Жумамүдүн Кадырмамбетов

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search
Жумамүдүн Кадырмамбетов, Бишкек. 14-июль, 2007-жыл.

Жумамүдүн Кадырмамбетов (орусча Джумамудун Кадырмамбетов, англисче Jumamudun Kadyrmambetov) (1946-жылы бирдин айынын (февралдын) 15инде Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Он-Арча айылында туулган) – заманбап кыргызстандык саясатчы, аймактык коомдук ишмер, педагог жана публицист, мурдагы КДКнын Нарын облусук Кеңешинин төрагасы, Нарын районунун ардактуу атуулу.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жумамүдүн Кадырмамбетов 1946-жылы 15-февралда Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районуна) караштуу Он-Арча айыл аймагындагы Эчки-Башы кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.
Анын ата-бабасы Кыргызстандагы Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Он-Арча кыштагындаЭчки-Башы айылынан чыккан.

Чоң атасы Чоро ажы Айты уулу Саты небереси – айылдагы беделдүү инсандардын бири, элүү башы болгон, падышалык Орусиянын тушунда Мекеге ажылыкка барган. Теги – кыргыздын тынымсейит уруусунан.

Атасы – Кадырмамбет Чороев (1922–1975). Энеси – Алия Кыдыралиева (1924–2001).
Ж.Кадырмамбетов 1963-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ломоносов атындагы орто мектепти бүткөргөн.

10-сентябрь 1965-жылдан тартып Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетинин 1 курсуна күндүзгү окуу бөлүмүнө кирди.

Анын окутуучуларынын арасында профессорлор Анварбек Хасанов, Сабыр Аттокуров, арабист Өмүркул Караев, доценттер Какен Мамбеталиева, Сейне (Ксения) Искенова, Мидил Жамгырчинов, ж.б. болду. Курсташ досторунун арасында тарыхчы Таавалды Мурзабеков да болгон. [1]
Ж.Кадырмамбетов 1966-жылы ден соолугуна байланыштуу факультеттин сырттан окуу бөлүмүнө которулду.
Ал 1966-жылдын 10-октябрынан 1970-жылдын 1-апрелине чейин Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы кыштагында (ал кездеги “Коммунизм” колхозунда) жападан-жалгыз мектеп болгон “Коммунизм” орто мектебинде тарых мугалими болуп иштеди. [2]
Бир аз убакытка ал мында мектептин директорунун орун басары да болуп эмгектенди.
Ал узак убакыт бою ашказанын дарылатып жүрдү. Саламаттыгынын айынан 1969-жылы 4 курстан тартып окуусун таштады, андан ары өз билимин өз алдынча жогорулатты.

Ж.Кадырмамбетов 1970-жылдын 1-апрелинен 1975-жылдын 21-мартына чейин Кыргызстан Комсомолунун Тянь-Шань райкомунда мектептер боюнча бөлүм башчы-секретары болуп иштеди.

Ал 1975-жылдын 21-мартынан 1975-жылдын 12-октябрына чейин “Билим” коомунун Тянь-Шань райондук уюмунун башкармалыгынын жооптуу катчысы, 1975-жылдын 12-октябрынан 1983-жылдын 16-майына чейин “Билим” коомунун Нарын облустук башкармасынын референти болуп эмгектенди.
Ал 1983-жылдын 16-майынан тартып 1984-жылдын 19-ноябрына чейин Нарын облустук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн ага инспектору болуп иштеди.
Ал 1984-жылдын 3-декабрынан 1985-жылдын 28-мартына чейин Нарын облустук китеп сүйүүчүлөр коомунда инспектор болуп иштеди.
Ал 1985-жылдын 2-апрелинен 1986-жылдын 7-июнуна чейин Нарын облустук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн ага инспектору болуп иштеди.
Ж.Кадырмамбетов 1986-жылдын 30-сентябрынан 1987-жылдын 30-июнуна чейин Нарын облустук “Колхозчу” спорт коомунда төраганын орун басары, 1987-жылдын 1-июлунан 1988-жылдын 23-декабрына чейин Профсоюздардын Нарын облустук “ВДФСО” спорт коомунда төраганын орун басары болуп иштеди.
Ал 1989-жылдын 2-январынан 1991-жылдын 16-апрелине чейин Профсоюздардын Нарын шаардык спорт коомунда инструктор болуп иштеди.
Ж.Кадырмамбетов 1991-жылдын 16-апрелинен 1992-жылдын 16-апрелине чейин Агро өнөр-жай комплексинин Нарын обкомунун консультанты болуп иштеди.
Ал 1992-жылдын 16-апрелинен 1993-жылдын 7-январына чейин Нарын облустук “Намыс” спорт коомунда бөлүм башчы болуп иштеди.
Ал 1993-жылдын 13-январынан 1994-жылдын 11-апрелине чейин Профсоюздардын Нарын облустук Кеңешинин нускоочусу болуп иштеди.
Ал 1994-жылдын 11-апрелинен 1996-жылдын 13-майына чейин Профсоюздардын “Намыс” спорт коомунун адиси болуп иштеди.

Андан соң Ж.Кадырмамбетов ардагерликке чыкты. Бир аз жыл Чүй облусунун Кант районуна караштуу айылда жашады.

Учурда ал Бишкек шаарында жашайт.

Кыргызстандын Нарын облусундагы коомдук ишмердиги. КДК.[оңдоо | булагын оңдоо]

Жумамүдүн Кадырмамбетов 1990-жылдын майынан 1993-жылдын майына чейин “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын (КДК) Республикалык Кеңешинин мүчөсү болду.

Ал 1990-жылдын декабрынан 1992-жылдын апрелине чейин КДКнын Нарын облустук кеңешинин тең-төрагасы болуп, коомдук башталышта иштеди.
Ж.Кадырмамбетов КДКнын Нарын облустук кеңешинин теңтөрагасы кезинде кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук–боштондук кыймылынын 75 жылдыгына арналган КДК тарабынан уюштурулган 1991-жылдын июлундагы “Ɵмүр кɵчү” жүрүшүнүн Балыкчы – Кочкор – Долон – Нарын – Ат-Башы – Торугарт багытындагы жүрүшүн уюштурууга зор салым кошту.
Ж.Кадырмамбетов 1992-жылдын апрелинен 1994-жылдын майына чейин КДКнын Нарын облустук кеңешинин жалгыз төрагасы болуп, коомдук башталышта иш алып барды.
Түздөн-түз анын демилгеси жана КДКнын облустук Кеңешинин жигердүү мүчөлөрүнүн катышуусу менен облустагы жарандык коом үчүн 1990–1994-жылдары төмөндөгү иштер аткарылган:
1. 1990-жылдын сентябрь айынан баштап биз түзгөн “Нарын комитети” Ысык-Көл облусунан Нарын облусун кайра бөлүү максатында миңдеген адамдардын кол тамгасын чогултуп республиканын жетекчилери Масалиевге, Акаевге, Шеримкуловго, Жумагуловго кайрылышкан.
2. 1991-жылы 1916-жылдагы Улуу Үркүндүн 75-жылдыгына карата “Өмүр көчү” жүрүшүнө катыштык.
3. 1992-жылы 28-30-сентябрда Нарын шаарында саясий ачкачылык акциясын өткөрүп өкмөттүн социалдык саясатына нааразылык билдирип, тоолуктардын социалдык абалына мамлекеттик колдоонун зарылдыгын билдирип, Нарын облусунун эмгекчилеринин айлык-маяналарынын жана стипендия, жөлөкпулдардын өлчөмүн 150% көтөрүү боюнча (мурда 135% болгон) Президент А.Акаевдин жарлыгын чыгартууга жетишкен жана 350 кВт электр кубатына жарым акчасын төлөө белгиленген.
4. 1993-жылдын сентябрь айында Нарын облусунун айыл-кыштактарында саясий жүрүш уюштуруп, миңдеген адамдардын кол тамгасын чогултушуп, 1994-жылдын июль айынан тартып облуста иштеген эркектер 55 жашында жана аялдар 50 жашында карылыгы боюнча ардагерликке (пенсияга) чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.
Нарын облустук Кеңешинин сессиясында Президент А.Акаевдин катышуусунда облустун экономикасын өнүктүрүү боюнча маселе талкууланды. Анда Нарын аймагына 220 кВт электр чубалгысын курууну тездетүү, Нарын шаарына троллейбус линиясын куруу, жогорку окуу жайларын ачуу маселелери дагы белгиленди (1994-жылы март айында Министрлер кабинетинин чечими чыгарылган).
Нарындагы КДК облустук уюму бул иш-чаралар үчүн жарандык коомдун талаптарын өкмөткө жөнөтүшкөн.
5. Нарын облусунда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык камсыздоону көңүлгө алуу, отун-суу маселелери ж.б. талаптарды да жарандык коомдун атынан жергиликтүү жана борбордук бийликтерге жөнөтүшкөн.

Жумамүдүн Кадырмамбетов, Он-Арча айыл аймагы, Нарын району. 11-август, 2009-жыл.

Кийинчерээк, ал Бишкектеги КДКнын жана башка демократиячыл уюмдардын, анын ичинде укук коргоо кыймылынын мааракелерине арналган коомдук жыйындарга үзбөй катышып келди.

Жумамүдүн Кадырмамбетов 1970-жылдардан тартып Кыргызстандагы мезгилдүү маалымат каражаттарына жана китептердеги макалалар топтомдоруна ар кыл макалаларды, эскерүүлөрдү жана башка маалыматтарды (кыргыз тилинде) жарыялап келет. Ошондуктан аны жергиликтүү өз демилгелүү журналист жана публицист катары карашат.
Ж.Кадырмамбетов бош убактысында айылындагы санжыралык маалыматтарды да салыштырып иликтеп келет.

Коомдук иштеги үзөңгүлөштөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Ж.Кадырмамбетов КДКнын жетекчилери Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекше, Кадыр Матказиев, укук коргоочу Турсунбек Акун менен тыгыз иштешти.

Ал эми дубанда Нарын облусундагы КДКнын облустук кеңешинин теңтөрагалары Жумабек Мүсүралиев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Орозбек Бектуров (алгач Ж.Кадырмамбетов үчөө теңтөрага болушкан), КДКнын облустук жигердүү мүчөлөрү: дарыгерлер Акимаалы Моңолов, Асанбек Тазабеков, журналисттер Алтымыш Ашыракманов, Сагын Жуматаев, инженерлер Туратбек Султаналиев, Халил Молдоев, укук коргоочу Зуура Үмөталиева, музыкалык драма театрынын музейинин директору, акын жана футбол тренери Болот Алаков, шаардык спорт мектебинин тренерлери Төлөн Насырбеков (жөө күлүк), Алмаз Жанбоев жана Абдылда Калдыбаев жана башка бир нече ондогон мүчөлөр анын үзөңгүлөштөрү болду.

Даңазалуу айылдаштары[оңдоо | булагын оңдоо]

Ардагер журналист Сулайман Мамбеталиев, Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 27.9.2012.

Ж.Кадырмамбетов айтылуу манасчы Дуңкана Кочуке уулу, коомдук ишмер Күмүш Суран кызы, кыргыздын чыгаан акын кызы, маркум Жумакан Тынымсейитова, диктор Капар Алиев, заманбап кыргыз жазуучусу Кеңеш Жусупов, журналист Сулайман Мамбеталиев, генерал Бейше Молдогазиев, композитор Сайыргазы Түркмөнов, архитектор Вера Алиева (1940-2014), мугалим Өмүр Абдыкадыров, карындашы, түрколог, профессор Гүлзура Жумакунова сыяктуу бир катар айылдаштары менен замандаш.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жумамүдүн Кадырмамбетов жубайы Макен Чүйтүкеева менен. Ийри-Суу, Нарын району, Кыргызстан. 09-август, 2009-жыл.

Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жолдошу Макен Чүйтүкеева – Нарын облусунун Жумгал районуна таанлык Кыз-Арт айылынан. Алар 1966-жылы үйлөнгөн.

Жубайлар үч кыз, төрт уулдуу болушуп, тарбиялап өстүрүштү (Жылдыз, Таалайбек, Гүлзат, Мелис, Рамис, Чолпон, Эрнис). Алардын үй-бүлөлөрү бар, бала-бакыралуу.

Таалайбек Жумамүдүн уулу 2020-жылы оорудан каза болду.

Гуля Кадырмамбетова Берлиндеги Трептов паркта. 12-октябрь 2008-жыл.

Жалпы 8 бир тууган: ата-энесинин тун уулу – ал өзү (15.02.1946), андан кийин төрөлгөндөр: Гуля Кадырмамбетова (24.10.1951), Кубанычбек Чороев (1954-жылы 10-ноябрда Чүй облусундагы Кант районуна караштуу Люксембург кыштагында туулган – 2019-жылы 6-декабрда Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Эчки-Башы кыштагында каза болгон), Тынчтыкбек (28.03.1959), Бакытбек (04.02.1962), Гүлмира Чороева (04.02.1964), Нуржан Чороева (16.12.1968) жана кенже иниси Нурлан Чороев (10.05.1971).

Наамдары. Сыйлыктары. Мүчөлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Эмгек ветераны” медалы (1991-жыл)
  • “КДКнын 25-жылдыгы” медалы (2015-жыл)
  • Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамынын ээси (март, 2016-жыл).

Ал жана анын доору тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылы: Эгемендик менен демократия үчүн күрөштүн башаты: Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы - КДКнын 25 жылдыгына арналган макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), академик А. Эркебаев, ж.б. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 166 б., сүрөт. – “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. - ISBN – 978-9967-12-487-5.
  • Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 588 б. - ISBN 978-9967-13-229-0.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Чороев К. К. Дөөлөт таңы: Повесть, аңгеме, новеллалар, эскерүүлөр / Редактор Жумабек Медералиев. - Бишкек: Турар, 2015. - ISBN 978-9967-15-497-1. - 304 бет, сүрөттөр.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.
  • Жекшеев Жыпар. Атуулдук биримдикке чакырам. — Бишкек, 2003. — 112 6. - ISBN 9967-20-870-8.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Айылдаштары, замандаштары. Кыскача сүрөт баян[оңдоо | булагын оңдоо]

Эчки-башылыктардын өздүк көркөм чыгармачылык тобу. Жетекчиси - Сайыргазы Түркмөнов. 1960-жыл.
Эчки-башылык мугалимдер тобу мектеп деректири Самүдүн Шайкыев менен бирге. 1970-жыл.
Журналист Кубанычбек Чороев Бишкек шаарында. 10-ноябрь, 2014-жыл.
Эчки-башылыктар (оңдон солго): Күмүш Суранова, Кеңеш Жусупов, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Тынчтык Иманалиев. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2007-жылдын 14-апрели.
Капар Алиев. 1960-жылдардын акырындагы үй-бүлөлүк сүрөт архивинен. Бишкек (Фрунзе) шаары, Кыргызстан.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 11.3.2012.
Кыргыз архитектор айымы Вера Алиева. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 20-октябры.
Профессор Гүлзура Жумакунова Кэмбриждеги илимий жыйында. 20.9.2011.

Ички шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_ussr_history_education_taabaldy_murzabekov_blog_tch_ky/29808414.html
  2. https://www.azattyk.org/a/Kyrgyzstan_Jusup_Imanaliev/1939997.html