Кабинда

Википедия дан

Кабинда (порт. Cabinda) — Анголанын провинциясы жана эксклавы. Бул аймак мурун " Португалия Конгосу " деп аталган. Түндүктөн Конго Демократиялык Республикасы (Заир) жана Конго Республикасы менен чектешет. Анын аянты 7270 км². Кабинда калкынын өсүшү абдан жогору - 1991-жылы ал болжол менен 163 000 калкты түзгөн, 2007-жылы 300 000ден ашкан. Кабинда дээрлик толугу менен Баконго эли жашайт. Эксклавдагы негизги шаарлар: Кабинда (ал ошондой эле эң чоң порт) жана Малебо (болжол менен 10 000 калкы).

Анголанын провинциясы.

Жайгашуусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Аймакиа кофе, какао жана пальма майы өндүрүлөт. Баалуу жыгачтарды алуу да бар. Бирок эң маанилүү тармак мунай өндүрүү. Кабинда мунай өндүрүүдөн түшкөн пайда (1968-жылы башталган) Анголанын бюджетинин 80%ке жакынын түзөт.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кабинданын азыркы чек аралары 1886-жылы эле колониялык державалар Португалия менен Франциянын ортосунда такталган. 1956-жылы Португалия - Франциядан үлгү алып, административдик чыгымдарды азайтуу максатында Кабинда жана Анголанын колонияларын жалпы башкарууга бириктирген. Көз карандысыздык үчүн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Португалия Кабинда көз карандысыз өлкө болууну каалаган, бирок 1975-жылы Ангола Кабиндага кошулууну каалап, аны аскердик күч менен басып алган. Ошондон бери тынымсыз куралдуу кагылышуулар болуп келет. 1974 - жылы Кабинда Африка Биримдиги уюму тарабынан Африкадагы 39 - өлкө катары таанылган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]