Келин (телесериал)

Википедия дан
Келин
англ. Balika Vadhu / хинди बालिका वधू
Жанр

Мелодрама

Формат

720p (SDTV)

Жараткан

Парнендру Шекхар

Түзгөн

Парнендру Шекхар
Гажра Коттаты
Ражеш Дубей
Уша Диксит
Рагхувир Шекхава

Ролдордо

Авика Гор
Пратюша Банержи
Тораль Распутра
Авинаш Мукержи
Шашанк Вьяс
Сиддхартх Шукла

Мамлекет

 Индия

Түпнуска тили

Ражастхани Хиндче Англисче

Сезондордун саны

2

Сериялардын саны

2196 Серия (06.05.16)

Өндүрүш
Аткаруучу продюсер

Закир Шейх
Сечин Чаван
Фузел Хан

Режиссёр

Сидхарт Сенгупта
Прадип Ядав

Сценарий

Парнендру Шекхар
Гажра Коттаты
Ражеш Дубей
Уша Диксит
Рагхувир Шекхава

Хронометраж

20 мүнөт

Студия

Sphere Origins

Трансляция
Телеканал

Колорс (Индия)
КТРК (Кыргызстан)

Экрандарда

21 Июль 2008
2016/азыркы учурда

Статус

Учурда берилүүдө

Шилтемелер

Ырасмий сайты

IMDb

ID 2103372

Келин (англ. Balika Vadhu, хинди बालिका वधू) - Кыргызчага которгондо (Жаш жар,Жаш келин)- деген маанини түшүндүрөт.1992-жылы повесть болуп жазылган чыгармадан сериалдын сценарийи алынган. Чыгарманы жазган жазуучу Парнендру Ражастханда туулуп, өз көзү менен мындай тагдырларды көргөндөн улам сериал реалдуулукка жакын.Кийин продюсер Санжай Вадха менен чогуу экрандаштырат. Сериал 2008-жылдын 21-июлунда «Колорс» телеканалынан старт алган. Башында мынчалык узак болушун эч ким божомолдогон эмес. Кийин элдин кызыгуусунан улам сценарий жазылып, узарып жүрүп отурган. Учурда Индияда 20дан ашык сыйлыкка ээ болгон, эчен жылдап созулган биринчи тасма. 2008-2009-жылдары «Мыкты драмалык сериал», «Мыкты сценарий» сыйлыктарын алса, 2008-жылы Анандинин кичине кезин ойногон актриса Авика Гор «Эӊ мыкты драмалык актриса» сыйлыгын утуп алган.

Жаралуу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрте жашынан никелешүү индустарга мусулманчылык менен чогуу барган делинет. 21-кылым болгонуна карабай Индиянын Ражастхан, Мадия-Прадеш, Бихар деген жерлеринде кыздарды эрте турмушка узатуу дагы деле уланууда. Индияда кыздар 18 жашында турмушка чыгып, балдар 21 жашында үйлөнүүсү керек деген мыйзам бар. Мамлекетке 150 евро айып пул төлөп, 2 жылдык эркиндиктен айрылуу коркунучунда турганына карабай эрте никеге тургандар бар. Анткени айып пулдан да, мыйзамдан да качып кутула турган жагдай бар, алар жашы жеткенде гана каттоого турушат. Индияда кыздарды «бөтөн байлык» деп коюшат. Ата-эне кыз баланы багып отурбай, эрте турмушка берип салып кутулгулары келсе, күйөө тарап кызды акысыз күӊ катары жумшоого кызыгышат. Сериал мына ушул көйгөйдү коомчулукка алып чыгат.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1 сезону[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кичине Ананди 8 жашында турмушка чыгып, келин аталат. Күйөөсү Жагдиш теӊ чамалаш куракта. Андан да жаманы – Анандинин чоӊ кайненеси Каляни бечараны кууратып катаал болот. Ата-энесин сагынып, башына чоӊ түйшүк түшкөн Ананди канчалык кыйноого туш болсо да, тагдырына көнөт. Жылдар өтүп Жагдиш экөө чоӊоюп, ортолорунда ысык махабат пайда болот. Ананди сабырдуу, күйөөсүнө күйүмдүү, акылдуу келин эле. Жагдиш чоӊойгондо окуп жүрүп Гаури аттуу кызды жактырып калып, Ананди менен ажырашат. Күйөөсүнүн көп кылыгына чыдап күткөнү менен, Жагдиш Гаури менен никеге турат. Ал аны менен эле чектелип калбай, бир топ сулууга азгырылат. Ал учурда бой жетип, сулуу келинге айланган Анандини Шив аттуу жигит жактырып калат. Шив мүнөзү, сүйүүсү менен Анандинин жүрөгүнөн Жагдишти сүрүп чыгарат. Жагдиш катачылык кетиргенин билип кайрылганы менен, Ананди ал учурда Шивти жактырып калган эле. Эчен тоскоолдуктар менен коштолгон тагдыр акыры биригип, Ананди менен Шив турмуш курушат. Бактылуу жашап, Ананди кош бойлуу болгон учурда Шив каза болот. Бактыга жараша, эгиз балалуу болуп, аларга Шивам жана Нанди деген ысымдар ыйгарылат. Анандинин тагдыры кайталанып, Нандини бирөөлөр уурдап кетип эрте турмушка берип коюшат.

2 сезону[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуя муну менен эле бүтпөйт. Учурда сериалдын уландысы тартылууда. Андыктан «Келиндин» аягы эмне менен бүтөрү али эч кимге белгисиз.

Сезондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сезондор No. Сериялдардын саны Биринчи берүүлөр (Индия)
Сериянын премьерасы Сериянын финалы
1 2165 21 июль 2008 (2008-07-21) 22 Апрель 2016
2 30+ 25 апрель 2016 (2016-04-25) азыркы учурда

Башкы каармандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1997-жылы Мумбайда туулган. Авиканын «визиттик карточкасы» – Анандинин ролу. Долбоордон кеткенинен бери канча убакыт өтсө да, эл аны Ананди катары тааныйт. Ролу тууралуу Авика мындай дейт:

«Мен башында 80 гана серияга катышмакмын, бирок эл аябай менин аткаруума кызыккан үчүн 515 серияда роль ойнодум. Бул менин карьерамдагы жетишкендик деп билем».

Учурда Авика окуудан сырткары сууда сүзүү менен машыгып, фильмдерде роль жаратып келет.

«Сериалды тартуу иштери окуума терс таасирин тийгизген жок. Анткени дайыма сабактан кийин тартылчумун. Мектепте теӊтуштарым мага «жаш келин» деген ат коюп алышкан. Бул ат мени 9-классты бүткүчөктү ээрчип жүрдү. Бир ролго байланып калгым келбейт, алдыда эл билбеген башка таланттарымды ачкым келет. Анткени актриса ар тараптуу болуш керек»

Пратюша 1991-жылы Бихар шаарында туулган. Актриса, модель жана бийчи. Авика сыяктуу эле аны Анандинин ролу таанымал кылган. Анын тасмадан капысынан кетүүсүнө апасынын катуу ооруга кабылышы себеп болгон. Бардыгын таштап, апасынын жанында болгон актрисаны тартуучу топ да, көрүүчүлөр да туура түшүнүшкөн.(актериса тилекке каршы 2016 жылдын 1 апрелинде каза болгон)

Актриса 1987-жылы туулган. Анандинин ролуна чейин модель жана актриса катары таанылган. Актриса Анандинин эне болгонун, токтоолугун, акылдуулугун жана сабырдуулугун мыкты ачып берген.

Актёр 1997-жылы төрөлгөн. Атасы Дев Мукержи телеканалдарда иштеп, бир топ сериалдарга да тартылган. Жагдиштин ролун аткарууда 12 жеткинчектин ичинен тандалып алынган Авинаш кийин «Жаӊы талант» сыйлыгына ээ болгон.

Кичине Авинаштын ордун баскан Шашанк элдин жүрөгүнөн орун ала алган. Бул анын чоӊ ролу. Актёр жеӊил мүнөз жигиттин ролун ойногону менен, жашоодо өтө оор басырыктуу адам экенин айтат.

Шив – мачонун ролун ойногон актёр 1980-жылы туулган. Ал актёр жана модель катары белгилүү. Сериалда оӊ каармандын ролун жараткан Сиддхартхты жашоодо чыргоо жигит дешет. Ал көп кылыктары менен тартуучу топко ыӊгайсыздык түзгөнү айтылып келет.

Рольдордо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Авика Гор - Кичинекей Ананди Жагдиш Сингх
  • Авинаш Мукхрежи - Кичинекей Жагдиш Бейрон Сингх
  • Пратюша Банержи - Ананди Шиврадж Шекхар
  • Срити Джха - Жагдиш Сингх
  • Арджум Фаруки - Гаури Джагдиш Сингх
  • Ануп Сони - Бейрон Дарамвир Сингх
  • Смита Бансал - Сумитра Бейрон Сингх
  • Неха Марда - Гена Васант Сингх
  • Кушмит Гил - Амол Шиврадж Шекхар
  • Абишек Тевари - Маи Ануп Шекхар
  • Вибха Ананд/Джавни Чеда - Сугна Шам Сингх
  • Викрант Масей/Сачин Шроф - Шам Мадан Сингх
  • Амар Шарма - Мадан Сингх
  • Асмита Шарма - Рада Мадан Сингх
  • Четания Адиб - Казан Сингх
  • Байрави Райчура - Багвати Казан Сингх
  • Рахенда Гупта - Маавир Сингх
  • Фарида Джалал - Всундхара Деви
  • Джехангир Вакил - Пратап
  • Пурендру Шекхар/Мамта Чатуриа - Пули Барат Сингх
  • Дигангана Сариаваши/Нидхи Джха - Гули
  • Фарназ Шетти - Канчан
  • Ниведита Бхатачария - Шивани Раджадхиакша
  • Семал Бхат - Лал Сингх
  • Чандреш Сингх - Ратан Сингх
  • Санджай Батра - Хаит Сингх
  • Неха Госайн - Аша Абишек Сингх
  • Динеш Сони - Нату Лал
  • Мохит Аброл - Анудж
  • Рийна Агарвал - Аршима
  • Паврита Саркар - Балачандар
  • Садия Суддикуй - Сандия
  • Сакши Танвар - Типри

Эл аралык көрсөтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөлөр Телеканал Которулган тили Чет элдик аталышы Котормосу
 Индия Колорс Хинди, Англисче Balika Vadhu / बालिकाव Жаш жар, - Жаш келин
 Кыргызстан КТРК Кыргызча Келин Келин
 Хорватия Doma TV Хорватча Мala nevjesta Жаш келин
 Болгария Nova TV Болграча Малката булка Жаш келин
 Румыния TV National Румынча Mica Mireasa Жаш келин
 Сербия RTV Pink Серби Мала невеста Жаш келин
 Түндүк Македония Sitel TV Македончо Малечката невеста Жаш келин
 Монтенегро Pink M Черногорчо Mala nevjesta Жаш келин
 Индонезия ANTV[1] Индонезче Anandhi Ананди
 Казакстан Казакстан тв Казакча[2] Келін Келин

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]