Илья Мечников

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Илья Мечников (1913).

Мечников, Илья Ильич (3(15). 5. 1845, Ивановка, азыркы Харьков обл., Купянский району —2(15). 7. 1916, Па­риж) — орус биологу жана патологу, эволюциялык эмбриологияны негиздөөчүлөрдүн бири, иммунитеттин фагоцитоздук теориясын жанa сезгенүү патологиясын изилдөөчү.

Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1902). Харь­ков университетин бүтүргөн (1864), Герма­ния жанa Италияда адистик алган.

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Магистрлик (1867) жанa докторлук (1868) диссертациясын Петербург университетинде жактаган. Одессадагы Новороссийск университетинин проф. (1870—82).

Падыша өкмөтүнө нааразылыгын бплдирип отставкага чыккан, Одессада өз алдынча лабор-я ачып, жугуштуу оорулар менен күрөшүү үчүи биринчи орус бактериология станциясын уюштурган (1886, Н. Ф. Гамалея м-н бирге). 1887-ж. М. Парижге кетип, Л. Пастер уюштурган ин-тта иштеген. 1905-жылдан ошол ин-ттун директорунун орун басары.

Ал К. А. Тимирязев, И. М. Сеченов, И. П. Павлов, Д. И. Менделеев ж. б. менен дайым байланышып турган жанa Россияга бир канча жолу келип кеткен.

1882-ж. фагоци­тоз кубулушун байкайт да, ошонуп негизинде сезгенүүнүн салыштырма патологиясын, андан кийин иммунитеттин фагоцитоздук теориясын, 1866—86-жылдары А. О.Ковалёв менен бирге эволюциялык эмбриологиянып маселелерин иштеп чыккан. Көп клеткалуу жаныбарлардын пайда болуу теориясын сунуш кылган.

1908-ж. Нобель сыйлыгын алган (П. Эрлих менен бирге). Мечниковдун көп эмгектери хо­лера, ич келте, туберкулёз ж. б. жу­гуштуу оорулардын эпидемиологиясына арналган.

Ал организм баш аламан жашоо жана туура эмес тамактануудан өзүнөн өзү ууланып. адам эрте карыйт деп эсептеген. О. эле коомдук жанa филос. проблемаларга көп көңүл бурган. Диний, идеалисттик көз караштарды сындаган.

Илимий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Мечниковдун эмгектери - биология жана медицинанын бир катар тармактарына тийиштүү. Ал 1879-жылы курт-кумурскалардын микозун козгогучтарды ачкан. 1866-1886-жылдар аралыгында (Александр Ковалевский менен бирге) салыштырмалуу жана эволюциялык эмбриологиянын маселелерин иштеп чыгып, бул багытты түптөөчүлөрдөн болгон. Көп клеткалуу жаныбарлардын келип чыгышынын оригиналдуу теориясын сунуштаган (кар: Фагоцителла теориясы). 1882-жылы фагоцитоз кубулушун байкаган (бул жөнүндө 1883-жылы Одессада өткөн орус табият изилдөөчүлөрүнүн жана дарыгерлеринин 7-съездинде билдирген). Мунун үстүндө жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянып, өрчүп кетүүнүн салыштырмалуу патологиясын (1892), кийинирээк иммунитеттин фагоцитардык теориясын иштеп чыккан (1901 - "Инфекция ооруларына туруштук"; 1908 - П. Эрлих менен бирге "Нобель" сыйлыгы). Мечниковдун бактериология боюнча көптөгөн эмгектери холеранын, ич келтесинин, кургак учуктун ж.б. жугуштуу оорулардын эпидемиологиясына арналган. Мечников Э. Ру менен бирге эң алгачкы болуп, тажрыйба жолу менен маймылдарда котон жарасын пайда кылган.

Мечниковдун эмгектеринин арасында картаюу маселеси кең орунду ээлейт. Ал картаюу менен өлүмдү организмдин микроб жана башка уулар менен өзүн-өзү ууландыруусунун жыйынтыгында мөөнөтүнөн мурда келген нерсе деп эсептеген. Бул жагынан Мечников ичеги-карындарга көп маани берген. Мечников бул түшүнүктөрүнүн негизинде организмдин өзүн-өзү ууландыруусуна каршы күрөш үчүн бир катар профилактика жана гигиена каражаттарын сунуштаган (тамак-ашты стерилдөө, этти аз жеөө ж.б.).

Адамдын организминин картаюусуна жана өзүн-өзү ууландыруусуна каршы негизги каражат деп, "болгар сүттүү-кычкыл таякчасын" - Lactobacillus delbrueckii subsp. bulgaricusту билген. Ал дүйнөдө биринчи болуп, болгар студент Стамен Григоровдун ачылышына баа берген. Мечников тээ 1905-жылы Пастер Институтунун директору болуп турганда Париждеги жаш болгарды ошол учурдун микробиологиясынын чыгаандарынын алдында өзүнүн ачылышы жөнүндө лекция окуп берүүсү үчүн чакырган.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]