Иоганн Вольфганг фон Гөте

Википедия дан
Иоганн Вольфганг фон Гөте
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Johann Wolfgang von Goethe
Туулган жылы: 28.08.1749
Туулган жери: Франкфурт-на-Майне, Германия
Өлкө: Германия
Каза болгон жылы: 22.03.1832
Каза болгон жери: Веймар, Германия
Ишмердүүлүгү: Акын, Драматург, Прозачы, Философ, Илимпоз
Илимий багыты: Даанышмандык доору,Сентиментализм
Жанры: Трагедия, Драма, Поэма, Роман
Кызыкчылыгы:

Иоганн Вольфанг фон Гөте (нем. Johann Wolfgang von Goethe ; Баш оона айныны 28, 1749, Майндагы Франкфурт, Германия — Жалган куран айынын 22 1832, Веймар, Германия) – немис акыны, ойчул, илимпоз.

Германия агартуучусунун ири өкүлү, жаңы немис адабиятын негиздегендердин бири, теориялык өнүгүштү алдын ала көрө билген көп кырдуу илимпоз.

Билимдүү бюргердин үй-бүлөсүнөн. Лейпцигде (1765–68), Страсбургда (1770–71) окуган. 1770-жылдан Гөтенин чыгармачылыгында жаңы мезгил башталып, атактуу лирикалык ырлары менен драмалары жаралат. Гөтенин «Фауст» (1-бөлүгү, 1808; 2-бөлүгү, 1825–31) трагедиясы 18-кылымдагы бүткүл Европадагы агартуучулук ойду жыйынтыктап, адамдын чексиз мүмкүнчүлүгүнө ишеним Фаусттун образында өтө таамай берилген.

Гөте төрөлгөн Франкфурт Майнадагыы үй. 1947—1949 жылдары калыбына келтирилген

Гөтенин көркөм мурасы дүйнөлүк адабиятка зор таасир тийгизген, көп тилдерге которулган. Анын айрым ырлары жана «Фауст» трагедиясы кыргызча чыккан (1970).

Гөте табият таанууда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн салыштырма морфологиясы, физика, минералогия, геология боюнча бир нече эмгек жазган. Кадимки «морфология» деген терминди илимге Гөте киргизген. Гетенин бардык чыгармачылыгы философиялык менен ширелген. Ал иштеп чыккан тааным диалектикасынын борборунда анализ жана синтез тажрыйба көлөмжана субъектин ортончусу катары түшүнүктөр болгон.

Ал философиянын тарыхы жагындагы өтө кеңири кругозорго ээ болгон. Спиноза, Артистотель, Платон, Канттын эмгектерин чыгармачылык менен таанышып чыкан. Гегель менен достук мамилеси Гөтенин диалектикасынын тагдырына чоң таасир берген. Символ, столь эстетикалык түшүнүктөрүн иштеп чыккан.

Веймардагы Гөтенин үйү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]