Имитация оюну

Википедия дан
Имитация оюну

Имитация оюнунун ырасмий постери
Режиссеру Мортен Тилдум
Продюсер Нора Гроссман
Идо Островски
Тедди Шварцман
Сценарийи Грэм Мур
Оператору Оскар Фаура
Негизинде "Энигма" Эндрү Ходжес
Тартылгандар Бенедикт Камбербэтч
Кира Найтли
Меттү Гуд
Рори Киннэр
Чарли Дэнс
Марк Стронг
Музыкасы Александр Деспла
Студия Black Bear Pictures
Bristol Automotive
Жайылтуучу The Weinstein Company
Чыккан жылы 2014
Узактыгы 114 мүн. [1]
Өлкөсү  АКШ
Тили англис
Бюджети $14 млн. [2]
Киреше $233.6 млн. [3]

«Имитация оюну» (англ. The Imitation Game; ору. Игра́ в имита́цию)- 2014-ж. чыккан Алан Түрингдин өмүр баянын чагылдырган Эндрү Ходжестин "Энигма" чыгармасынын негизинде тартылган америкалык тарыхый драма, триллер кинотасмасы. Башкы каарманды - чыныгы жашоодо Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Британ өкмөтүнө Германиянын чалгындоо коддорун чечмелеген британиялык криптоаналитик Алан Түрингди - Бенедикт Камбербэтч ойногон. Ошондой эле, башкы каармандарды Кира Найтли, Меттү Гуд, Рори Киннэр, Чарли Дэнс жана Марк Стронг ойношкон.

Блетчли-Парк. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Британ код сындыруучулары жайгашкан үй. Тасманын бир бөлүгү тартылган.

"Имитация оюну" коммерциялык ийгиликке жетишкен жана сынчылар тарабынан жылуу кабыл алынган. Өндүрүш бюджетти $14 млн. болгонуна карабастан, дүйнө боюнча $233 млн. чогултуп, 2014-жылдын эң көп киреше тапкан көз карандысыз тасмасы болуп калган. 87-Оскар сыйлыгында сегиз номинацияда көрсөтүлүп, анын ичинде, "Мыкты фильм", "Мыкты режиссер", "Мыкты актер" (Б. Камбербэтч), "экинчи пландагы мыкты актриса" (К. Найтли), кийинчерээк "Мыкты ылайыкташтырылган сценарий" номинацияларын утуп алган. Ошондой эле 72-"Алтын глобус сыйлыгы" беш номинацияга, 21-"АКШ киноактерлорунун гилдиясы" 3 номинацияга, анын ичинде, "Оюн кинодогу мыкты аткаруучу курам" номинациясында көрсөтүлгөн. Жана дагы, BAFTA сыйлыгынан "Мыкты фильм" жана "Мыкты британ фильми" менен бирге жалпысынан тогуз номинация, 39-Торонто эл аралык кино фестивалында "Элдин тандоосу" сыйлыгын утуп алган.


Тасма тарыхый айрым окуяларды, Түрингдин мүнөзүнүн жана мамилелерин чагылдыруудагы айрым так эместиктер үчүн сынга алынган. Ага карабастан, ЛГБТлардын жарандык укуктарын коргоочулар жана саясий лобби уюмудар Түрингдин мурасын кеңири аудиторияга алып чыккандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда британиялык окумуштуу Алан Түринг башында турган код чечмелөөчүлөр тобунун немистердин маалыматты код менен коргогон Энигма (Enigma machine) машинесин кодун жандыруудагы ийгилиги тууралуу баяндайт.

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бенедикт КамбербэтчАлан Түриң
  • Кира Найтли — Жоан Кларк
  • Меттү Гуд — Хю Александер
  • Рори Киннэр — детектив Нок
  • Аллен Лич — Жон Кернкросс
  • Меттү Бирд — Питер Хилтон
  • Чарли Дэнс — коммандер Алистер Деннистон
  • Марк Стронг — генерал-майор Стүарт Мензис
  • Жеймс Норткот — Жэк Гуд
  • Стивен Уаддингтон — Сапт Смит
  • Том Гудман-Хилл — сержант Стэл
  • Алекс Лоутер — жаш Алан Түриң
  • Жэк Баннон — Кристофер Морком
  • Түппенс Миддлтон — Хелен Стүарт
  • Дэвид Чаркман — Жоандын атасы, Уилиам Кэмп Лоутер Кларк
  • Викториа Викс — Жоандын атасы, Дороти Кларк
  • Жеймс Г. Нанн— Шэрборндогу бала
  • Чарли Мантон — Шэрборндогу бала
  • Доминик Чарман — Шэрборндогу бала

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. THE IMITATION GAME (12A). British Board of Film Classification (15 September 2014). Текшерилген күнү 6 -ноябрь (жетинин айы) 2014.
  2. The Weinstein Co. Special: How They Turned 'Imitation Game' Director Into an Oscar Contender (8 January 2015).
  3. The Imitation Game (2014).