Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна
Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
6-октябрь 2023-жыл | ||||
Өкмөт башчысы: | Касымалиев Адылбек | |||
Президент: | Садыр Жапаров | |||
Андан мурунку: | Иманалиев Каныбек | |||
Дини: | ислам | |||
Туулган жылы: | 25-июль 1965-жыл | |||
Туулган жери: | Оргочор Ысык-Көл облусу → | |||
Билими: | Кыргыз мамлекеттик университети | |||
Кесиби: | Тарых жана коомдук дисциплиналар мугалими | |||
Сайты: | https://edu.gov.kg/organizations/1/employees/535/ |
Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна - (туул. 25-июль 1965-жыл, Оргочор, Кыргыз ССР) — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери. 2023-жылдын 6-октябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри мамлекеттик кызматында эмгектенет[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Догдуркүл Кендирбаева 1961-жылы Ысык-Көл облусунун Оргочор айылында туулган. Ал И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, билим берүү тармагында ар кандай кызматтарды аркалаган. 2012-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары[2]. Ал эми 2023-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.
Коомдук ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кендирбаева билим берүү тармагында бир катар маанилүү демилгелерди ишке ашырган. Ал Роза Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн эл аралык коомдук фонддун аткаруучу директору болуп иштеп, өлкөдөгү билим берүү системасын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон[3].
2022-жылы Ташкентте өткөн "Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо жана билим берүү" боюнча экинчи дүйнөлүк конференцияга катышып, Кыргызстандагы билим берүү системасынын жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн талкуулаган.
Каракол шаардык кеңешинин депутаты болгон. Билим берүү, социалдык тармак жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы.
Каракол шаардык кеңешинин «Мугалим» шайлоо тобунун жетекчиси.
Үй бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Догдуркүл Кендирбаева үй-бүлөлүү, балдары жана неберелери бар.
Сыйлыктары жана жетишкендиктери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы. 1996.
- Каракол шаардык кеңешинин Ардак грамотасы. 2008.
- Ардак грамота – Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ыраазычылык каты.
- Облустук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары. 1996- 2010.
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. 1996.
- «Кыргызстандын аялдары айылдарды өнүктүрүүдө» эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү (ПРООН- ЮНИФЕМ). 2006.
- Коомчулукка негизделген эрте жаш курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн новатордук идеялар сынагынын жеңүүчүсү. 2003.
- «Жылдын мыкты мугалими-96» облустук, республикалык сына|сынагынын жеңүүчүсү.
- Эл аралык «Дилгир» сыйлыгынын лауреаты. 2002.
- 2023-жылдын январь айында билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташтыгы үчүн "Кызматташтыкка кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланган[4]
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.
- ↑ Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды.
- ↑ Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын кыскача биографиясы.
- ↑ Д.Кендирбаева Билим берүү жана илимилим министрлигинин «Кызматташтыкка кошкон салымы үчүн» медалдары менен сыйланды.