Географиялык ачылыштар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Географиялык ачылыштар — географиялык жаңы объектини же георг. законченемди табуу. Географиянын алгачкы калыптануу мезгилинде мурда (негизинен европалыктар үчүн) белгисиз аймак деп аталган географиялык объектилер, өлкөлөр, региондор басымдуулук кылган. Аймактык ачылуулар, жаңы аймактарды басып алуу, экономикалык жана аскердик эрегиштик, колониялык империянын пайда болушу Байыркы дүйнөнүн жана алгачкы о. кылымдын элдеринин географиялык кругозору кыйла кеңейишине түрткү болгон. Географиялык ачылыштар жер бетинин картасын (алгачкы адам тарткан сүрөттөн азыркы карталарга чейин) түзүүгө өбөлгө болгон. Жер шары жөнүндөгү жалпы географиялык түшүнүктүн калыптануу чеги Васко да Гаманын экспедициясынан жана Ф. Магеллан жана башкалардын дүйнөнү айланып чыккан саякаттарынан, 15кылымдын аягы -16-кылымдын башталышында географиялык улуу ачылыштардан кийин башталган. 18-к.-19-кылымдын башталышындагы эң ири экспедициялар (Ж. Куктун, Л. А. де Бугенвилдин дүйнөнү айланып чыккан саякаттары, Ж. Ф. Лаперузанын, Ж. Дюмон-Дюрвилдин жана башкалардын экспедициялары) атайын (соода, промыселдик, транспорттук, аскердик максатты гана аткарбастан), ошондой эле илимий из. иштерин да жүргүзүшкөн. Россияда 18-кылымдагы илимий ири саякат 2-Камчатка (Улуу Түндүк) экспедициясы болгон. Аймакты ачуунун белгилүү бир деңгээлдеги аналогу ошондой эле 20-кылымда деңиз жана океан тамандарын картага түшүрүүдөгү ачылуулар болгон. 20-кылымдын орто ченинде аймакты ачуу дээрлик аяктаган (кургактыктын жана Дүйнөлүк океандын таманынын айрым бөлүктөрүнөн башкасы); кургактыктын зор бөлүгүн текши топографиялык сүрөткө түшүрүүнүн натыйжасында ири масштабдуу топографиялык карталар түзүлгөн. Географиялык илимдерге таандык болгон законченемдерди ачыш алардын ар биринин изилдөө объектилерине байланыштуу, кыскасы География.

Географиянын тарыхындагы өтө маанилүү аймактык ачылуулар (кашаанын ичинде экспедиция уюштурган өлкө жана экспедициясынын жетекчиси же катышуучулар)[оңдоо | булагын оңдоо]

Биздин заманга чейинки 6-к. Карфагенден Жерортолук деңиз, Батыш Африканы бойлоп, Атлантика океаны боюнча (Карфаген; Ганнон) саякат. Биздин заманга чейинки 4-к. Массалиядан Гибралтар кысыгы аркылуу Түндүк Атлантикага саякат (Грекия; Пифей). Биздин заманга чейинки 330—325. Иран тайпактоолору аркылуу О. Азияга жана Индияга жортуул (Македония; Александр. Биздин заманга чейинки 138-126. Кытайдан Тарим дарыясынын алабына жана Орто Азияга саякат (Кытай; Чжан Цянь). 10-к. Нормандардын Гренландияга жана Түндүк Америкага саякаттары (Норвегия; Бьярни Херюльфсон жана башка). 1271-95. Жерортолук деңиз, Кавказ, Памир аркылуу Чыгыш Кытайга саякат (Италия; Марко Поло). 1325-52. Батыш, Түндүк жана Чыгыш Африка, Арабия, Волгабою, О. Азия, Индия жана Кытайга саякат (Марокко; Ибн-Баттута). 1492-1503. Атлантика океанынан өтүп, Вест-Индия аралынан, Борбордук Американы (Америка материгин) ачуу (Испания; Х. Колумб). 1497-98. Африканы айланып, Европадан Индияга океан аркылуу 1-жолу жетүү (Португалия; Васко да Гама). 1498-1502. Түштүк Америкага саякат (Испания, Португалия; Америго Веспуччи). 1519-22. Жершарын 1-айланып чыгуу деңиз саякаты (Испания; Ф. Магеллан, С. Элькано). 1733-43. Экинчи Камчаткалык (Улуу Түндүк) экспедиция. Бир нече ири (академиялык жана деңиздик) отряддардан турган (Россия). Акад. отряддар Түштүк, Батыш жана Чыгыш Сибирди (Г. Миллер, И. Гмелин), Камчатканы (1737-41-ж., С. Крашенинников) изилдеген; деңиздик отряддар Евразия материгинин түндүк жээктерин жана аларга жакын райондорду (Архангельскиден Колыма дарыясынын чатына чейин), Анадырь дарыясынын алабын изилдеп, картага түшүргөн (1734-42, С. Малыгин, Д. Овцын, В. Прончищев, Х. жана Д. Лаптевдер, С. Челюскин жана башка); 1741-ж., Түндүк Американын түндүк-батыш жээктерин жана Тынч океандын түндүгүндөгү бир катар аралдарды ачуу (В. Беринг, А. Чириков). 1768-79. Жершарын үч жолу айланып чыгуу деңиз саякаты, илимий-из-лөр, бир катар аралдарды, кысыктарды жана башка ачуу, картага түшүрүү (Улуу Британия; Ж. Кук). 1799-1804. Түштүк Американын түндүк бөлүгүн, Мексика тоолорун изилдөө (Германия, Франция; А. Гумбольдт, Э. Бонплан). 1849-56, 1858-64, 1866-73. Түштүк-Чыгыш Африканы (Замбези д-н, Улуу Африка көлдөрүн, Чыгыш Африканын жээктерин) жана башка изилдөө (Улуу Британия; Д. Ливингстон). 1870—85. Борбордук Азиялык төрт жолку экспедиция. Моңголия, Кытай, Тибетти, Таримдин алабын жана Жуңгариянын тоолорун, чөлдөрүн изилдөө, картага түшүрүү, жаратылышын, калкын мүнөздөө (Россия; Н. Пржевальский). 1893-96. Түндүк Муз океан боюнча экспедициялык кеменин 1-жолу калкып (дрейф) жүрүп, изилдөөлөрдү жүргүзүшү. Борбордук Арктиканын терең деңиз алабы экенин аныктоо (Норвегия; Ф. Нансен). 1909. Түндүк уюлга жетүү (АКШ; Р. Пири). 1911-12. Түштүк уюлга жетүү (1911: Норвегия, Р. Амундсен; 1911-12: Улуу Британия, Р. Скотт). 1950-70. Дүйнөлүк океанды эл-аралык илимий программа боюнча системалуу изилдөө (СССР, АКШ жана башка өлкөлөр). 1957-58. Эл-аралык географиялык жыл. Бирдиктүү илимий программа менен Арктика, Антарктида, дүйнөлүк океан жана башкаларды комплекстүү изилдөө, маанилүү географиялык ачылыштарды (СССР, АКШ жана башка өлкөлөр) жасоо. 1965-74. Антарктиданы эл-аралык экспедициялар тарабынан үзгүлтүксүз комплекстүү изилдөө.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]