Мазмунга өтүү

Кабилдер

Википедия дан

Кабилдер (каб. Leqabayel) — ири бербер эли. Алжирдин түндүгүндө жашаган автохтондук калк. Кабилдер Атлас тоолорунда жайгашкан Кабилия тарыхий аймагын мекендешет. Башка өлкөлөрдө кабилдердин диаспоралары бар.
Жалпы саны 6 млн адам.

Кабилдер
Leqabayel

Зидан — кабил элинин атактуу өкүлү.
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 6 млн адам
 Алжир — 5 млн
 Франция — 800 миң
 Бельгия — 50 миң
 Улуу Британия — 50 миң
 АКШ — 40 миң
 Канада — 30 миң

Тили

кабил
араб (алжир диалекти)
француз

Дини

сүннөттөр (маликит мазхабы)

Расалык тиби

европеоид (жер ортолук деңиз варианты)

Кирет

берберлер

Тууган элдер

шенуа, шауйя

ТИЛ

Кабил тилинде сүйлөшөт. Ошондой эле араб (алжир диалектиси) жана француз тилдери кеңири колдонулат.


ИШЕНИМДЕР

Ишенгендердин көбү Исламдын сүннөт багытындагы маликит мазхабын карманышат. Суфий Рахмания таррикатынын мүчөлөрү бар. Европада, АКШ жана Канадада жашаган кабилдердин (аралаш үй-бүлөлөрдө) арасында христиандар (католиктер) да бар.


ТАРЫХ

Кабилдер карфагендиктер, римдиктер, византиялыктар, вандалдар жана осман түрктөрү кийинки башкаруусунда көз карандысыздыкты сактап калган бир нече Түндүк Африка элдеринин бири болгон. Араб басып алуу мезгилинде кабилдер салыштырмалуу көз карандысыздыкты сакташкан. Анткени арабдар түздүктү гана көзөмөлдөгөн, кабилдер болсо тоолуу аймактарда жашашкан. 10-кылымдын башында Кабилиялык берберлер Аглабиддерди кулатып, араб Фатимиддер династиясынын башында халифат түзүшкөн. Кийинчерээк, Түндүк Алжир кезеги менен бербер династияларынын (Зириддер, Хаммадиддер, Альмохаддар, Абдалвадиддер, Хафсиддер) бийлиги астында болгон. 16-18-кылымдарда кабилдердин Куку жана Айт-Аббас эмираттары осмондорго ийгиликтүү каршылык көрсөтүшкөн.
19-кылымдын экинчи жарымында Алжирдин тоолуу аймактарын француз колониялаштыруусу кабил козголоңдорун (1854-1857жж., 1871-1872жж.) козгогон.
Француз колониялык аскерлеринин курамындагы кабилдер Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарга катышкан.
Кабилдер Алжирдин көз карандысыздык согушуна (1954-1962жж.) олуттуу салым кошушкан.
Көз карандысыз Алжирде кабилдер өз саясий жана улуттук укуктары (улуттук иденттүүлүк, улуттук автономия, тил статусун берүү, маданиятты сактоо) үчүн күрөшүп жатышат.


ЭКОНОМИКА

Айыл чарба

  • Багбанчылык (олива, инжир, финик, жүзүм).
  • Малчылык (майда мүйүздүү мал, асыл тукум аргымактар).


Кол өнөрчүлүк

  • Темир устачылык (анын ичинде курал-жарак жасоо).
  • Жыгач устачылык (анын ичинде бербер ээрин жасоо).
  • Зергерчилик.
  • Гобелен токуу.
  • Карапачылык (идиш-аяк өндүрүү) аялдардын кесиби.

Шаарларда жашагандар өнөр жай объектилеринде иштешет.
Көптөр чет өлкөгө кетишет.
Кабил элинен көрүнүктүү спортчулар, актерлор, музыканттар чыккан.


Булактар