Зодиак

Википедия дан
Зодиак «айбандар тегереги»
Дендер зодиагы: 12 белги жана 36 декан

Зодиак «айбандар тегереги» деген сөздү түшүндүрөт. Ортосунда эклиптика турган, жазылыгы 8° асман сферасынын алкагы.

Зодиак топ жылдыздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күн топ жылдыздарды аралап, бир жыл ичинде асман сферасындагы чоң тегерек эклиптика бонча өтөт. Күн басып өткөн 12 топ жылдыз зодиак топ жылдыздары деп аталат жана зодиак алкагы деп аталуучу алкакта жатат. Чындыгында эле топ жылдыздардын көбү айбандардын аты менен аталган.
Март айында Күн Балык топ жылдызында болот. Бул топ жылдызда жазгы күн-түн теңелүү чекити жайгашкан, ал аркылуу Күн түштүк жарым шардан түнкө өтөт.
Апрелде Күн Кой топ жылдызына келет. Эки миң жылча мурун жазгы күн-түн теңелүү чекити ушул топ жылдызда болгон, прецессиянын себеби менен ал Балыкка которулган.
Май айында Күн Букачар топ жылдызына токтолот. Бул топ жылдыздын жүзгө жакынын куралсыз көз менен көрүүгө болот, алардын эң жарыгы – Альдебаран – кызыл алп жылды Зодиак Үркөр чачыранды жылдыз чогулмасы да даана көрүнөт.
1054-ж. Букачар топ жылдызында өтө жаңы жылдыз жарк эткен, азыр анын ордунда Краб сымал тумандуулук бар. Июнда Күн Эгиздер топ жылдызына келет. Анын эң эле жарык жылдыздары – Поллукс менен Кастор. Бул топ жылдызга жайкы күн токтолуу чекити туура келет.
Июлда Күн Суу чаян топ жылдызында болот. Мында жарык жылдыздар жок.
Болжол менен 20-августта Күн Арстан топ жылдызына өтөт. Мында бир нече ондогон жарык жылдыздар бар, алардын эң жаркырактары – Регул жана Денебола.
Сентябрь Күн – Бийкеч топ жылдызына келет, анын эң жарык жылдызы – Спика. Бийкеч топ жылдызында күзгү күн-түн теңелүү чекити жайгашкан жана алгачкы квазарлардын бири ачылган.
Октябрь Күн Тараза топ жылдызына келет, мында үч гана жылдызды куралсыз көрүүгө болот.
Ноябрь Күн Чаян топ жылдызынан өтөт. Бул топ жылдыздын эң жарык жылдызы – кызгылт Антарес. Дагы бир кызык жылдыз – Чаян, анын жарыктануусу Күндүкүнөн 400 000 эсе чоң.
Декабрь Күн Жаачы топ жылдызында болот. Ушул топ жылдыздын багытында биздин Галактиканын борбору жайгашкан. Кышкы күн токтолуу чекити да ушунда.
Январь Күн Текечер топ жылдызында болот, мында жарык жылдыздар жок.
Февраль Күн Суу Куйгуч топ жылдызына келет.

Зодиак жарыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зодиак жарыгы – эклиптиканы бойлото созулган жана жылдыздуу асмандын батышында (кеч киргендеги) же чыгышында (таң алдындагы) байкалуучу начар жаркыроо.
Жаркыроо Күндүн айланасындагы чаң бөлүкчөлөрүндө Күн нурунун чачырашы менен түшүндүрүлөт. Зодиак жарыгы горизонтту карай кеңейип, конус түрүн алат. Горизонттон алыстаган сайын ал конус түрүндөгү жарык начарлап, бара-бара зодиак алкагына өтөт. Начар жаркыраган алкактын кеңдиги 10°ка жакын болуп, түнкү асмандын көрүнүшүнөн араң ажыратылат.
Зодиак жарыгын изилдөөдө планеталар аралык мейкиндикте чаңдуу заттардын бөлүнүшү жана алардын чогул-малары жөнүндөгү маалыматтар алынат. Зодиак жарыгы фотометр, спектрдик өлчөөлөрүнүн жардамы менен изилденет. Зодиак жарыгы үйрөнүү үчүн Жердин жасалма жандоочусу менен байкоонун мааниси зор, анткени бул учурда Жер атмосферасы изилдөөнүн натыйжасына таасирин тийгизбейт.

Зодиак сүрөттөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Символу Латынча Кыргызча Грекче Дата Сүрөттөрү
1 ♈︎ ♈️ Aries Кой Κριός/Kriós 21.03-20.04
2 ♉︎ ♉️ Taurus Букачар Ταῦρος/Tauros 21.04-21.05
3 ♊︎ ♊️ Gemini Эгиздер Δίδυμοι/Didymoe 22.05-21.06
4 ♋︎ ♋️ Cancer Суу чаян Καρκῖνος/Karkinos 22.06-22.07
5 ♌︎ ♌️ Leo Арстан Λέων/Léōn 23.07-23.08
6 ♍︎ ♍️ Virgo Бийкеч Παρθένος/Parthénos 24.08-23.09
7 ♎︎ ♎️ Libra Тараза Ζυγός/Zygós 24.09-23.10
8 ♏︎ ♏️ Scorpio Чаян Σκoρπιός/Skorpiós 24.10-22.11
9 ♐︎ ♐️ Sagittarius Жаачы Τοξότης/Toxótēs 23.11-21.12
10 ♑︎ ♑️ Capricorn Текечер Αἰγόκερως/Aegókerōs 22.12-20.01
11 ♒︎ ♒️ Aquarius Суу куйгуч Ὑδροχόος/Hydrokhóos 21.01-18.02
12 ♓︎ ♓️ Pisces Балык Ἰχθύες/Ιgthues 19.02-20.03

Эскертүүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов
  • Знаки зодиака