Инхеньерос, Хосе

Википедия дан
Хосе Инхеньерос (1915).

Инхеньерос, Хосе (исп. José Ingenieros 1877–1925) – аргентиналык философ-материалист, психолог, психиатр жана коомдук ишмер. 1895-жылдан тартып Инхеньерос социалисттик кыймылдын, «La Vanguardia” “La Montana” социалисттик газеталарынын редакцияларынын активдүү катышуучусуна айланат.

Кызматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1904-жылы Инхеньерос Буэнос-Айрестеги университеттин эксперименталдык психология кафедрасын жетектеген, 1907-жылы криминалистика институтунун директору, 1909-жылы Медициналык коомдун президенти болуп шайланат. 1911-жылы бийликтегилердин илимий турмушка кийлигишүүлөрүнө протест катары Инхеньерос Европага кетет.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын «Акылдан айнуунун симуляциясы» (1900) деп аталган доктордук диссертациясы материалисттик позицияда жазылса да, анда позитивизмдин бир кыйла таасири байкалат. 1913-жылы Мадридде жарыкка чыккан «Орто адам», «Аргентиналык социология», «Биологиялык психологиянын негиздери» жана 1918-жылы жазылган «Келечек философиясы тууралуу божомолдор» деп аталган эмгектеринде Инхеньерос өзүнүн философиялык материализминин өзөктүү идеяларын чагылдырган.

Инхеньеростун окуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инхеньеростун окуусунда дүйнөнүн көп түрдүүлүгү дайым өнүгүп жана өзгөрүп турган бирдиктүү материалдуу субстанциянын ар кандай абалдарынын натыйжасы болуп саналат. Дүйнө жана анын мыйзамдары адам тарабынан тажрыйба аркылуу таанылат, ал эми тажрыйбанын натыйжасы болуп чындыктын ар кандай өңүттөрүн изилдеген илим менен философия эсептелишет. Инхеньеростун пикири боюнча философия конкреттүү илимдердин маалыматтарын гипотеза түрүндө жалпылайт, бул гипотезалардын чындыгы тажрыйба тарабынан далилденгенден кийин алар конкреттүү илимдердин предметине жана баа жеткис энчисине айланат. Инхеньероско ылайык философия төмөнкүдөй 3 жобого таянуусу абзел: «Бирдиктүү чындык (монизм) табигый себептердин натыйжасында (детерминизм) тынымсыз өнүгүп турат (эволюционизм)».

Инхеньерос агностицизм менен субъективдүү идеализмге каршы чыгуу менен символдор теориясын ойломдун объективдүү мазмунун четке кагууга жардам берген «троян аты» деп атаган («Principios de Psicologia», В. А., 1946, р. 33). Социалдык көз караштарында Инхеньеростун тарыхтын биологиялык концепциясын Маркстын экономикалык теориясы мене айкалыштыргысы келген.

Инхеньерос аргентиналык жана испан философиясынын тарыхы боюнча эмгектердин («Аргентиналык идеялардын эволюциясы», 1918–1920; «Испаниядагы философиялык маданият», 1910) автору. Бул эмгектерде прогрессивдүү материалисттик ойлордун прогресси дайыма коомдун алдыңкы күчтөрү менен байланыштуулугу баса көрсөтүлгөн. Ошондой эле Инхеньерос буржуазиялык моралды курч сынга алган этикалык мазмундагы эмгектерди да жараткан («Моралдык күчтөр», 1925). Ал Россиядагы Октябрь революциясын чын дилден кубаттаган жана «бул революция адамзат үчүн христианчылытын, Кайра куруу жана Француз революцияларына караганда бир кыйла маанилүү», – деп жазган («Жаңы доор», 1921).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]