Геохимиялык кен издөө методдору

Википедия дан

Геохимиялык кен издөө методдору — Жердин литосфера, гид­росфера, атмосфера жанa биосфера кабаттарында химиялык элементтердин таралуу закон ченемин изилдөөнүн негизинде кен табуу жолдору.

Бул методдор аркылуу адегенде белгилүү бир жердеги тоо тек, топурак, жаратылыш суулары, жерге чектеш атмосферадагы жанa өсүмдүктөрдүн составындагы хим. элементтердин өлчөмү, б. а. жерг. геохим. фон (Сф) аныкталат. Хим. элементтердин жерг. геохим. фону жер кыртышындагы элементтердин кларкына чамалаш же андан арбын болушу мүмкүн. Кенге жакын аймакта хим. элементтердин өлчөмү гео­хим. фондон аз же кеп болуп езгорөт. Ал геохимиялык анома­лия (Со) деп аталат. Геохим. ано­малия аймакта кен бар экенин түздөн түз көрсөтөт. Алар ысык эриндилер аркылуу кен пайда болгон кезде ж-a андан кийип экзоген процесстеринин таасиринен руда түзүүчү негизги жана кошумча элементтер айланадагы тоо тектерге өтүп, чачырап которулушунан (миграциядан) келип чыккан (схема). Геохим. анома­лияларды аныктоо үчүн изилденүүчү аймактан системалуу түрдө ар түрдүү пробалар алынат.

Айрым эле­менттер пробасыз эле приборлор менен аныкталып, автоматтык түрдөжазылып турат (радиометр, бериллометр).

Геохимиялык кен издөө методдорунун негизгилери:

  • 1) литохим. метод-тoo тектер жанa алардын күкүмдөрүнөн текши проба алуу, алардагы элементтерди аныктоо менен аномалияларды табуу;
  • 2) гидрохим. метод — жер астындагы жанa үстүндөгү суулардын составындагы химиялык элементтер, эриген минерал заттар, иондор, газ, p ж. б. аныктоо аркылуу гидрохим. аномалияларды табуу;
  • 3) биохим. метод — белгилүү өсүмдүктөрдү текшерип, өрттөп, кулүн анализдеө менен аномалияларды ачуу;
  • 4) атмо-геохимия же газ методу атмосферанын жерге чектеш кабатындагы жанa топурак кыртышындагы абанын составынан айрым газдарды изилдөө жанa алардын өлчөмүн аныктоо менен кен табуу. Алынган пробалардан керектүү элементтердин өлчөмү спектр анализи ж. б. аркылуу аныкталып, алар матем. жолдор менен ишин чыгат.


Натыйжада аймактын геохи­миялык карталары, диаграммалар, профилдер түзүлүп, андагы чачыроонун ореолдору жанa агымдары (гео­хим. аномалиялар) белгиленет. Алар казынды жанa бургулоо жумуштары менен текшерилет.

Анын теориялык ж-a практикалык негизи геологдор В. И. Вернадский, А. Е. Ферсман, А. II. Виноградов, А. А. Сауков, В. А. Соколов, Н. И. Сафронов, И. И. Гинз­бург, А. Д. Соловов тарабынан иштелип чыккан. Аталган методдор Кыргызстанда 1955-жылдан кеңири колдонулуп, алардын жардамы менен көптөгөн кендер ачылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.