жумшайт.

Ишкердүүлүк активдүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Роберт Де Ниро активдүү жана ийгиликтүү ишкер болуп саналат, анткени анын компаниялары жана ресторандары бар. Трайбек Продакшнс компаниясы жана жапондуктар менен иштетилген Нобу ресторандарынын ээси.

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Кыргызча аталышы өз аталышы Ролу
1976 Таксист Taxi driver Тревис Бикл
Example Example Example Example
Example Example Example Example
Example Example Example Example

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Роберт Де Ниро жана Грейс Хаттауэр

Роберт Де Ниронун биринчи аялы Дайенн Эббот, ал кара түстүү ырчы жана актриса болгон. Ал аялынын биринчи күйөөсүнөн кызы Дреннаны багып алган. Дренна Де Ниро киного атасы менен бир нече ирет тартылган. Дайеннден Роберттин Рафаэль аттуу баласы бар. Ал да киного тартылып баштап, бирок кийинчерээк таштап койгон. 1988 жылы Де Ниро Эббот менен ажырашып кеткен. Кийинчерээк Де Ниро модель Тука Смит менен мамиледе болгон жана юридикалык каттоодон өткөн эмес. Алар Джуллиан Хенри жана Аарон Кендрик балдары бар. 1997 жылы Роберт Де Ниро экинчи ирет үйлөнгөн. Анын аялы Грейс Хаттауэр мурда стюардесса болгон. Экөөнүн Элиотт аттуу баласы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дуган Э. Неприступный Роберт Де Ниро / Англ. тилинен которгон Оганяна Р. — М.: ТЕРРА, 1997. — 320 б.; 16 с. ил. — (Кумиры). — ISBN 5-300-01245-9.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. IMDb сайтындагы өмүр баяны