Жар-Кыштак (Сузак району, Барпы айыл аймагы)
Жар-Кыштак | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Бийиктиктиги |
770 |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Жар-Кыштак — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Барпы айыл аймагынын курамына кирет. Деңиз деңгээлинен 770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 22 км.
Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Калкы - 1447 киши (2023-жылы)[1]; негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кыштакта белгилүү чабан, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Д. Чойбеков туулган.
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5