Он-Арча, кыштак (Нарын)

Википедия дан
Он-Арча кыштагы‎»‎ барагынан багытталды)
Он-арчалык мугалимдер тобу мектеп деректири Самүдүн Шайкыев менен бирге. 1970-жыл.

Он-Арча кыштагы - Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу кыштактын аты.

Бул кыштак Он-Арча айыл өкмөтүнө карайт, аны Эчки-Башы суусунун аталышынан улам Эчки-Башы кыштагы деп да коюшат.

Советтер Биримдигинин тушунда кыштак Тянь-Шань районунун "Коммунизм" колхозунун борбору болгон.

Кыштакта орто мектеп, эки кабат клуб бар.

Кыштактагы алгачкы мектепти Сулайман Молдо ХХ кылымдын башында кургандыгы айтылат. Ал айылдыктарды арап жазмасындагы кат жазууга үйрөтүп, топурактан мектеп тургузган.

Совет доорундагы мектепти курууга чоң эмгек сиңирген башка бир айыл аксакалы - Жусуп Иманаалы уулу (Иманалиев) болгон.

1919-жылдан тартып мугалим болгон Жусуп Иманалиев учурунда Нарын, Ысык-Көл облустарында отузга жакын айылдык мектептин ачылышына салым кошкон. 1947-жылы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим деген ардак наамга арзыган.

Пост-советтик доордо Эчки-Башы айылындагы мектепке Жусуп Иманаалы уулунун ысымы ыйгарылды.

Бул тоо койнундагы айылдан айтылуу манасчы Дуңкана Кочуке уулу чыккан. Анын варианты Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталууда.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 11.3.2012.

Эчки-Башыдан акын айым Жумакан Тынымсейитова, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов, кыргыздын чыгаан диктору Капар Алиев, архитектор Вера Алиева сыяктуу белгилүү зыялылар туулуп өскөн.

Эчки-башылыктардын өздүк көркөм чыгармачылык тобу. Жетекчиси - Сайыргазы Түркмөнов. 1960-жыл.

Ушул айылдан чыккан башка таанымал инсандардын арасында Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер композитор Сайыргазы Түркмөнов менен Султан Мамбетбаев, тарых илимдеринин кандидаты, кыргыз айымдарынан чыккан тунгуч этнограф Какен Мамбеталиева, тилчи окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, Анкара университетинин профессору Гүлзуура Жумакунова, философия илимдеринин кандидаты, саясий илимдеринин доктору Гулмира Мамбеталиева,филология илимдеринин кандидаты Нуржан Нарынбаева ж.б. бар.

Айылдын атагын чыгаргандардын арасында Социалисттик Эмгектин Баатыры Мукамбет Кожоканов, учурунда Кыргызстандын мамлекеттик жана ички иштер тармагында иштеп, генерал даражасына жеткен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы "Алтын" комиссиясынын мүчөсү Бейше Молдогазиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Мукаш Эсеналиев, белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев, КДКнын Нарын облустук уюмунун жетекчиси (1990-1993) Жумамүдүн Кадырмамбетов, журналист жана ишкер Кубанычбек Чороев, спорттук журналист Кабыл Макешов,журналист жана көркөм өнөр иликтөөчү Сапалкан Арипов, ар кыл жооптуу кызматтарда иштеген Эрмек Кудайбергенов, Токон Жусаев, Курманбек Нурмухамбетов жана башкалар бар.

Айылды жетектегендердин арасында мурдагы башкармалар Жусай Байсабаев, Күмүш Суран кызы жана башкалар болду.

Айылда таалим берген чыгаан педагог агартуучулардын арасында Өмүр Абдыкадыров, Самүдүн Шайкыев, Нурмукамбет (Кулум) Токтобеков, Кочкорбай Жумаев, Күлүйпа Жамантаева, Исмаил Оморов, Мукаш Акунов, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Шакен Мамбеталиева, Батый эже, Жумакан эже, Батыйна эже, Самбарбекова Батма, Акунова Сабира, Турганбаева Рая, Нуралиева Нургул, Ногоева Турсун, Абласанова Майрам, Шергазиева Шахтагул, Кудагелдиева Гулумжан, Тамара эже, Нурила эже, Жыргал эже, Зина эже, Зарлык агай, Кадыркул агай,Кочкорбай агай, Үмөткан эжей, ошондой эле кийинки педагог муундун ар кыл өкүлдөрү бар.

Орто мектептин жанында тээ 1975-жылы эле 1941-1945-жылкы Улуу Ата мекендик согуштун каармандарына арналган чоң эстелик тургузулган. Айылдан чыккан жүздөн ашуун жигиттер бул улуу согушка катышып, далайы кайтпай калган.

1920-30-жылдардагы сталиндик репрессия да нечендеген айыл азаматтарынын өмүрүн кыйган.

1990-жылдары айылга жаңы жамы мечит да курулган. Ага чейин Көлбай Молдонун мечити болгон. Айылда Кумуш, Токтор, Балбан, Карбос деген чон уруулар жана башка майда уруулар бар.Негизинен Тынымсейиттин тукумдары болуп саналат. Айылдагы эң эски күмбөздөрдүн арасында дөбөдөгү Чоро ажынын күмбөзү өзгөчө тарыхка ээ. Бул күмбөз 1920-жылдары тургузулган.

Айыл калкы дыйканчылык жана мал чарбасы менен кесиптенет.

Эчки-башылык малчылар адатта Солтон-Сары, Терс-Суу сыяктуу жайлоолорго чыгышат.

Кыштакты айлантып курулган Он-Арча каналы көбүнесе коңшу "Эмгекчил" жана Миң-Булак айылдарынын талааларын сугарат. 2013-жылы эки кабаттуу маданият уйу уч жарым миллион сомго ондолду. Андан тышкары айылдын паркына питомник уюштурулуп айланасы АГА ХАН фонду тарабынан корулду.Ошондой эле АГА ХАН фондусунун дагы бир долбоору алкагында Кондой, Алкым участокторуна барчу эски арык тазаланып, суу берилди.2012-жылы Он-Арча жайыт комитетинин демилгеси менен Он-Арча суусуна АРИС тарабынан мал айдап отуучу чон копуро курулду.

Пайдаланылган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күмүш Суранова, элеттик кыргыз коомдук ишмер айымы. Бишкек шаары. 2007-жылдын 14-апрели.


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Нарын облусу: Энциклопедия. Жооптуу редактор академик У.Асанов. - Бишкек: Кыргыз энцикл. Башкы ред., 1998. - (ISBN 5-89750-100-1)
  • Урстанбеков Б.У., Чороев (Чоротегин) Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. — Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. — 288 бет. — (ISBN 5-89750-028-2)
  • Макешов, Кабыл. Кыргызстан: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. - Бишкек: Турар, 2011. - 296 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-15-107-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыл элестери. Айыл инсандары. Сүрөттөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]