Дельта

Википедия дан
Дельта (Ганг).

Дельтадеңиз же көлдүн тайыз жерине куйган ири дарыянын төмөнкү агымындагы агынды-шиленди тектерден түзүлгөн түздүк. Термин гректин "Δδ" (дельта) деген баш тамгасынан алынган, анткени ошол убакта Нил дарыясынын чатын үч бурчтукка окшоштурушкан. Дарыя куйган жерде суу агымынын ылдамдыгы кескин басаңдашынан агындылар чөгүп, сайроондор пайда болот. Алар бара-бара сууну сай-сайлатып бөлүп, агым бир нече салаа боюнча агып калат. Убакыт өткөн сайын дельтанын аянты деңизди карай чоңоёт. Дельтанын жайылып чоңоюшунун ылдамдыгы жылына бир нече мден жүздөгөн мге чейин жетет. Айрым ири дарыялардын дельтасы чоң аянтка ээ. Мисалы, Амазонка дарыясыныкы 100 миң км2, Волганыкы 13 миң км2 жана башка. Пайда болушуна жана өсүп-өрчүшүнө байланыштуу үч бурчтуу дельта (Нил дарыясы), жалпак дельта (Миссисипи, Кура), догоо сымал (Лена), тумшук сымал (Тибр), бөлүнгөн (Камчатка), толгон (Кубань) жана башка болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия