Генуя конференциясы

Википедия дан

Генуя конференциясы (1922) — Экономика жанa финансы маселелери боюнча эл аралык конференция. 10-апрелден 19-майга чейин Генуя шаарында (Италия) өтүп, ага 29 мамлекеттин өкүлү катышкан.

РСФСРден да делегация барган. Делегациянын жетекчиси В. И. Ленин Генуяга бара албагандыктан, орун басары Г. В. Чичеринди жиберген. Делегация жалаң эле РСФСРдин эмес, бардык совет республикалардын таламдарын жактаган. Конференция Улуу Британиянын демилгеси менен чакырылган. Генуя конференциясынын официалдуу максаты Борбордук жанa Түштүк Европаны экономика жагынан калыбына келтирүү эле, би­рок иш жүзүндө империалисттик өлкөлөр саясий жанa экономика жактан Советтер республикасына кысым жасап, Россияда «тынчтык жолу менен» капит. тартып кайра орноткулары келген. Капиталисттик өлкөлөр бирдиктүү антисоветтик фронт түзөбүз деп коркутуп, Россиянын падышалык жана Убактылуу өмөттүнүн карыздарынын баарын Совет өкмөтүнө жүктөө, чет өлкөлүк капиталистерлин Совет бийлиги мамлекеттештирген ишканаларын өздөрүнө кайтаруу, тышкы соодада монополияны жойдуруу сыяктуу талаптар койгон.

Бирок советтик делегация В. И. Лениндин көрсөтмөсү боюнча бул талаптардын баарын четке кагып, чет элдик интервенция ж-a блокада Со­вет мамлекетине Канча зыян (39 млрд алтын акча) келтирсе, ошонун баарын төлөп берүүнү талап кылып, кайра империалисттик өлкөлөргө доо койгон. Советтик дипломатия Генуя конференциясынын жүрүшүндө империалисттик өлкөлөрдүн ич ара пикир келишпестиктеринен пайдаланып, алардын бирдиктүү фронтун бузуп, Германия менен Рапалл договорун түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.