Кара-Кол

Википедия дан
Кара- Кол, жер- суулардын аталышы‎»‎ барагынан багытталды)
Кара- Кол
Жалпы маалымат
Жайгашкан жери: Кыргызстан
агын суулардын саны: Алты (6)
Жердин саны: Бир шаар (1)
Мааниси: "Суу, дарыя"
Этимология: Калмак тили "хара хол"

Кара-Кол — бул кеңири тараган Кыргызстандын ар кайсы тарабында жайгашкан жер- суулардын окшош аталышы. Алардын арасында шаардын, агын суулардын аттары кезигет. Бирдей аталыштагы мындай суулардын жалпы саны Кыргызстан боюнча-алты.

Кара-Кол, Ак-Суу району[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кара-кол агын суусу (Ак-Суу району).
Негизги макала: Каракол, агын суу

Кара–Кол, Ак-Суу районун аймагы аркылуу аккан суу. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Ысык-Көлгө куйган суу. Узундугу 50 км, алабынын аянты 394 км2. Башталышында мөңгүлүү, ортоңку бөлүгүндө карагайлуу капчыгай, төмөнкү бөлүгүндө кенен түздүк аркылуу агат. Негизги куймасы– Кашка-Суу. Мындан тышкары алабында жалпы узундугу- 93 км келген 27 куймасы, жалпы аянты 0,99 км2 болгон 4 көл бар. Алардын эң чоңу Ала-Көл (аянты 0,84 км2). Көп жылдык орточо чыгымы 6,60 м3/сек; эң көбү 57,6 м3/сек, эң азы 0,38 м3/сек. Апрелдин аягында көбөйө баштап, июль-августта кирет, сентябрдын аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланылып, айыл-кыштактарды суу менен камсыз кылат. Боюнан Каракол шаары, Челпек, Бөрүбаш, Бурмасуу ж. б. кыштактар орун алган.

Кара-Кол, Талас районуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кара-Кол, Талас району

Каракол Талас районунун аймагы аркылуу аккан суу, Талас суусунун оң куймасы.

Узундугу 100 км, алабынын аянты- 1160 км2. Кыргыз жана Талас Ала-Тоолорунун кошулган жеринен башталат. Ири куймалары: Жарташ, Кумбел, Талдыбулак, ошондой эле ондогон майда куймалары, алабында бир нече майда көл бар. Жылдык орточо чыгымы 7,64 м3/сек; эң көбү 33,9 м3/сек, эң азы 0,95 м3/сек. Апрелдин аягында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Сугатка пайдаланылып, бир нече каналга бөлүнөт. Жээгинен Көпүрө-Базар, Арал, Чат- Базар сыяктуу кыштактарда орун алган.

Кара-Көл, Ноокат району[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кара-Кол суусу жаз мезгилинде.

Кара-Көл Ош облусунун Ноокат районундагы агын суу.

Аравансайдын оң куймасы. Кичи Алай кырка тоосунун түндүк- батыш капталынан агып түшөт. Узундугу 41 км (Айыр-Ташты кошкондо, алабынын аянты 387 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2900м. Айырташ суусу Алтын казык тоосунун түштүк, Алай кырка тоосунун түндүк- батыш капталынан башталган майда суулардан түзүлүп, адегенде капчыгай аркылуу агып, кууш өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүндө Косчан деп аталып, Жерарык суусу менен кошулат да, Кара-Көлдү түзөт. Жылдык орточо чыгымы 3,86 м3/сек. Эң көбү июнда, эң азы февралда байкалат. Ири куймалары: Шан- кол(сол), Жаңысай, Жаркоргон(оң) ж.б. Суусу Аравансайга жетпей сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Жээгинде Алике, Жаңыбаш, Карабаш ж.б. кыштактарда жайгашкан.

Кара-Кол, Нарын району[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кара-Кол – Ички Теңир-Тоодогу суу, Чоң Нарындын сол куймасы. Жогорку Нарын тектон өрөөнүнүн батыш жагында. Нарын районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 51 км, алабынын аянты 585 км2. Борколдой жана Чоң Үзөңгүкууш (Кумбел) тоолорунун аралыгында жаткан Жагалмай мөңгүсүнөн башталат. Баш жагында өрөөнү кенен (0,4–0,8 км); Келинтайгак суусуна чейин Жагалмай деп аталат. Ортоңку бөлүгү бийик кашаттуу (7 кашат), төмөнкү агымы капчыгайлуу (0,1–0,2 км). Май– июнь айларында суусу кирип, сентябрда тартылат. Ири куймалары: Ашуучакыркорум, Туюк-Чакыркорум (оң), Келинтайгак, Жайык, Бешкашат (сол).

Кара-Кол, Чыгыш Кара-Кол[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгыш Кара-Кол — Кочкор суусунун башаты. Узундугу 51 км, алабынын аянты 533 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, кууш тепши сымал капчыгай жана өрөөн аркылуу агат. Ири куймалары: Корумду, Үчкуулук, Ийри-Суу. Булардан башка 30 дан ашык майда куймасы жана алабында чакан (аянты 0,01 км2) көл бар. Жылдык орточо чыгымы 4,76 м3/сек; эң көбү 63,6 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Сол жээгинен Дөң-Алыш, Кара-Мойнок кыштактары орун алган.

Кара-Кол, Батыш Кара-Кол[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Батыш Кара-Кол суусу.
Негизги макала: Батыш Каракол (суу)

Батыш Кара-Кол – Ички Теңир-Тоодогу суу, Көкөмерендин агын суулары 192 сол куймасы. Узундугу 89 км, алабынын аянты 1230 км2. Кыргыз Ала-Тоосу менен Карагатты тоосунун кошулган жеринен башталып, анча кууш эмес өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Туюк- Аларча, Сөөк, Ашуу- Аларча, Шили-Суу, Сокулук, Чаарташ ж. б. Майда куймалары көп. Жылдык орточо чыгымы 19,7 м3/сек; эң көбү 56,9 м3/сек, эң азы 7,03 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Боюнан Кожомкул атындагы кыштак орун алган.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек 2004, ISBN 9967-14-00-6-2