Кашкар түздүгү

Википедия дан

Кашкар түздүгү — Тарим түздүгү Батыш Кытайда, Теңир-Тоо, Памир, Кунь-Лунь жана Бэйшань тоолору курчап турат. Узундугу батыштан чыгышка 1200 км, туурасы 500 км, бийиктиги чыгышта 780 м (Лобнор көлүнө жакын), батышта 1500 м. Кашкар түздүгүнүн басымдуу бөлүгүн Такла-Макан кумдуу чөлү ээлейт. Тоо этектерин бойлой шагыл жана кум-топурактуу чөкмөлөрдөн турган айдөөш делювий шилендилери жатат. Оёңдордо шор жерлер кездешет. Климаты мелүүн (жылуу, кескин континенттик, чөлдүү). Жайы ысык (июлдун орточо температурасы 25–26°Сге чейин), кышы кыска, аяздуу –20°С, карсыз. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден аз, көбүнчө жайында жаайт. Ири дарыялары: Тарим, Хотан, Кашкар, Ак-Суу, Жаркент, (Яркент) шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]