Висмут рудалары

Википедия дан

Висмут рудалары - составында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө висмут металлы бар минералдардын жыйындысы.

Рудада вис­мут өзүнүн минералдары, о. эле баш­ка минералдардын кошундусу түрүндө кезигет. Дүйнө б-ча өндүрүлүп жаткан висмуттун 90% ке жакыны составында висмуту бар коргошун-цинк, жез, калай ж. б. рудаларынан алынат.

Арбын өлчөмдө (1%тен жогору) висмуту бар Висмут рудаларынын кени жа­ратылышта сейрек. Руданын соста­вында кезигүүчү висмуттун минералдары: таза висмут (составындагы Bi 98,5—99%), висмутин Bi2S3 (81,30%), тетрадимит Bi2Te2S (56,3—59,3%), козалит Pb2Bi2S5 (42%), бисмит Bi203 (89,7%), бисмутит Bi,C03(0H)4 (88,5— 91,5).

Эндоген кендери пайда болушу жагынан гранит интрузиялары менен байланыштуу болуп, постмагмалык жана гидротерм жолу менен жаралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.