Жыпаркүл Исабаева

Википедия дан
Исабаева Жыпаркүл
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Исабаева Жыпаркүл
Туулган жылы: 1967-жылы 20-март
Туулган жери: Миң-Булак айылы, Нарын району, Нарын облусу
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, жазуучу


КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты, КР Өкмөтүнүн ардак грамотасынын ээси, акын, жазуучу Жыпаркүл Исабаева Нарын районунун Миң-Булак айылында 1967-жылы 20-мартта туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин аяктагандан кийин эмгек жолун балдардын «Жеткинчек» республикалык гезитинин адабият жана искусство бөлүмүнүн редактору болуп иштөөдөн баштаган.

1997-жылы «Кыргыз Караван» гезитинин кабарчысы.
2001-жылдан «Кыргыз Туусу» гезитинде кабарчы болуп иштеп келет. Чыгармачылык жолу 1981-жылы «Кыргызстан пионери» (азыркы «Жеткинчек») гезитинин активдүү кабарчысы жана автору болуп иштөө менен башталган. Ошол жылдан тартып ырлары, аңгемелери республикалык гезит-журналдарда жарык көрүп келет. 1998-жылы Швейцариялык «Хельветас» эл аралык уюму уюштурган «Кыргызстан жазуучуларынын» фестивалынын лауреаты болгон. 2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Алыкул Осмонов атындагы ркспубликалык адабий сыйлыктын лауреаты.

КРнын Өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланган.

КР Маданиятынын мыкты кызматкери.

Ондон ашык прозалык, поэтикалык жана даректүү жыйнактардын жана 200дөй обондуу ырдын автору.

Кино тармагында: Т.Бирназаров тарткан "Баарын кайрадан баштайлычы", "Кумар" (биргелешип жазылган) көркөм тасмаларынын сценарийинин автору жана КТРКда Ы.Окенова тарткан "Акшоола" телесериалынын сценарийин жазган.

Театр сахналарында "Семетейчи Сейдана" (Талас), "Канат менен Зарина" (Каракол) повесттери сахналаштырылган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыздар дүйнө элин жакшылыкка алып барат: Маектер. – Б.: Малабек, 2000. – 174 б.
  • Жыландын сүйүүсү: Ырлар, повесть – Б.: Турар, 2003. – 244 б.
  • Алыкулду сүйгөн кыз: Документалдуу повесть. – Б.: Бийиктик, 2004. – 128 б.
  • Махабат мазары: Повесть. – Б.: Бийиктик, 2004. – 152 б.
  • Адашкандар: Роман. – Б.: Бийиктик, 2008. – 296 б.
  • Тагдыр жана сыйкыр: Повесть. – Б.: 2008.
  • Жыландын сүйүүсү: Повесть, аңгемелер (2-китеби) – Б.: А.Абыкеев жеке менчик басмасы, 2008. – 160 б.
  • "Күнкесел" Повесть
  • "Ыркуса" - ыр жыйнак
  • "Бир үзүм от" ж.б.
  • "Семетейчи Сейдана"

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Канат и Зарина: Повесть. – Б.: Бийиктик, 2005. – 155 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]