Каракол улуттук табият паркы

Википедия дан

Каракол улуттук табият паркы - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. 1997-жылы Каракол капчыгайынын уникалдуу табигый комплексин коргоо максатында уюшулган. Жалпы аянты 38256 га. Негизги максаты: Түндүк-Чыгыш Кыргызстанга мүнөздүү болгон өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, табигый сакталышына жана калыбына келишине, ошондой эле ал жерде калктын жана чет элдик туристтердин эс алуусуна шарт түзүү.

Өсүмдүктөр дүйнөсү 700 түрдөн туруп, алардын ичинен 80 дарак-бадал, өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарлары : элик, түлкү, суусар, арыс, тоо эчки, чие жана башкалар, мындан сырткары Кыргызстандын Кызыл китебине кирген илбирс, ителги, көк жору, бүркүт кездешет. Парктын кооз түрдүү ландшафты туристтерди жана эс алуучуларды өзүнө тартат, бирок зарыл туристтик инфраструктуранын жогорку эс алуучулардын, айрыкча чет элдик туристтердин келишине тоскоолдук кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]