Мазмунга өтүү

Джелато

Википедия дан

Джелато (итал. gelato) бул Италиядан чыккан балмуздак. Ал жогорку сапаттагы сүт, каймак жана кант менен, табигый мөмө-жемиштер, жашылчалар, татымал чөптөр, шоколад, жаңгак жана сыр менен жасалат. Джелатодо 7% сүт майы жана 15% аба камтылган, бул ага бай даам жана тыгыз текстура берет. Фабрикалык балмуздактарда өсүмдүктөн алынган 25% май жана 52% аба бар. Ошондой эле, джелатодо химиялык кошулмалар жок, ошондуктан анын сакталуу мөөнөтү болгону 3 күн, ал эми фабрикалык балмуздак 3-4 жылга чейин сакталат.