Вико, Жиамбаттиста

Википедия дан
Вико, Жиамбаттиста
Толук аты-жөнү Жиамбаттиста Вико
Англис тилинде Giambattista Vico
Төрөлгөн 23.6.1668
Неаполь
Көз жумган 21.1.1744
Неаполь
Кызыккан темалар Тарых философиясы

Вико Жиамбаттиста (итал. Giambattista Vico, 23 июнь 1668, Неаполь — 21 январь 1744, Неаполь) – «айланып туруу» теориясын иштеп чыккан италиялык философ, социолог, Асаполь университетинин профессору.

Бул теория боюнча ар бир эл өнүгүшүндө үч доорду:

  1. Кудайлар доору-мамлекеттик түзүлүшкө чейин;
  2. Баатырлар доору ак сөөктүк мамлекет:
  3. Адамзаттык доор-демократтык республика же өкүлдүк монархия басып өтөт.

Виконун ою боюнча ар бир доор –каршы таптардын таймашынын натыйжасынын жыйындысы, ал эми мамлекет болсо эзилген элди баш ийдирүү үчүн түзүлөт. Виконун окуусунун негизинде коом өз өнүгүшүнүн эң жогорку баскычына жеткенден кийин кулайт да, баштапкы абалына келип, кайрадан өнүгө баштайт деген идея жатат. Анын окуусунда идеалисттик өксүктөр болсо да, коом мыйзамдары жөнүндөгү пикирлери прогрессчил мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (Энциклопедиялык окуу куралы).-Б.:2004,ISBN9967-14020-8.