Казарман

Казарман, Тогуз-Торо району‎»‎ барагынан багытталды)
Айыл
Казарман
Казарман (2018)
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Район Тогуз-Торо району
Айыл аймагы Каргалык
Координаттар 41°24′ с. ш. 74°03′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 9 486 адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Казарман (Кыргызстан)

КазарманКыргыз Республикасына караштуу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы айыл. Каргалык айыл аймагынын курамына кирет. Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1260 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 145 км. Багыш темир жол бекетинен 106 км. 1916-ж. чейин Ак-Чий, Коён-Токой деп аталган. Калкы 9,1 миң (2009). Кыштакта 20-кылымдын башында орус падышалыгынын 60тай аскери жайгашып, алар өздөрү турган жерди «Казарма» деп аташкан. Кийинчерээк жергиликтүү калк ал жерди Казарман деп атап калган. Төрт орто мектеп, китепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, искусство мектеби, өспүрүмдөр үйү, кинотеатр, маданият үйү, оорукана, парк, базар, сауна бар. Асфальт-бетон, бетон даярдоочу, нан, сүт заводдору, механикалаштырылган көчмө колонна, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.

Кышкысын кар калың убактарда коңшу аймактардан дээрлик кесилип турат.

Саймалуу-Таштын петроглифтерине, б. а. базальтту чоң таш кесектерде чегилген аска сүрөттөр эң көп үйүлгөн жерге, экспедиция үчүн зыярат кылынуучу жер[1][2].

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 9 486 киши.[3] Калып:Kyrgyzstan-stub

Инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]