Далдалчы

Википедия дан

Далдалчы, ширенканачы – базарда, көбүнчө мал соодада сатарман менен кардардын ортосунда калыстык кылуучу соода адамы. Базарда соодалашып жаткан эки кишинин ортосуна өзү эле аралашып, экөөнү эпке келиштирип, калыстыкта соодалап жиберет. Базар салтында сатарман да, аларман да далдалчыга аздан акча-тыйын (ширенкана) беришкен. Алар ар күнү эртеден базар тараганга чейин жүргөндүктөн кесип катары эсептелген. Соодага шыгы жок болгондуктан, кыргыз далдалчылар сейрек кездешкен. Кыргыздардын соодасын өзбек, татар далдалчылары бүтүрүп беришкен. Совет бийлигинин жылдарында далдалчылар өзүнөн өзү азайган. Азыркы учурда далдалчылар кайрадан көбөйүүдө. Буга базар экономикасы түрткү болууда.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.