Каратэ-бала

Википедия дан
Каратэ-бала
The Karate Kid
Жанры

Боевик, Драма

Режиссёру

Гарольд Цварт

Продюсери

Жеймс Ласситер
Жада Пинкетт Смит
Уилл Смит

Сценарийдин
автору

Кристофер Мерфей
Роберт Марк Кеймен

Башкы ролдордо

Жеки Чан
Жейден Смит
Венвен Хан
Ван Чжэнвэй

Оператору

Рожер Прэтт

Композитору

Жеймс Хорнер

Кинокомпания

Columbia Pictures

Узактыгы

140 мүнөт

Бюджети

40 миллион доллар

Кирешеси

351 миллион доллар

Өлкө

 АКШ
 Кытай

Тили

Англисче
Кытайча

Жылы

2010 жыл

IMDb

ID 1155076

Каратэ-бала (англ. The Karate Kid - кыт. 功夫梦 功夫夢 - башка аталыштары Өспүрүм-Каратэ) - Жан ошондой эле бул тасманы ар өлкө ар кандай которушкан.мисалы, Кытайда бул тасма “Кунг-фучу бала” аттуу аталыш менен белгилүү болсо, Япония менен Түштүк Кореяда “Мыкты жигит” деген аталыш менен билишет. Тасма актёр Жеки Чан менен Жейден Смиттин ата-энеси Уилл Смит жана апасы Жада Пинкет-Смит тарабынан каржыланган. Фильм 2009-жылдын июль айынан Пекинде тартыла баштап, 2011 - жылдын октябрь айында аяктаган.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Детройт шаарында жумушсуз калган жалгыз бой эне Шерри Паркер татыктуу жашоо издеп, 12 жаштагы уулун ээрчитип жер которгонго аргасыз болот. Алар көп калктуу Пекин шаарына көчүп келишет. Жергиликтүү калктын тилин жана салтын билбеген Шерринин баласы Дреге кытайлар менен сиңишип кетүү кыйынга турат. Апасын кечке “бул жерге неге келдик? Кетеличи?” деген тажатма суроолору менен түйшөлтөт. Бир күнү Дре короосунда ойноп жүрүп, жаш скрипкачы Мей Лин менен таанышат. Экөөнүн жылуу баарлашып жатканын көргөн кунг-фу чебери Ченг Мей Линди кызганып, Дрени шылдыңдап, басмырлап, андан соң токмоктоп салат. Дре анын күчтүү муштумунун мизин кайтаралбай ызаланып кала берет. Мей Линдин алдында таяк жеп уят болгон Дре акырындап кунг-фу урушуна кызыга баштайт. Анын негизги максаты – өзүн-өзү коргоону үйрөнүү эле. Алгач ага Дре жашаган үйдүн темир устасы Хан жардамга келип кунг-фу сырларын үйрөтөт. Анын машыктыруусу Дренин курткасын кийип, чечип, жерге таштап, көтөрүп, илгичке илип, кайра алып кийгенинен турар эле. Кечке курткасын кийип-чечкенден тажаган Дре машыгуудан баш тартат. Бирок чебер Хан ага ушул кыймылдардын негизинде куралган ыкмаларды көрсөтөт. Ошентип, кунг-фу боюнча турнир өтөт. Турнирдин жарым финалында Дре бутунан жаракат алат. Бирок оор жаракатына карабай ал финалда Ченг менен кездешип, жеңүүчү аталат. Ченг өзү чыгып байгени Дреге тапшырат. Дре Ченг менен дос болуп, отурукташкан жеринде өз ордун табат.

Ролдордо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ой пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аталган тасма 1984-жылы америкалыктар тарткан “Өспүрүм – каратэ” аттуу балдарга арналган боевиктин ремейки[1]. Ал тасманын 2010-жылкы вариант менен сюжети окшош болгону менен, кийинкисинде бир катар өзгөрүүлөр жана жаңычылдык бар. Айрымдар «фильм 1984-жылкы вариантына жетпегени менен, андагы актёрдук курам тасманын сатыкта ийгиликтүү болушуна түрткү болгон» дешет. Айта кетсек, “Өспүрүм – каратэ” дүйнөлүк сатыктан 351 миллион доллар топтогонго жетишкен. Фильмдеги жаңы жүз Жейден Смиттин (Уилл Смиттин уулу) талантына күбө болгондор болочок актёр көптү үмүттөндүрөрүн айтышкан. Киносынчылар “Өспүрүм – каратэге” динамика, адамды ынандыруу, интрига жетишпейт” деп айтышат. Анан да аталган тасманы “урушуу искусствосунун сүйүүчүлөрү гана көрбөсө, калган өспүрүмдөргө кызыксыз болушу мүмкүн” дегендери да болгон. Айрымдар “кытайлар кунг-фуну жайылтуу үчүн тартышкан” деп да айтышат.

Фильмдин жаралуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кино жаратуучулар “Каратэ-бала” тасмасынын аталышын тандоодо баш катырышкан. “Каратист бала” же “Өспүрүм – каратэ” деп атоону каалашканы менен, тасма каратэ эмес, кунг-фу урушу жөнүндө эле. Ошондуктан ар кайсы өлкөдө ар кандай аталып калган. Мисалы, Кытайда бул тасма “Кунг-фучу бала” аттуу аталыш менен белгилүү болсо, Япония менен Түштүк Кореяда “Мыкты жигит” деген аталыш менен билишет.

Тасма актёр Жеки Чан менен Жейден Смиттин ата-энеси Уилл Смит жана апасы Жада Пинкет-Смит тарабынан каржыланган. Фильм 2009-жылдын июль айынан Пекинде тартыла баштап, 2011 - жылдын октябрь айында аяктаган. Фильмдин режиссёру Цварт тартуу учурундагы жеке сезимдери тууралуу мындайча ой бөлүшөт:

Биз кийинки сценага даярданып жатканыбызда Жейден менен Жеки убакытты кыскартыш үчүн жээкте сууга таш ыргытып отурушканын көрдүм. Эгер мен Жейдендин ордунда болсом, кубанычтан жүрөгүм жарылып кетет болуш керек эле деп ойлойм. Анткени Жеки Чан бул – легенда, укмуш таланттуу актёр. Съёмка учурунда бизге колунан келген нерсесин аябай жардам берип жатты.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жейден Смит бир жылга жакын каскадёр Ву Гандан каратэ өнөрүн үйрөнгөн жана аталган тасмада алгачкы жолу кыз өпкөн.
  • Тасманын аягындагы кунг-фу боюнча чемпионаттагы сцена үчүн массовкага 800 адам алынган.
  • Тарыхый Тянь Ань Мынь дарбазасында акыркы 20 жыл ичинде тартылган алгачкы тасма.
  • Кытайлык тентек өспүрүмдөрдүн ролун ойногон балдардын баарынын кунг-фу өнөрү боюнча билими болгону менен, камера алдында тажрыйбасы болгон эмес.
  • Жейден кунг-фуга жооп кылып, кытайлык теңтуштарына англисче “Йоу!” деген сөздү үйрөткөн.
  • Дренин апасынын ролун ойногон актриса Таражи Пенда Хенсон “Оскар” сыйлыгына талапкерлердин бири.
  • Тасманын «Эч качан эч качан деп айтпа» деген саундтрегин жаш ырчы Жастин Бибер менен Жейден Смит ырдап көркүн ачышкан.

Сиквел[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Columbia Pictures жана Overbrook Entertainment, фильм пракатка чыккандан кийин эле,Каратэ-бала 2 деп,фильмдин уландысын тартуу үчүн дароо өздөрүнө максат коюшкан. Фильмдин сценарийин Сайрус Ворис жана Этаном Райффом жазышы мүмкүн.Азырынча калган маалыматтар белгисиз.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. [http://www.variety.com/VR1117995614.html Jaden Smith set for 'Karate Kid' redo — Entertainment News, Los Angeles, Media — Variety

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]