Вольфрам рудалары

Википедия дан

Вольфрам рудалары - составында жанa бөлүп алууга арзырлык вольфрам металлы бар минералдардын чогундусу.

Вольфрам рудаларынын не­гизги минералдары — вольфрамит (составында W03 74—76%) жанa шее­лит (WO380%). Эндоген кендери көбүнчө гранит интрузиялары менен байланыштуу болуп, постмагмалык, пневматолит же гидротермпроцесстеринин натыйжасында пайда болот.

Алар төмөндөгүдөй негизги типтерге бөлүнөт: вольфрамиттин майда бүртүкчөлөрү, кээде штокверкти түзүүчү ичке кварц-вольфрамит тарамчалары бар альбиттешкен, грейзендешкен жана кварцташкан граниттин же гранит-порфирлердин штоктору; вольфра­мит, сейрек учурда шеелит, кассите­рит, берилл, арсенопирит, висмутит, молибденит, пирит ж. б. сульфиддери бар кварц-талаа шпат, кварц-топаз, кварц-флюорит жана кварц тарамдары; кварц-шеелиттүү тарамдар, сульфиддер менен минералдашкан зоналар жана штокверктер; составында ферберит, антимонит, киноварь, барит бар кварц-алтын-шеелиттүү жана кварц-антимонит-шеелиттүү тоo тектер; мо­либденит, халькопирит, галенит жана сфалерит бар гранат-пироксен-скаполит составындагы шеелиттүү скарндар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.