Занде тили

Википедия дан

За́нде (аза́нде, баджанде, пазанде, санде, занди) — занде элинин эне тили. Конго Демократиялык Республикасын түндүк-чыгышында, Борбордук Африка Республикасынын түштүк-чыгышында жана Түштүк Судандын түштүк-батышында таралган.
Сүйлөгөндөрдүн саны 1142 миң адам, анын ичинде 730 миң КДР, 350 миң — Түштүк Суданда, 62 миң — БАР.

Расмий аталышы:

За́нде

Өлкөлөр:

Конго Демократиялык Республикасы
Түштүк Судан
Борбордук Африка Республикасы

Колдонгондордун жалпы саны:

1142 миң

Классификациясы
Түрмөгү:

Африка тилдери

(?)Нигер-конго макробүлөсү

(?)Адамава-убанги уясы
(?)Убанги тобу
Занде тили
Жазылышы:

латын алфавити

Тилдер коду
ISO 639-1:

ISO 639-2:

ISO 639-3:

Жазуусу латын алфавиттин негизинде.

Классификация

Буга чейин изилдөөчүлөр занде тилин убанги тилдеринин тобуна киргизген, бирок бүгүнкү күндө бул классификация критикага туруштук бере албайт.
Ошондой эле, тилдин Нигер-конго макробүлөнүн курамында болгону азырынча толук далилдене элек.

Грамматика

Тыбыш курамында 8 үндүү жана 19 үнсүздөр бар. Үндөрдүн созулушу кээде лексикалык мааниге ээ. Үнсүздөрдүн арасында лабио-велярдык үнсүз kp жана үндүү db бар. Грамматикалык, лексикалык жана синтаксистик мааниге ээ болгон эки тон бар. Тондор сөздөрдүн айрым класстарын мүнөздөп, этиштин жакталышын жана учур мамилелеринин берилишинде чоң мааниге ээ. Зат атоочтордун грамматикалык жынысы жок, бирок ат атоочтордо төрт жыныс бөлүнөт: эркек, аял, айбан жана жансыз.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]