Жумагазы Садыр уулу Усупов
Жумагазы Садыр уулу Усуп небереси (Усупов; 08.10.1953 – 19.12.2024) – Кыргызстандагы демократиялык жаңылануу жүрүмүнө зор салым кошкон чыгаан коомдук ишмерлердин бири, “Ашар” козголушунун жетекчиси, мурдагы КДКнын жигердүү мүчөсү, журналист жана ишкер. “Даңк” медалынын ээси (2011).
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жумагазы Садыр уулу Усупов 1953-жылы 8-октябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Балыкчы (мурдагы Рыбачье) жергесинде туулган.
Ал чоң атасы Усуптун ысымына улап “Чоң Аюу” деген адабий атты да алып жүрдү. Кийинчерээк ал көп учурларда өз тегатын “Садыр уулу” деп гана атап калды.
Жумагазы 1973-жылы Бишкектеги айыл чарба техникумун “зоотехник” адистиги боюнча бүтүргөндөн кийин Советтик армияда кызмат өтөгөн.
Ал 1981-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин (азыркы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин) журналистика факультетин аяктаган.
Аны Ленинградда (Санкт-Петербургда) кезинде эле алатоолук студенттерди ынтымакка чакырган, диаспора үчүн кол жазма журнал чыгарган, мекенчил жигит катары сыйлашчу.
Ал “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде өз кабарчы болуп иштеген учурлары болду.
1987–1991-жылдары ал “Кыргыз жери” (мурдагы "Кыргызстан айыл чарбасы") журналынын редакторунун орун басары болуп иштеп турду.
1989-жылы ал бир эле учурда “Ашар” козголушун негиздөөгө жана аны жетектөөгө салым кошту.
1989-жылы 15-июлда Бишкекте “Ашар” козголушунун уюштуруу жыйынында “Ашар” козголушунун Кеңешинин төрагасы кылып журналист Жумагазы Садыр уулу Усуп-Чоң Аюу мырзаны, ал эми уюмдун Аткаруу комитетинин төрагасы кылып сүрөтчү Жыпар Жекше мырзаны шайлашкан.
Жумагазы Садыр уулу “Ашар” козголушунун 1990-жылы 25–26-майда Кыргызстан демократиялык кыймылын негиздеген уюмдардын бири болуп чыгышын да кубаттаган, өзү КДКнын Башкармалыгынын мүчөсү болуп калган.
1991-жылы жазында “ашарчылар” КДКнын жетекчилигине 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 75 жылдыгына арналган “Өмүр көчү–75” жөө жүрүшүн уюштурууну сунушташкан. [1] Айтмакчы, бул ойготкуч саясий-маданий иш-чара Жумагазы Садыр уулунун сунушу менен “Өмүр-Көчү–75” жүрүшү деп аталган.
Ж.Садыр уулу Кыргызстандын эгемендикке жетишине абдан кубанган жана бул үчүн өзү да жаран катары салым кошкон.
1990–1995-жылдары ал Бишкек шаарында жаңы конуштардын инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, "Ашар" ишкер долбоору деген түзүлүштөрдү түптөп, өзү Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары, "Ашар" ишкер долбоорунун башкы директору болуп да иштеген.
Ал кийин да эгемен өлкөбүздөгү коомдук иштерге жигердүү катышып, саясий окуялар боюнча өз пикирин ачык билдирип турган. Ал Кыргызстандын демилгелүү жаштарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн багытталган бир катар маанилүү ишкердик, чыгармачыл жана башка долбоорлорду жүзөгө ашырган.
2019-жылы ал "АШАР-Алтан" саясий партиясын негиздеген.
Жумагазы Садыр уулу Усуп небереси 72ге караган жашында 19-декабрда Бишкекте дүйнөдөн кайтты. [2]
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2024-жылы 20-декабрда кичи мекенинде – Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылында өткөрүлмөкчү.
Үй-бүлөсү:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөсү бар.
Жубайы Салый экөөнүн төрт кызы (Жаркынай, Дилиназ, Айкөкүл жана Багынур), бир уулу (Күнайбек) бар.
Сыйлыктары:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Даңк” медалы (28.8.2011)
- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (31.12.2016) [3]
Жарык көргөн эмгектери:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал көп сандаган макалалар жарыялаган. Андан тышкары үзөүңгүлөшү Ракыя Жусупова айым менен калемдешип, 2020-жылы “Өмүр көчү” – 75–90–100” китебин жарыкка чыгарды.
- Садыр уулу, Жумагазы. Нарктуу өлкө // "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылы: Эгемендик менен демократия үчүн күрөштүн башаты: Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы – КДКнын 25 жылдыгына арналган макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), академик А.Эркебаев, ж.б. – Б.: “Maxprint”, 2015. – Б. 114–123.
- Садыр уулу Ж., Жусупова Р. “Өмүр көчү” – 75–90–100. – Бишкек: Улуу Тоолор, 2020. – 448 б.
Ал жана анын доору тууралуу адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Акматов К. Окуялар, адамдар (Миң бир күн): Даректүү баян. – Б.: Акыл, 1998. – 296 б.
- Акунов А. Кыргызстан эгемендик доорунда (1991-2017). – Б., 2017. 26-б. Дагы караңыз: Акунов, Аалыбек. Кыргызстан эгемендик доорунда (1991–2021) / Жооптуу ред. проф. Т.К.Чоротегин. – 2-бас, тол. ж-а оңд. – Бишкек, “Калем”, 2021. – 1040 бет.
- "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылы: Эгемендик менен демократия үчүн күрөштүн башаты: Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы – КДКнын 25 жылдыгына арналган макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), академик А.Эркебаев, ж.б. – Б.: “Maxprint”, 2015. – 166 б.
- Жусупова, Ракыя. "АШАР” – демократиянын башаты // "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылы: Эгемендик менен демократия үчүн күрөштүн башаты: Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы – КДКнын 25 жылдыгына арналган макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), академик А.Эркебаев, ж.б. – Б.: “Maxprint”, 2015. – Б. 73–83.
- Кадырмамбет, Жумамүдүн. Санжыра жана азыркы доорубуз тууралуу учкай кеп: Макалалар. Эскерүүлөр / Жооптуу редактору Т.Чоротегин. – Бишкек: Maxprint, 2024. – 166 б
- Саясат таануу: Энциклопедиялык окуу куралы / Жооптуу редактор Аалыбек Акунов. – Б.: Кыргыз энцикл. Башкы ред., 2004. – 400 б.
- Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- https://www.azattyk.org/a/cumagazy_sadyr-uulu_usup-neberesinin_carqyn_elesine_19-12-2024_chorotegin/33246023.html
- https://www.azattyk.org/a/jumagazy-sadyr-uulu-ashar-kyymyly-eldi-oygotkon-/32200021.html
- https://www.azattyk.org/a/27068935.html
- https://nagrada.srs.kg/Site/Awarded/49832
- https://www.labyrinth.ru/content/card.asp?cardid=28326
- https://kaktus.media/doc/402522_obzor_novyh_politicheskih_partiy_kyrgyzstana._kto_iz_nih_planiryet_idti_na_vybory.html
- https://www.azattyk.org/a/leningrad-magazine-kopuro-kyrgyz-students-memuars/29255161.html
Ички шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Садыр уулу Ж., Жусупова Р. “Өмүр көчү” – 75–90–100. – Бишкек: Улуу Тоолор, 2020.
- ↑ https://www.azattyk.org/a/cumagazy_sadyr-uulu_usup-neberesinin_carqyn_elesine_19-12-2024_chorotegin/33246023.html
- ↑ https://nagrada.srs.kg/Site/Awarded/49832