Интернет - Социалдык байланыш түйүндөрү

Wikipedia дан

Социалдык байланыш түйүнү (Интернет) - көптөгөн колдонуучуларды бириктирген интерактивдүү веб-сайт. Бул веб-сайттын контенти түйүндүн катышуучулары тарабынан толукталат.

Социалдык байланыш түйүнү окшош кызыкчылыктары бар же бир ишмердик менен алектенген адамдардан турган интернеттеги коомчулукту түзүүгө багытталган. Сайт өзү жалпы бир кызыкчылыктардын негизинде бириккен колдонуучулардын тобуна бири-бири менен баарлашууга мүмкүндүк берген социалдык коомчулукка окшош.

Ошондой эле, адамдарды кызыкчылыктары боюнча гана эмес, музыка, спорт, адабият жана башка ушул сыяктуу аларды кызыктырган нерселер аркылуу да издөөгө мүмкүндүк берген социалдык байланыш түйүндөрү да болот. Аларга өзгөчө акыркы убакта өнүгүп бара жаткан тармактык тематикалык форумдар да кирет.

“Социалдык байланыш түйүнү” термини 1954-жылы Манчестер мектебинин социологу Джеймс Барнс тарабынан киргизилген. 20 кылымдын экинчи жарымында бул термин Батышта адамдык катнаштарды жана социалдык байланыштарды изилдөөлөрдө кеңири колдонула баштаган.


Социалдык байланыш түйүндөрүндөрүнүн түзүлүшү

Адатта, социалдык байланыш түйүндөрү “достор” жана “топтордон” куралат. Бирок, бул түйүндөргө катталуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат.

  • Колдонуучулар катоодон өтүүсү зарыл. Катталуу учурунда колдонуучу өзүн аныктоо үчүн негизги маалыматтарды жана электрондук почтасынын дарегин көрсөтүүсү керек. Андан соң, электрондук почтага социалдык байланыш түйүнүндөгү колдонуучунун өздүк барачасын активдештирүүгө керек болгон код жазылган кат жиберилет. Мындай ыкма аркылуу колдонуучулардын социалдык байланыш түйүнүнө бир нече жолу катталуусуна жол бербөөгө жана колдонуучунун маалыматын тактыгын текшерүүгө болот.
  • Түйүндөгү байланыш сеанстарга бөлүнөт. Байланышка кирүү үчүн колдонуучу өзүнүн аты-жөнүн көрсөтүп, жашырылган сөздү же паролду киргизиши керек. Колдонуучуларды аныктоо дайыма жүргүзүлөт.
  • Колдонуучулар жөн гана өзүлөрүнүн жеке маалыматтарын гана эмес, ошондой эле, өзүнүн сүрөттөрүн жайгаштырып, кызыкчылыктары, хоббиси, жакшы/жаман көргөн нерселери жөнүндө да жаза алат.

Өнүгүү жолу

Web 2.0Web 2.0 технологиясынын өнүгүүсү менен социалдык байланыш түйүндөрү портал жана веб-кызматтары сыяктуу негизге ээ болушту. Мына ушундай сайтта сизге бейтааныш чоочун адамды таап алып, ортоңордо силерди байланыштырган колдонуучулардын тизмегин көрүүгө болот.

Социалдык байланыш түйүндөрү Интернеттеги бул жеңиштүү жүрүштү 1995- жылы америкалык портал Classmates.com ((«Одноклассники» анын орусча аналогу)дон башташкан. Долбоор ийгиликтүү болгондуктан, анын илебинде кийинки бир нече жылдын ичинде ондогон окшош сайттар жаралган. Бирок, социалдык байланыш түйүндөрүнүн зор көрсөткүчтөр менен өнүгүүсүнүн расмий түрдө башталышы LinkedIn, MySpace жана Facebook социалдык байланыш түйүндөрү ишке киргизилген 2003-2004-жылдарга таандык деп эсептелет.

LinkedIn кызматташуу жана иштешүү жаатындагы байланыштарды түзүү максатында жасалса, MySpace жана Facebookтун ээлери адамдын биринчи керектөөсү өзүн-өзү жана ички жан дүйнөсүн чагылдыруу же канагаттандырууга басым жасашкан. Себеби, Маслоунун пирамидасы боюнча адамдын эң биринчи керектөөсү жалпы сый-урмат же кадыр барк эмес, ички жан дүйнөнүн чагылдырылышы жана калыптанышы эсептелинет. Социалдык байланыш түйүндөрү ар ким өзүнүн виртуалдык “Өзүн” куруп алууга техникалык жана социалдык жактан база таба алган “Интернеттеги баш калкалоочу жайга” айланды. Ошону менен эле, ар бир колдонуучу жөн гана баарлашууга же бир нерсе жаратууга гана мүмкүнчүлүк таппастан, өзүнүн чыгарачылыгынын жемиштери менен социалдык байланыш түйүндөрүнүн көптөгөн миллион колдонуучулары менен бөлүшүүгө мүмкүндүк алды.

Эң зор байланыш түйүндөрү

Ар кандай аймактарда социалдык байаныш түйүдөрүнүн таркалышы ар башкача. MySpace, Facebook, Twitter жана LinkedIn сыяктуу түйүндөрү Түндүк Америкада абдан таркаган. Nexopia Канадада, Bebo Улуу Британияда, Hi5, dol2day Германияда, Tagged.com, XING жана Skyrock Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө, Public Broadcasting Service, Orkut, Facebook жана Hi5 Түштүк жана Борбордук Америкада, Friendster, Multiply, Orkut, Xiaoneiжана Cyworld Азияда кеңири таркаган.

Өзүлөрүнүн колдонуучулары боюнча алар төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө ээ: Facebook (500 000 000), MySpace (255 000 000), Twitter (200 000 000) Windows Live Spaces (120 000 000), Habbo Hotel (121 000 000), В Контакте (130 000 00), Friendster (Филиппины, Малайзия, Индонезия, Сингапур, 90 000 000), Hi5 (80 000 000), Tagged.com (70 000 00).

Орус тилиндегилер:

  • В Контакте - Россияда жанаУкраинада кеңири жайылган социалдык байланыш түйүнү. Ал курсташтарды жана классташтарды издөөгө, алар менен байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул түйүн 2006 –жылы Павел Дуров тарабынан түзүлгөн. Катталуу үчүн электрондук почтанын дарегинен тышкары, мобилдик телефондун номерин да талап кылат.
  • Мой Круг — жумуш жана жумушчуларды издөө үчүн сайт. 2005-жылы Москванын Гуманитардык Университетинин жана Россиялык экономика мектебинин бүтүрүүчүлөрү тарабына Рунетте жасалган биринчи социалдык түйүн. Ал классташтарды, группалаштарды, кесиптештерди жана жуушчуларды бириктирүүгө багытталгшан. Түйүн 2007-жылы Яндекс компаниясы тарабынан сатылып алынган.
  • Мой Мир - www.mail.ru. социалдык байланыш түйүнү.
  • Одноклассники.ru - 2006-жылы түзүлгөн. Эски досторду таап, байланыштарды жана катнаштарды жандандырууга арналган. Жакындан бери катталуу бекер болуп калды.

Англис тилиндегилер:

  • Facebook (орус тилинде интерфейси бар) — эң белгилүү жана кеңири таркаган социалдык байланыш түйүнү.
  • LinkedIn — 2003- жылы түзүлүп, өндүрүштүн 150 тармактык кесипкөйлөрүн бириктирет. Колдонуучулар өзүлөрүнүн портфолиосун жасап, кесиптештери менен байланыша алышат.
  • MySpace (орус тилинде интерфейси бар) — 2003 – жылы жаралган. «Сиздин досторуңуздун достору менен байланышууга арналган онлайн коомчулук” деп аташат анын жаратуучулары. Катышуучулары өзүлөрүнүн топторун түзүп, блог жазып, музыка жана видео материалдарын киризе алышат.
  • Friendster — онлайндагы эски социалдык байланыш түйүндөрүнүн бири. Ал “сизге кызыктуу адамдарды табууга” мүмкүндүк берет.
  • Classmates — 1995- жылы АКШнын Рентон шаарында түзүлгөн. «Сиз качан 35 жашка толгонуңузда, күзгүгө каранып, “Мен кантип бул жерде болуп калдым? Ал жакта Гарри кандай жүрөт? Мен аны менен 25 жыл сүйлөшкөн жокмун”, -дейсиз”, дейт Майкл Шутцлер. Бул түйүн классташтарды, группалаштарды, армияда чогуу кызмат өтөгөндөрдү жана эски досторду бириктирет. Classmates.com Интернеттеги биринчи социалдык байланыш түйүнү деп эсептелет.

Окшош түрлөрү

Жогоруда айтылган социалдык байланыш түйүндөрүнөн тышкары Веб 2.0 форматында төмөнкү ресурстар бар:

  • Социалдык бүктүрмөлөр (social bookmarking). Айрым веб-сайттар колдонуучуларына башка белгилүү сайттардын же бүктүрмөлөрдүн тизмесин колдонууга мүмкүндүк берет. Мындай сайттар бир нерсе менен кызыккан кодонуучуларды табуу үчүн колдонулат. Мисалы: Delicious
  • Социалдык жыйнактар (social cataloging)социалдык бүктүрмөлөргө окшош, бирок ал билим чөйрөсүнө ыкталган. Алар колдонуучуларга илимий макалалардагы цитаталардын базасын колдонууга уруксат берет. Мисалы: Academic Search Premier, LexisNexis Academic University, CiteULike, Connotea.
  • Социалдык китепканалар колдонуучуларга китептерге, аудиожазууларга жана башка ресурстарга шилтеме калтырууга мүмкүндүк берген кошумча кызматтарды түшүндүрөт. Сунуштар жана баалоо системалары да каралган. Мисалы: discogs.com, IMDb.com.

Социалдык байланыш түйүндөрүнүн веб адистери авторлордун постторуна шилтеме кылган, баарлашууга жана кызыктуу жарыяларга добуш берүүгө мүмкүндүк берген пайдалуу материалдарды жарыялоого колдонулат. Адатта, рейтинги жана сунуштары да бар.

  • Көп колдонуучуларга арналган түйүндүк оюндар (Massively Multiplayer Online Games) виртуалдык дүйнөдө упай, деңгээл, жеңүүчүлөр жана жеңилгендери менен оюндун ар кандай түрлөрүн жаратат. Мисалы: World of Warcraft.
  • Геосоциалдык байланыш түйндөрү адамдарга аймактык чекте социалдык байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет. Колдонуучулардын учурда турган жерин аныктай алган GPS сыяктуу инструменттер колдонулат. Анда колдонуучулар барган жерлердин профайлын түзүүгө да болот.
  • Кесиптик социалдык байланыш түйүндөрү кесиптик темаларда маек куруу, тажрыйбалар жана маалыматтар менен бөлүшүү, жумуш издөө же жумуш сунуш кылуу жана иш байланыштарын түзүү үчүн жасалат. Мисалы: LinkedIn, Профессионалы.ру.
  • Гендердик жана жаштык категориялар боюнча түзүлгөн социалдык байланыш түйүндөрү атайын бир топтордун баарлашуусу жана колдонуусу үчүн кызмат кылат. Балдарга, жаш өспүрүмдөргө же кыздарга гана арналган түйүндөр да кездешет.

Сервистик социалдык байланыш түйүндөрү колдонуучуларга жалпы кызыкчылыктардын жана башка түркүн себептердин негизинде он-лайн аркылуу биригүүгө шарт түзөт. Кээ бир сайттар кызматташуу үчүн адамдарды издөө үчүн жеке маалыматтарды көпчүлүктүн колдонуусуна жарыялай алган кызматтарды да сунуш кылышат. Примеры: LinkedIn, В Контакте.

Коммерциялык социалдык байланыш түйүндөрү жеке ишкердикке колдоо көрсөтүүгө жана адамдардын кандайдыр бир бренддерге болгон ишенимин жаратууга багытталган. Дагы бир өзгөчөлүк, социалдык байланыш түйүндөрүндө ишкерлер адамдардын анын сунуш кылган азык-түлүктөрүнө же кызматына карата ой-пикирлерин алууга, кантип жакшыртуу болоорун же колдонуучулардын керектөөлөрүн аныктоого чоң жардам берет.

Коркунучтар

Адатта, көбүнчө адамдар социалдык байланыш түйүндөрүндө алар жайгаштырган маалыматтар кимдир бирөө тарабынан табылып, бардык эле учурда ак ниеттик менен жакшы максаттарда колдонуларына кепилдик жок экенин аңдашпайт.

Социалдык байланыш түйүндөрүнүн катышуучуларынын маалыматтарын алардын жетекчилери, ата-энеси, балдары, мурунку жана азыркы аялы, карыз чогултуучулар, кылмышкерлер, укук коргоочу уюмдар жана башкалар таап алышы мүмкүн.

Мисалы, бир кылмышкер аял социалдык байланыш түйүндөрүнөн өзүнө окшош аялдарды таап, аларды өлтүрүп, андан кийин үйлөрүн сатып жиберген. Карыз чогултуучулар айрым учурларда салык төлөбөгөндөрдү табуу же алардын жеке менчик байлыгы тууралуу маалыматтарды алуу үчүн бул булактарга кайрылышат.

Социалдык байланыш түйүндөрүндө баарлашууга “көз каранды” болуп калгандыктан, психикалык жактан жапа таркандар тууралуу окуялар да кездешет. Павлович Снежана аттуу Белграддагы бир колдонуучу анын Facebook тагы кыскача макаласы досторун кызыктырбай койгодуктан, психикалык даарыканага түшүп калган. Даарыгерлер Снежананын абалын азыркы замандагы индивидуумдун социалдык муктаждыктарынын канагаттанбагандыгынан жабыр тартуусу катары сүрөттөп, аталган көрүнүштү “Снежананын синдрому” деп аташкан.

Жумуштагы айрым жетекчилер социалдык байланыш түйүндөрүн колдонууга сарамжалдоык үчүн гана эмес, ашыкча мааалыматтын таркап кетпеши үчүн тыю салат.