Зоотехния

Википедия дан

Зоотехния - (зоо... жана гр. techne өнөр, чеберчилик) мал тукумдатуу, тоюттандыруу, багуу жана пайдалануу жөнүндөгү илим. Мал чарбасын өнүктүрүүнүн теориялык жана практикалык ыкмаларын иштеп чыгат.

«Зоотехния» терминин 1848-ж. франциялык илимпоз Ж. Бодеман сунуш кылган. Азыркы зоотехния илими мал чарба азык-түлүгүн алуунун үнөмдүү технологиясын иштеп чыгуу менен бирге, табият илимдерин кеңири пайдаланып, малдын биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү (жалпы бпология, зоология, анатомия, гистология, фпзпология, биохимия, эмбриология, генетика ж. б.) жана зоотехнияга тыгыз байланыштуу болгон ветерпнария, агрономия, айыл чарбасын уюштуруу ж. б. илимдерге таянат. Башка илимдердей эле зоотехния илими өзүнүн изилдөөлөрүндө тарыхый, салыштырма, тажрыйбалык, статистикалык ж. б. ыкмаларды пайдаланат. Жалпы жана айрым (мал түрү боюнча) зоотехнияга бөлүнөт. Жалпы Зоотехния малдын бардык түрлөрүн жана породаларын көбөйтүү, тоюттандыруу, багуу жана пайдалануунун негизин, айрым зоотехния мал чарба тармагын жүргүзүүнүн технологиясын иштеп чыгат. Жалпы зоотехния мал өстүрүү, тоюттандыруу, багуу деген бөлүмдөрдөн турат. 3оотехниянын мал өстүрүү бөлүмүнүн негизги милдети малдын сапатын жакшыртуу жана санын көбөйтүү, ошондой эле малга таасир кылуунун жаңы жолдорун издөө болуп эсептелет. Малдын продуктуулугун (эт, сүт, жумуртка, жүн ж. б.) арттырууга жана жаңы породаларды чыгарууга асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн (тандоо, ылгоо, аргындаштыруу ж. б.) негизинде жетишилет, анын теория менен практикасын мал өстүрүү жөнүндөгү илим иштеп чыгат. 3оотехниянын мал тоюттандыруу бөлүмү малдын сиңимдүү заттарга (белок, май, углевод, витамин ж. б.) муктаждыгын жана тоюттун химиялык курамы менен аш болумдуулугун изилдөөнүн негизинде нормалап тоюттандыруу ыкмаларын, мал багуу бөлүмү малды багуу жолдорун (короо-сарайда, үйүрдө ж. б.) иштеп чыгат; ыкмалардын натыйжалуулугун жана фермадагы оор жумуштарды механикалаштыруу, автоматташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт.

Зоотехния байыртадан эле мал чарбачылыгы пайда болгондон өнүгө баштап, мал тоюттандыруу, багуу жана уруктандыруу жөнүндөгү жолдомолор, ошондой эле порода түшүнүгү пайда болгон. Орто кылымда ат армияда кеңири пайдаланылгандыктан, жылкы жөнүндө атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 14-кылымда араб окумуштуусу Абу Бекрдин жылкынын дене түзүлүшү жөнүндөгү трактаты жаралган. 18-кылымдын аягында жаңы породалар түзүлгөн. 3оотехниянын өнүгүшүнө Ч. Дарвиндин «Түрдүн келип чыгышы» (1859) деген эмгегиндеги эволюциялык окуу зор таасир тийгизген. 3оотехния илиминин негизинде Кыргызстандын мал чарбасы да өнүгүп, мал чарба азык-түлүгүн көбөйтүүдө чоң ийгиликтерге жетишилди. Кыргызстанда зоотехния илиминин өсүп, өнүгүшүнө академиктер А. С. Всяких, М. Н. Лущихин, Н. И. Захаръев, Р. Э. Садыков, И. М. Ботбаев, профессор Е. Г. Мезенцев, В. Ф. Денисов, Б. С. Сарбагышев, А. Н. Назаркулов, Ю. Г. Быковченко, О. Д. Дүйшөкеев, К. Алагушев, А. А. Абдыкеримов, А. С. Ажыбеков, И. Р. Раззаков жана башкалардын салымдары чоң. Республикада малдын жаңы породалары ала-тоо ую, олуя-ата ую, кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою, алай кою, кыргыз жаңы жылкысы чыгарылды. Кыргызстанда зоотехния боюнча илимий иштер КР УИАнын Биологпя жана биотехнология институтунда, Кыргызстан мал чарба ветеринария жана жайыт ИИИде, КАУда ж. б. жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]